Фетхуллах Гүлен – азыркы доордун улуу ойчулу, гуманисти

Home » Kыргызча (KG) » Маалымат булактары » Фетхуллах Гүлен – азыркы доордун улуу ойчулу, гуманисти

Фетхуллах Гүлен 1939-жылы Түркиянын Эрзурум аймагына караган Пасинлер районунун Коруджук айлында туулган, атасы Рамиз кожо мечитте имам болгон, апасы Рефия ханым үй ичине эле каралашып, сыртта иштеген эмес. Фетхуллах жашынан эң мыкты устаздарга туш келип, исламий билим алып, арабчаны жакшы үйрөнүп, куранды бүт жатка билип, он эки жашында хафиз даражасына жеткен. 1955-жылы он төрттөгү бала Эрзурумда медреседе да окуган, ошол эле кезде өз айлына барып балдарды да окуткан. Эр жеткенде араб, түрк, фарсий тилдерин мыкты өздөштүргөн жигит диндин, адабияттын, философиянын түйүндүү маселелерин чечүүгө аракет кылып, макалаларды жазды, ар кандай талаш-тартыштуу жыйындарда чыгып сүйлөп жүрдү. Түркиянын жана дүйнөнүн мамлекет башчылары менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн кезде азыркы адамдарды адептик жактан таза бойдон кармоонун жана өлкөлөрдү, диндерди ынтымактуу сактоонун проблемаларын көтөрдү. Ал биздин доордун үч “оорусун” жана алардан арылуунун жолдорун белгилейт. Алардын биринчиси – “түркөйлүк”, “билбегендик”, мындан чыгуунун жолу – “билим”. Экинчи оору – “жакырчылык”, андан чыгуунун жолу – “социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды” ачуу. Үчүнчү кесел – “дискриминация”, бул бардык кон- фликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу – “сабырдуулук жана диалог”.

Фетхуллах Гүлен ушул багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 45 китебин, анын ичинен 2 ыр жыйнагын жана 7000дей макаласын жазган, 500дөн ашык конференцияларды жана семинарларды өткөргөн, өз багытын, өзүнүн колдоочуларын тапкан. Анын ойлорун дүйнөлүк коомчулук дыкаттык менен үйрөнүп келет, мисалы, 2008-жылы 15-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Махатма Ганди менен Фетхуллах Гүленге байланыштуу конференция уюштурса, 12-февралда 250 миң нуска менен чыккан “Известия” газетасы анын бейнесин ар тараптан ачып берген П.Иноземцевдин “Фетхуллах Гүлен деген ким” аттуу макаласын жана “Аялдар аскерий адам да, дарыгер да болушу мүмкүн” деген маектешүүсүн баскан.

Фетхуллах Гүлен ден соолугуна байланыштуу (жүрөк антиопатиясы) 1999-жылдын 21-мартынан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.

Көрүнүктүү динтаануучу, философ, жазуучу, акын, коомдук ишмер, кайрымдуу инсан Фетхуллах Гүлен ушул тапта өзү негиздеген Түркиянын жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу төрагасы.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message