Жаратканга абалды сунуу

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Жан дүйнө жаңырыктары » Жаратканга абалды сунуу

Өз абалдарыбызды билдирүү үчүн Сенин алдыңда турабыз. Көздөрүбүз жалдырап, Сенин бизге көңүл буруп коюшуңду каалап, Сени даңазалап, Сага мактоолор айтуу менен, жүрөктөрүбүздүн ыйы менен, үнсүз Сенин бизге тагдыр кылган өкүмүңдү күтөбүз. Сенден алыс болгон ал бактысыз күндөрдө ойлорубуз арзыбаган нерселерге жетеленди, жүрөктөрүбүздү шайтандын октору тепчип өттү, алсызбыз. Оболу Өзүңдү таанытуу жана сүйдүрүү менен жүрөктөрүбүздү тирилт. Бизге жардам кыл жана бизди бир канча жылдык начар абалдан куткар. Баардык жерде буйткага жатып алып, дин душмандары, динге, ыйманга каршы шылтоолорду ойлоп таап, кол салуу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатат. Момун-мусулман болуп көрүнгөн кээ бир наадандар болсо, инсандардын динчилдик сезимдерин колдонуу менен дүйнө чогултуу үчүн чуркап жүрөт. Чар тарапта жек көрүү, өч алуу сезимдери өкүм сүрүп, бийлик-мансапка жетүү үчүн аракет кылган адамдар бар. Элдер эмне кылышаарын биле алышпай, келечек караңгы, жолдор кооптуу, жолду тоскондор ыймансыз, алдангандар эсепсиз. Же бизге бир нур көрсөт же бул жолду коопсуз кыл.

Денелерибиз шамалга ыргалган дарактардай титиреп, жүздөрүбүздө кайгынын изи жана көңүлдөрүбүз чөккөн абалда кабыл алынбай калуу коркунучубузду Сенин кең пейилдигиңе тапшырып, Сага жакындоого аракет кылуудабыз. Сен ушул убакытка чейин ал эшиктен кимдерди гана кабыл албадың! Кабылдап эле эмес, алардын чектен чыгууларын, орунсуз каршы чыгууларын кечирдиң жана бушаймандана титиреген пенделерге кайрадан мүрөк суусун ичирип, аларга түбөлүк жашоонун даамын таттырдың. Ал эшиктен кежир, ар дайым Сага каршы чыккан күнөөкөрлөр куулбады, кайра артка кайтарылбады. Бир жолу “Эй, Рабби!” деп айткан пендеге миңдеген жакшылыктарды сундуң… ысымыңды тил учунан айткандарга дагы ар дайым Сени зикир кылууну насип эттиң. Бүтүндөй булардын баары үмүт отун тутандырды, жүрөктөрүбүздү Сени көздөй багыт алуу кубанчы менен толкутту. Алаканыбыз көккө сунулуп, рухтарыбыз Сенин кечиримиңди күтүүдө, айтпаса да абалыбыз Сага белгилүү.

Өмүрүбүздүн сооп табагы бош, көпчүлүгүбүз ыкыластан алыс экендигибизди Сен билесиң, биз дагы аны түшүнүп турабыз. Көпчүлүгүбүздүн сезимдерибиз уйкуда, оюбуз жаман. Сен булардын баарын билесиң, биз дагы сезип турабыз. Ар бир кыймыл-аракеттерибизде эл көрсүндүк, бийлик-мансап, дүйнө ылаззаттарын кыялдануу бар. Элдердин кыялында экономикалык жетишкендик жана жыргал жашоо, сыйынган нерселери доллар, динар, евро. Рухтар кыймылсыз, жүрөктөр алсыз, көздөр сокур, ниеттер кара, кыймыл-аракеттер дагы абалыбызга жараша.. Күн-түн сыяктуу эки жүздүүбүз, ак көрүнүп, кара иштерди жасайбыз, башкаруу жана саясат деп кээде жаркын көрүнүп, кээде караңгылыктын өлөңүн кыңылдайбыз. Доорлорго, учурларга карап түс өзгөртүп, кубулуп, хамелеондорду таң калтыра турган жөндөмдөрүбүздү көрсөтөбүз жана алдоону жөндөмдүүлүк деп билебиз.

Зулум жана мээримдүүлүк сезимдери ичибизде жанаша, каармандык коркоктук бир жүрөктө чогулган, куулук, айлакердикти ашкан акылдуулук деп эсептейбиз, өз куулук-шумдугунун чуңкуруна түшкөндөр эсепсиз. Колдорубуз-ооздорубуз, көздөрүбүз-кулактарыбыз, тилдерибиз-эриндерибиз жаратылган максатынын багытынан алыстап, жаратылгандыгына шүгүр кылбайт; колдорубуз тыюу салынган мөмөлөргө сунулуп, ооздор арамдарга ачык турат, көздөр башкалардын кемчилигин издеп, жалган тамыр жайып, кыянатчылык адатка айланган, акыйкаттын аты гана калып, адилеттүүлүк ынсапсыз аңчылар койгон тузактарынын алдына коюлган жем сыяктуу, оопа-кайрым Каф тоосунун артына жашынгандай, келишим-убада унутулуп, четте калгандай, зулум, адилетсиздик Фараондорду уялта турганчалык деңгээлде. Каргыш менен эскере тургандарды чаңында калтыра тургандардын саны Аллага маалым…Чындыгында инсан экендигин сезе билгендер дагы аз эмес, бирок айбанга айлангандардын жанында деңизде бир тамчы сыяктуу. Напси эч бир доордо инсандарды мынчалык мактанычка түртпөсө керек деп ойлойм. Миңдеген, жүз миңдеген адамдар кайда чуркап бара жаткандыктарын же кайда чуркатылып жаткандыктарын билишпейт, жолдор белгисиз тарапка карай созулуп жатат, ал эми ал жолдогулар болсо туура багытка түштүк деп ойлошот. Жолдор кооптуу, жолоочулар акылсыз, иштер плансыз, аткарылган жумуштар натыйжасыз.

Баардык жерде кыянатчы ойлор түрдүү кооз уламыштарды чыгарууда, уламыштар сыйкыр сыяктуу баарын уктатууда. Негизсиз нерселерди оңой кабылдаган инсандар жалган түштөрдү көрүшүүдө. Бул түштөрдө динсиздик макталып, динчилдик коркунучтуу жана жагымсыз көрсөтүлүүдө. Өткөн тарых караланып, келечек, өзгөчө акырет ааламы жоктуктун зынданы сыяктуу көрсөтүлүп жатат.

Бүгүнкү күнү көпчүлүгүбүздө кичинекей “бейиш” болгон жан дүйнөбүздө, дене кумары сайран куруп, напсинин каалоолору өкүм сүрүп калган. Көпчүлүк адамдар бактысыз, алар тириле тургандай көрүнсө дагы өлүк болуп саналышат.

Биз өтө эрте убакта алдандык, азыркы учурда дагы алдануу менен жашап жатабыз. Оболтодон бул жашоо бал таттуу көрсөтүлчү. Андан кийин уу кошулуп биздин рухтарыбызге ичирилди. Бүгүнкү күндө ичибиздин ооруганы, кечээги күнү ичкен уунун таасири, эртеңки күнкү кыйналышыбыз, Алла сактабаса, бүгүн ичкен өлтүрүүчү уунун таасиринен болот.

Эч нерсенин өтөөсүнөн чыга албадык, бирок баардык нерсени кыйратып салчудай көрүнөбүз. Байлык жок, бийлик жок, Сулаймандыкындай өкүмдарлыкты түш көрүп жатабыз. Абалыбызды билбестен мактана беребиз.

Бийлик-байлыкты сүйүү, атак-даңкты сүйүү, жыргап жашоо, напсинин каалоолорун баш ийүү сезимдери моюндарыбызга болоттон каргы салып алгандай жаман сезимдерден кутула албайбыз. Бул дүйнө жана акырет үчүн эч кандай туура пландарга ээ эмеспиз. Бийик даражаларга ээ боло турган жерде жоготууга учурап жатабыз, жоготууга учуроо менен дагы начарыраак абалдарга ыраазы болуудабыз. Заманды сынга алуу, шарттарга наалат айтуу актануу болуп саналат. Күнөө бизде, заманга эмнеге тил тийгизип жатабыз.! Ууну ичкен бизбиз, аны ойлоп тапканды эмне тилдейбиз.! Жаңылыш окуу, жаңылыш жоромолдоо жана жаңылыш түшүнүү бизди эрежеге баш ийбеген коомго айлантты. Башаламан, чаржайыт жана башкалардын бизди колдонуп кетишине даяр бир абалыбыз бар. Баары башыбызга чыгып алган. Биз болсо, алга умтулбастан жалкоолук кылып, ордубуздан козголгубуз келбейт. Шайтандарды кубандырып, периштелерди кайгырта турган абалдабыз. Сыртыбыздан караганда, баардык тарабыбызда кыяматтын жарыктары жаркылдайт. Бул кыяматты “токто” деп токтотуп кала тургандар ооздорун тигип алгандай. Жергебизге Харут-Маарут сыйкыры түшүп калгандай түшүнүксүз дендароо абалдабыз. Инсандар бири-бирине жат, ынтымактан алыстаган.

Буга карабастан, бизди өз абалыбызга калтырбашың биздин эң чоң тилегибиз. Башыбызга келген балээлерге өзүбүз себепчи болсок дагы, Сенин кечиримдүүлүгүңдөн үмүтүбүз бар. Бул жаратылыштагы түрдүү тартуулар, кооздуктар Сенин мээримиңен жана байлыгыңын чексиздигинен.

Бизге баардык нерседен Сени окуган көздөр, ар бир кайрыкта Сени уккан кулактарды насип кылуу менен ой-пикир жана баяндарыбызды Сени инсандарга таанытууга ортомчу кыл. Бизге жакындыгыңды жүрөктөрүбүзгө сездир, өмүрүбүздү “Сен, Сен” деп жашап өтөлү.

Биз бир учурда жок элек. Бар болууга муктаж экендигибизди дагы билбейт элек. Сен бизди жаратып, дене, жашоо, сезим, эрк жана жан дүйнө сыяктуу жөндөмдөрдү бердиң, бейиштин коридору болгон ушул дүйнөгө жибердиң. Бергендериңди талап кылган жокпуз, талап кыла албайт элек, талап кыла турган абалда дагы эмес болчубуз.

Биздин абалыбыз Сага белгилүү; кечээ күнөөкөр, бүгүн күнөөкөр; эркибиз бошоп, дарманыбыз жоголду. Баардык нерсеге карабастан биз кирдеткен тагдырыбыз Сенин колуңда; ылайыктуулугубузга эмес, муктаждыгыбызга карап, бизге жакшылыктарыңды бер, эй дартыбызга дарман болгон Улуу Зат!

Кырсык балээлер башыбызга үйүлгөн, биз жүргөн жолдор татаал жана тик, биз күнөө жолунда чаалыгып, ичи-сыртыбыз жараланып, дарманыбыз калбады, жүк оор, акылыбыз айран, рухубуз чаалыккан, үмүт оту өчөйүн деп турат-аны Сен эч качан өчүрбө. Сен ар дайым бизге ачкандай, күтпөгөн жерден эшик ач жана кошумча жакшылыктарыңды берүү менен биздин үмүт отубузду тутант.

Бизден мурда миңдеген пенделердин ушундай тилектерин орундатып, аларга жакшылыктарыңды бердиң.

Эң акыркы үмүтүбүз Сенсиң, арыз-муңубүздү Сага айтып, абалыбызды Сага билдиребиз. Сенин алдыңда туруп, оор үшкүрүнүшүбүзгө, чын дилденби же жокпу бизге белгисиз болгон көз жаштарыбызга карап, бизге мээрим кыл жана бизге ыйман жана Сени таануудагы кубанычты дагы бир жолу сездир.

Дуба кылгандарга жооп берген Сенсиң, кыйынчылыктарды жоюп, муктаждыктарды берген Сенсиң, жыгылганды тургузган Сенсиң, сынгандарды таңып, дарылаган Сенсиң! Сенден алысташыбыз рухубузду алсыздатты; напсинин каалоолоруна жеңилүү жана сезим уйкусу ибадаттарыбыздын маңызын жоготту. Ыкылассыздык дубаларыбызды кабыл болбос абалга жеткирди. Көкүрөгүбүз бош, ой пикирибиз жаңылыш, жүрөк жана руханий ооруларыбыз бизди кулата тургандай болуп калды. Жакындыгың менен биздин көздөрүбүздү ач жана Сенден алыстагандыктын караңгылыгынан куткар.

Баарыбыз Сенин бизге көңүл бурушуңа муктажбыз. Күнөөкөр болсок дагы Сенин жакшылыктарыңдан үмүтүбүз бар. Бар кылган Сенсиң, жок кылган дагы Сенсиң. Алыс кармаган Сенсиң, жакындаткан дагы Сенсиң. Сен бизди ушундай жөндөм менен жаратпаганыңда биз бул сезип жаткандарыбызды сезе албайт элек жана бизге ыйманды насип кылбаганыңда ушул айткандарыбызды айта албайт элек. Берген нерселериң, бере тургандарыңдын кепилдиги. Бизге жакындыгыңды сездирүүңдү жана жан дүйнөбүздө Сага жакын болууга кызыкдар болуу сезимин козгошуңду суранабыз.

Биз сураган нерселердин жалгыз ээси Сенсиң; ар дайым муктаждыгыбыздын жебеси Сени көрсөтүп турса, башка кайсыл жакка жүз бура алат элек..!

Эй Мээримдүү Зат! Биз алсыз, душмандарыбыз кутурган; шайтан жана анын жардамчылары бир тарап болуп алышкан, Сен жардам бербесең аларды жеңип чыгышыбыз мүмкүн эмес. Баардык жакта душмандарыбыз каарын төгүп турат; достор болсо үнсүз, этияттануу менен карап турушат. Ал гана эмес, дос кейпин кийип алган душмандар бар. Окуялар катаал. Кайгылуу учурлардын аягы тыйылбайт.

Бүтүндөй буларды Сага айтып, Сенин мээримиңе корголоону каалайбыз. Негизинде Сен турганда башкалардан жардам суроо ширк жана башкалардан үмүт кылуу Сага карата урматсыздык болуп саналат. Жараларыбызды айыктырып, кыйынчылыктарыбызды жоё турган Сенсиң. Душмандык жана жек көрүү менен согуп турган жүрөктөрдү жумшата турган дагы Сенсиң. Эки жүздүүлөрдү туура жолго сала турган Сенсиң. Инсандыкты билгендерге инсандыкты жашоону насип кыл. Алыста тургандарды дагы алыстатуу менен азапка салба. Ооздору Сени зикир кылган инсандардын дубаларынын арасында биздин тилектерибизге дагы жооп кыл.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message