Дуба, тилек

Дуба; кайрылуу, жалбаруу жана кичүүдөн улууга, төмөндөн жогоруга, жерден, жердегилерден көк үстүнө жүз буруу, сурануу жана ички дартын, муктаждыгын айтуу, жүздөнгөн жагынын улуулугун сезүү менен өтө кичипейилдүүлүк менен тилеген нерсеси бериле тургандыгына ишенип кол жайып суранганда, бүтүндөй чөйрөсү менен бирге көккө көтөрүлгөндөй жана периштелердин арасында жүргөндөй сезет. Момун-мусулман ушундай кулдугу жана үмүт, арзуу кылган нерселерине ээ болуп, корккон нерселерине карата эң ишенимдүү таянычка таянып жана эң бекем чепке коргологон болуп саналат.

Биздин үмүт жана каалоолорубуз жетишкендиктин жана ийгиликтн үнү, коркууларыбыз терс кыймыл-аракеттерибизге каршы эскертүү болуп саналат. Биз Алланын келечегибизге койгон тагдырды билбесек дагы ар дайым үмүт жана коркууларыбызды, эркибизди ошол тагдырдын жышаанасы, тилибиз жана иш-аракетибиз менен кылган дубаларыбызды анын себепчиси деп эсептейбиз. Себеби, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) баяндагандай; аягында ар бир адам жете турган натыйжа, көпчүлүк учурда ошол инсандын кыймыл-аракеттерине жараша болот. Албетте, дуба кылууда Аллага жүз буруунун өз каалоолорубузга байланыштуу өз арзууларыбызды биринчи орунга коюшубуз туура эмес. Туурасы пенделик сезим менен Аллага жүздөнүп, кичипейилдик менен, алсыздык жана муктаждыктарыбыздын тили менен Ага абалыбызды билдирүүбүз керек.

Негизинде, дубаларыбыз менен биз инсандык каалоолорубуз ишке ашырылуусунан дагы көбүрөөк, Жаратуучубузга карата сый-урматыбызды, ишенимибизди жана Анын күчүнүн баардык нерсеге жере тургандыгына ынануу менен кээде үнсүз, кээде себептерди аткаруу менен баардык нерсени Андан күтүп жаткандыгыбызды билдирүү үчүн: “Биздин абалыбыз Сага белгилүү. Дуба пенделериң тарабынан бир тиленүү..” деп абалыбызды айтабыз. Ооба, кээде Курани Каримден, кээде сөздөрү акактай болгон Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сөздөрүнөн алып тилеген нерселерибизди Алладан суранабыз. Алла Таала купуя, жарыя баардык абалдарыбызды билгендиктен, дубада сөзгө караганда жан дүйнө тереңдиги маанилүү болсо керек. Албетте, Алла Таала дагы: “Кулдарым Мен тууралуу Сенден сурашса, билишсин, Мен аларга өтө жакынмын; Мага дуба кылгандын дубасына жооп берем” дегендей, Ал биз каалаган нерселерди бизден дагы жакшыраак билет. Ошондуктан, каалаган нерселерибизди үнсүздүк менен билдирүү озүнчө бир адептин белгиси. Раббибиз: “Силер мага дуба кылгыла, Мен жооп берейин” деп бизди дуба кылууга шыктандырууда жана дуба кылбаштыкты маанисиз алыстык катары эсептөөдө.

Дуба кылган пенде, чын көңүлү менен Аллага жүздөнүп, жалбарса, өзүнө баардык нерседен жакын болгон Жаратуучусуна карата, өзүнүн дене жана тулку бою менен алыс болгонуна карабастан, Анын пендеге ар дайым жакын экендигин кабыл алуу менен өзүнүн алыстыгынын коркунучунан кутулат. Улуу Жаратуучу дагы ага сезүүсү керек болгон нерселерди айттырат жана аткарылуусу керек болгон нерселерди аткарууга шарт түзөт. Бул насипке нафил ибадаттар менен жетүүгө болгон өзгөчө бир жакындык болуп эсептелет. Андай жакындыкка ээ болгон адамдын көрүүсү башкача бир көрөгөчтүк менен, угуусу башкача бир көрүнүштө болуп, башка сезимдери дагы өзүнө таандык сыпаттан жогорку көрүнүштө боло баштайт жана бир демде башкача бир ааламдын инсанына айланат.

Ушул себептен, ыймандын ылаззатын таткан жана ибадатта бекем болгон инсандар дубаны чын дилден кылышат. Алар ибадатты жашоосунун негизги максаты деп билет жана дубага катуу маани берет. Материалдык, руханий себептерге көңүл буруу менен бирге көңүлдөрүн Жаратуучусуна ачып, жалбарууну, Ага жакындоонун негизги себепчиси катары баалайт жана дубаларын үмүт кайрыктары сыяктуу созолонтот. Мындай жакындыкта, көбүнчө үмүт менен бирге коркуу дагы сезилет. Дубада, ар дайым бирге болгон эки абал, инсандын Алланы таануусуна жараша болот. Куран, момунга: “Раббиңерге коркуу менен жана чын дилден дуба кылгыла” деп айтуу менен Андан суранбай коюу туура эмес экендигин, улуулугу менен бирге мээрим эшигинин да ар дайым ачык экендигин баса белгилейт жана дубанын маанилүүлүгүн туюндурат.

Биз алсыз, муктаж болсок, Ал бизди жаратып, азыктандырган, каалоо, муктаждыктарыбызды канааттандырган Мээримдүү Зат болуусу, биздин Ага карата сый-урмат көрсөтүүбүздү талап кылат.Биз алсыз, күчсүз жана муктажбыз, Ал болсо баардык нерсеге өкүм жүргүзүп турган Улуу Өкүмдар. Ошондуктан, биз ар дайым кичүүлүгүбүздү сезүү менен Анын улуулугун кабыл арылп, ар дайымага баш ийип таазим кылып, жашайбыз жана тилек кылган нерселерибизди тилибиз менен, кыймыл-аракеттерибиз менен жалгыз гана Андан сурайбыз. Андан суранбаштыкты текебердик, Ага карата болгон кулчулугубузда жана Аны менен болгон байланыштарыбызда кайдыгер, көңүлкош болууну урматсыздык, сыйлабастык деп билебиз. Ошондуктан, Анын каарынан коркуубуз жана мээриминен үмүт кылуубуз бирдей деңгээлде болушу керек. Анын бизге өтө жакын жана дубаларыбызга жооп бере тургандыгын ойлоп, Анын улуулугун Анын мээримдүүлүгү менен бирге сезип, Андан коркуу менен кыймыл-аракеттерибизди, жүрүм-турумдарыбызды дагы бир жолу текшерип, үнүбүздүн бийиктигин жөнгө салып, ар дайым бизди көзөмөлдөп турган бирөөнүн алдында тургандыгыбызды сезип, кылдаттык менен жашайбыз. Ушул мааниде дуба ар дайым, Улуу Жаратуучуга абалыбызды билдирүүнүн үнү болгондуктан эң таза жана Улуу Жаратуучу алардын баарына белгилүү даанышмандыгына ылайык көрүнүшто жооп берет жана баардык дубаларды угуп, ага жооп бергендигин аларга билдирет.

Албетте, дубаларыбызга жооп берилишин биздин каалаганыбыздай болот деп түшүнүү туура эмес. Биз кээде, дуба кылып жаткан учурдагы каалоолорубузду гана ойлоп, өз тилектерибиздин чегин тарытып, эртеңки күнү дагы биз менен байланышы бар болгон нерселерди көз жаздымда калтырып коюшубуз ыктымал. Ал эми Улуу Жаратуучу болсо, биз үчүн, башкалар үчүн, бүгүнкү күнүбүздү жана келечегибизди бирге карап, биз тарытып алган чекти кеңейтүу менен дүйнө-акырет кенендигинде мээрим жана даанышмандыгына жараша көп жактуу жооп кылат. Ооба Ал, бүгүнк күнүбүздү жарытуу менен эртеңкибизди караңгылатып койбойт. Бизди ырыскыларына карк кылып жатып, башкаларды куру кол калтырбайт. Баарына олуттуу мааниде жооп берет, дубаларыбызды уккандыгын, каалоолорубузга көңүл коюп карагандыгын көрсөтөт жана жүрөктөрүбүзгө бейпилдик жана тынчтык тартуулайт.

Ушундай ой көкүрөгүн бийлеген пенде, алакан жайып, жалбарып дуба кылганда аны көргөн, көңүл буруп, маани берген, баардык нерсеге күчү жеткен Кудуреттүү Зат, ааламдардын Өкүмдары каалаганын каалагандай жараткан жана жараткан нерселеринде ар түрдүү даанышмандыгы болгондугун ойлойт. Анын мээрим, эрки, каалоосунун негизинде баардык нерсени жасай ала тургандыгына ынануу меен кубанат жана эң оор күндөрүндө дагы ар дайым бактылуулукта үмүттүү жашайт. Ушундай ишеним менен күндө бир канча жолу Аллага жүздөнүү, көкүрөгү менен руханий дүйнөнү сезип, туюуга аракет кылат. Бул улуу жана өтө маанилүү сезимге ээ болгон инсан андан айрыла албайт. Биз бул нерсени сезе албасак да, дагы бир жолу Ал Улуу Затка кайрылып, жалбарабыз:

Эй, нуру көздөрүбүзгө жарык болгон Улуу Зат! Сен денебизге жан киргизбегениңде биздин топурактан, ылайдан кандай айырмабыз болмок. Сен көздөрүбүзгө нур бербегениңде ааламды, жаратылышты кандай көрүп, Сени кантип тааный алат элек! Сен бизди оболу топурактан, андан кийин ыйман насип кылуу менен эки жолу жараттың. Сага ааламдын атомдорунун санынчалык мактоо айтсак дагы жетээринчелик шүгүр кылган болбойбуз…

Эй, ар дайым кооздуктарды жайып, жагымсыздыктарды жаап-жашырган жана өтө жагымсыз нерселерди дагы башка сулуулуктар менен кооздогон Сулуулар Сулуусу! Жүрөктөрүбүздү жакшы сезимдерге толтур жана бизге ар дайым сулуу бойдон калуунун жолдорун көрсөт.

Эй, күнөөлөр менен кирдеген пенделерди дароо жазалабаган, чегин билбегендердин жаңылыштыктарын кечиримдүүлүк менен карап, аларды руханий булганычтардан тазалануу мүмкүнчүлүгүн берген Мээримдүүлөр Мээримдүүсү! Биздин күнөөлөр, жаңылыштыктар менен кирдөөдөн, булгануудан сакта! Күнөөлөр менен булганганыбызда дагы кечиримдүүлүгүңдү жана мээримиңди бизден аяба! Биз Сенин жаратууң менен дүйнөгө келдик жана Сенин мээримиң менен жашап жатабыз. Ар дайым Сенин жоомарттыгыңдан жана бизге тартуулаган белектериңден пайдалануудабыз. Зээнибизди ачкан Сенсиң, жүрөктөрүбүздү ыйман нуруна бөлөгөн дагы Сенсиң. Акылыбыз Сени тааныганга чейин жолун таппай кайсалап, напсинин арзууларынын алдында эзилип турчу. Акылды бол башчы кылып, напсини ооздуктап, ага бейпилдик тартуулаган Сенсиң! Сенин мээримиң мене өзүбүздү таптык жана ар жерде жок болуп кетүүдөн аман калдык.

Жүрөгүбүз Сени таануу менен бейпилдикке жетти. Аң-сезимибиз Сага берилүү менен тынчтык бербеген кыжаалаттануунун чеңгээлинен чыга алды. Биз баарыбыз, Сенин эшигиңден алыстабаган кайырчыларбыз. Алла бул кайырчылыкты түбөлүк насип кылсын. Дубаларыбыз Сага жалбарып, Сенин жообуңду күтүүдөбүз. Бүгүнкү күнгө чейин Сенден башка биздин арыз-муңубузду уга турган, жүзүбүзгө жылуу караган, башыбыздан сылаган бирөө болгон жок. Эмне таап, эмне көрсөк Сенде таап, Сенде көрдүк жана Сага болгон ишенимибиздин арты менен коркуудан, жалгыздыктан кутулдук. Чын дилибиз менен дагы бир жолу Сага жүздөнүп, кечиримиңди тилейбиз.

Таш боордуктан, сезим сокурлугунан, башкаларга жүк болуудан, кордуктан, кедейликтен, түркөйлүктөн жана пайдасыз илимден, коркпогон жүрөктөн, тойбогон напсиден, кабыл болбогон дубадан, ырыскылардан кол жууштан, капыстан келген азабыңан, каарыңан Сага корголойбуз. Сенден ар дайым жалбарган тил, корккон жүрөк насип кылууңду сурайбыз. Тоболорубузду кабыл ал, бизди күнөөлөрдөн арылт, дуба жана тилектерибизге жооп бер! Жүрөктөрүбүздү ач, тилибизден жаңылтпа жана баардык иштерибизде туруктуулук, Куран жолунда бекемдик жана ырыскыларыңа карата сезимталдыкты тилейбиз. Алдыңа жалбарып келгендерди куру кол кайтарба, Сага баш ийгендерге мол ырыскы белектериңди бер, Сага моюн сунбагандарга туура жолду көрсөт. Муктаждардын дубаларына жооп бер, кыйынчылык тарткандарга жеңилдик берип, кубандыр. Оорулуу жүрөктөргө өзгөчө көңүл бур, атеизм жана динсиздик караңгылыгында кайсалагандарга нуруңду көрсөт жан эч бир тарапта караңгы жер калбасын..!

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message