Дүйнөнү сабырдуулукка чакырган рухий лидер

Home » Kыргызча (KG) » Маалымат булактары » Дүйнөнү сабырдуулукка чакырган рухий лидер

Өткөн жумада Эл аралык “Руханият” ассоциациясы “ВЕФА борборунун” жыйындар залында “Жусуп Баласагындан Фетхуллах Гүленге чейинки толеранттуулук жана диалог маселелери” деген аталышта конференция өткөрдү.

Жыйындын катышуучулары адегенде Фетхуллах Гүлен тууралуу тасманы көрүштү. Тасмада инсандын азыркы ааламдашуу агымындагы орду, руханий лидерлиги тууралуу мурдагы Рим Папасы Иоанн Павел II, Түркия межилисинин экс-спикери Б.Арынч, жазуучу Ч.Айтматов, чыгыштаануучу аалым-академик Р.Рыбаков, Орусия мусулмандарынын муфтийи Р.Гайнутдин ж.б. дүйнөлүк кадыр-баркы жогору турган кишилер өз пикирлерин, ойлорун ортого салышкан.

Фетхуллах Гүлен АКШдагы 11-сентябрь окуясында дүйнө коомчулугуна өз убагында ислам дининде адамды өлтүрүү – террорчулук жок экендигин жана бул кылмыштарды дин менен байланыштыруу туура эместигин айткан инсан.

“Руханият” ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов өз кириш сөзүндө Фетхуллах Гүлендин идеясынын негизинде ачылган билим берүү мекемелери, мисалы, Түркиядагы “Саманчы жолу”, Кыргызстандагы “Себат” ж.б. дүйнөлүк деңгээлде бүтүрүүчүлөрдү даярдап жаткандыгын айтуу менен Фетхуллах Гүлен 45 илимий-популярдуу китеп жазгандыгын, ыр жыйнактарын чыгаргандыгын, анын жүздөн ашык ыры музыкалаштырылгандыгын, сүйлөгөн сөздөрү аудио, видео менен элге көп нускаларда тарап жаткандыгын айтуу менен ал мамлекет башчылары, дин ишмерлери жана ким менен болбосун сүйлөшкөн учурда диндерди урматтоого, толеранттуулукка, гуманизмге чакырып келгендигин белгиледи.

КРдин Маданият жана маалымат министри Султан Раев толеранттуулук, сабырдуулук маселелерин талкуулап жаткан бүгүнкү күндө бул маселе өтө керектигин, чоң конфликттерди диалог аркылуу чечүү зарылдыгын, муну болсо бизге Жусуп Баласагын жана Фетхуллах Гүлен сыяктуу кишилер ибараттаганын айтып кетти.

“Диалог Авразия (ДА)” платформасынын теңтөрагасы, Түркиянын журналисттер жана жазуучулар фондунун башчысы Харун Токак мырза Фетхуллах Гүлен аркылуу түрк ааламы дүйнөгө чоң жылдыздардын бирин бергендигин, ал кишинин идеясы аркылуу Чыгыш менен Батышта динине, тилине, түсүнө карабай 110дон ашуун мамлекетте лицейлер ачылгандыгын, бул улуу инсандын айтканын түшүнсөк, турмушка ашырсак, келечекте дагы да жакындап, бири-бирибизди терең түшүнөт элек деди.

Орусиянын “Родина” журналынын шеф-редактору Т.Филиппова “ДА” платформасынын түзүлүшүндө эки руханий лидерлер Ч.Айтматов жана Ф.Гүлен башында тургандыгын белгилеп, Фетхуллах Гүлен сопулук салттарга жакын экендигин, өзгөчө Мавлана Жалалиддин Руми менен көп жагынан идеялаштыгын көрсөткөнүн айтып өттү.

Конференцияда Түркиянын Сивас университетинен келген профессор Энбия Йылдырым, Марамара университетинин профессору Абдулазиз Хатип, Жазуучулар жана журналисттер фондунун координатору Фарук Тынжер менен бирге эле кыргыз аалымдары А.Беделбаев, А.Ормушев, А.Какеев улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Фетхуллах Гүлендин ортосундагы жакындыктарды, алардын сабырдуулук, адамгерчилик идеяларын көтөргөндүгүн, бул ойлордун азыркы доордогу мааниси жогору экендигин баса белгилешти.

Эл аралык “Руханият” ассоциациясы Фетхуллах Гүленге 2004-жылы “Элдердин ортосундагы тынчтык жана кызматташтык үчүн” деген сыйлыгын тапшырган. Ал эми бул жыйынды бардык өлкөлөрдөн эң биринчи болуп, биздин өлкөдө дал ушул “Руханият” өткөрүп жаткандыгын да айта кетүүбүз абзел. Ассоциациянын президенти А.Токтосартовдун айтуусунда конференциянын материалдары үч тилде китеп болуп чыгат. Ошондой эле Фетхуллах Гүлендин чыгармаларынын бир томдугу кыргыз тилине которулуп, жарык көрүү алдында турат.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message