Саясат

Саясат – Улуу Жараткандын жана адамдардын ыраазычылыгына ылайык башкаруу өнөрү. Өкмөттөр күч-кубаты менен элин жамандыктардан, адилеттүүлүгү менен зулумдан коргогонуна жараша саясатта ийгиликке жетет жана келечектүү болот. Эгер бул тескерисинче болсо, бат эле кыйроого учурап, элдин каргышына калат.

* * *

Илгертен бери коомдорду акылдуу, билимдүү, аракетчил саясатчылар башкарып келишкен. Алар жакшы болсун, жаман болсун ошол коомдун арасындагы акылдуу жана билимдүү эле. Биздин дүйнө жүзүн бийлеген учурубуз да, ушундай башкаруучуларыбыздын дооруна туура келет.

* * *

Мыкты башкаруучу жана саясатчы үчүн төмөнкү нерселер өтө маанилүү: акыйкатты жактоо, укуктарга маани берүү, мойнундагы милдетти жакшы аткаруу, оор иштерде жоопкерчилик сезими, кылдаттыкты талап кылган иштерде чеберчилик жана адистик.

* * *

Өкүмөт – бул адилеттүүлүк жана тартип. Булар болбогон жерде өкүмөт бар деп айтууга болбойт. Өкмөттү бир тегирменге окшотсо, чыгарган уну – тартип, бейпилдик жана коопсуздук. Буларды чыгарбаган тегирмен бош эле күрүлдөп, анын ичинде аба гана айланып турат.

* * *

Өкмөт өз элине “Менин элим!” дегенине караганда, бир эл өзүн башкарган өкмөттү “Менин өкмөтүм!” -деп айтышы маанилүүрөөк, талап кылынган да ушул болсо керек. Эл аны башкарган өкмөттү өзүн жеген курт сыяктуу көрсө, анда эл менен өкмөттүн ортосундагы байланыш үзүлгөн болуп саналат.

* * *

Өкмөт элдин урмат-сыйына кызматкердин камчысы менен эмес, мамлекет башчыларынын олуттуулугу, иш жана кызматтарын сүйө аткаруусу аркылуу ээ болууга аракет кылышы керек. Ушул убакытка чейин залим башчылардын зордук-зомбулугу, же адамдарды алдоо менен эч бир бийлик узакка жашай алган эмес.

* * *

Улуу мамлекеттин башкаруучулары адамдык маңызындагы, ой-пикирлериндеги жана сезимдериндеги асылдыгына карап тандалып шайланса, ал мамлекет дурус жана күчтүү мамлекет болот. Мындай улуу сапаттарга ээ боло албаган адамдарды шайлап, аларга милдет жүктөгөн өкмөттүн келечеги жок. Себеби, табияты бузук кызматкерлердин ылайыксыз кыймыл-аракеттери эртеби-кечпи, анын жүзүнөн байкалып, элге жек көрүндү болот.

* * *

Мамлекеттик кызматкерлер элге мыйзам чегинде, бирок сылык мамиле жасашы абзел. Мына ушундайча өз барктарын, ошондой эле мыйзамдын, мамлекеттин кадырын сактай алат. Ашыкча катаалдык күтүлбөгөн каршылыктарды пайда кылаарын, ашыкча жумшактык коомдо жаман иштердин жайылышына алып келээрин эстен чыгарбоо зарыл.

* * *

Мыйзамдар ар дайым, бардык жерде жалпыга тиешелүү. Ал мыйзамдарды жүзөгө ашыруучулар эр жүрөк жана адилеттүү болушу керек. Ошондо гана эл алардан коркуп, экинчи жагынан, аларга ишенишет.

* * *

Өлкөнүн мүчөлөрү ыймандуу, акылдуу, кубаттуу жана аракетчил болгондо гана мамлекет күчтүү, стабилдүү жана келечеги кең болот.

* * *

Багбан көчөттөрүн жакшы багып өстүрөт. Аларды апааттардан, зыяндуу нерселерден коргойт жана түшүмү келгенде мөмөлөрүн жыйнайт. Өкмөт менен элдин ортосундагы байланыш да так ушул багбан менен көчөттөрдүн ортосундагы байланыш сыяктуу.

* * *

Жакшы өкмөт жакшы элден чыгат. Жакшы эл илимдүү, материалдык жана руханий байлык ээси болгон адамдардан куралат.

* * *

Бардык мүчөлөрү бышып жетиле элек мамлекеттин башкаруу иши ошол мамлекет ичиндеги эң билимдүү, иш билги адамдарына берилиши керек. Мамлекеттик кызматтар илимсиз, түркөй, ишке жөндөмү жок адамдарга тапшырылса, бул ошол элдин маңдайына бүткөн эң чоң балээ.

* * *

Билимсиз, улуу сапаттарга ээ эмес, мамлекеттик иштер тууралуу маалыматы жок адамдар жаңылыштык менен бир кызматка келсе, өкүмөттүн күчүнөн, бийлигинен пайдалануудан, жеке кызыкчылыктарын көздөөдөн жана зулум падыша сыяктуу өкүм жүргүзүүдөн кайра тартпайт. Мындай адамдар бийлеген өлкөдө залимдердин кыйкырыгы, зордук-зомбулук көргөн адамдардын онтогону гана угулат. Ал өлкө Ад жана Самуд коомунун акыбетине дуушар болоору анык.

* * *

Өкмөт элдин аткарган иштерин гана эмес, алардын ой-пикир жана түшүнүгүн да жөнгө салууга аракет кылышы керек. Мындай тартипте эң негизги нерсе – ойпикир, сезим, таалим-тарбиянын бирдей болушу. Бир элдин ичиндеги эле адамдар ар башка маданият, ар түрдүү түшүнүккө ээ болуп, ортолорунда келишпестиктер болсо ал элдин өзүн-өзү жеп бүтүрүшү анык.

* * *

Элдин күчтүү болушу үчүн сезим, ой-пикир жана түшүнүгү канчалык маанилүү болсо, анын бөлүнүп-жарылышында да диний жана адеп-ахлактык биримдиктин бузулушунун ошончолук таасири бар.

* * *

Бардык иштерде саясат бар. Элдин өнүгүп-өсүшүнө шарт түзгөндөрдүн саясаты – башка эч бир нерсени, жадагалса жеке жыргалчылыгын да ойлобостон, элинин жыргалчылыгын гана ойлонуп, анын көйгөйлөрү менен жаны жай албашы саналат.

* * *

Жакшы башкаруучулукту жана жакшы саясатты ак чач, ак сакалдардан, менменсинген бийлик-мансап, чинден, же жасалма атак-даңктан эмес, элдин камын ойлогон ынсаптуу, ыймандуу адамдардан күтүү керек.

* * *

Ар бир үй – ал үйдөгүлөр таалим-тарбия алган бир мектеп. Ар бир мектеп – аскердик сезимди өнүктүргөн жай. Ар бир аскердик жай – элдин келечеги тууралуу маселе козголгон мажилис. Ар бир мажилис – сунулган бардык маселелерди элдик түшүнүк жана элдик көз караштын элегинен өткөрүү менен жыйынтык чыгарган коомдук лаборатория сыяктуу кызмат аткарса, ал мамлекет эң жакшы башкаруучу жана саясатчы адамдарга ээ деп айтууга болот.

* * *

Ар түрдүү көз караш жана ой-пикирге ээ болуу – бышып-жетилген адамдардын иши. Бирок коомчулукту бөлүп-жарган түрдүү түшүнүк жана көз караштарга жол берүүгө эч кимдин акысы жок. Себеби, бөлүнүп-жарылууга жол берүү элдин кыйроого учурашына көз жуумп коюу болуп саналат.

* * *

Элдик түшүнүк жана ой-пикирде болбогон адамдар тууралуу канчалык жакшы ойдо болсоңор да, алардын силерге зыян келтириши ыктымал экендигин көңүлгө түйүп коюшуңар керек. Айрыкча, элдин жана коомдун маанилүү орундарын колго алышына жол бербешиңер шарт. Бир адам өзүн коркунучка сала турган нерселерге жол бериши мүмкүн, бирок элине, мамлекетине келе турган коркунучка жол берүүгө акысы жок.

* * *

Силер сыяктуу ойдо болбогону менен, пайдалуу адамдар бар болушун эске алып, силердин оюңарга туура келбеген көз карашка шашкалактык кылып каршы чыкпоо абзел жана аларды качырбоо керек. Тескерисинче, алардын ой-пикир, көз караштарынан пайдалануу жолдорун издеп, алар менен алакада болуу зарыл. Ою биздикине туура келбейт деп, таарынтып алган адамдар чоң-чоң топторду түзүп, силерге каршы чыгып, силерди жер менен жексен кылып салышы мүмкүн. Нааразы болуп кеткен адамдар тарыхта жакшы иштерди жасабаса да, көптөгөн мамлекеттерди кыйроого учураткан.

* * *

Адам кимдин болсо болсун, өз системасына, көз карашына пайдасы тие турган маалыматтардан жана ой-пикирлерден пайдаланганды билиши керек. Айрыкча, тажрыйбалуу адамдардын тажрыйбаларынан пайдаланууга кайдыгер карабашы зарыл.

* * *

Дин – биримдикке чакыргандыктан, мамлекет башчылары көңүл бура турган жана ар дайым анын күчүнө зарылдык туулган маанилүү мыйзам.

* * *

Мамлекет жана эл үчүн коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу жаатында динге тең келе турган башка күч жок. Себеби, дин адамдардын дилине таасир бере турган күч болгондой эле, адамдардын кыймыл-аракеттерин жөнгө салууда да чоң мааниге ээ. Мына ушул себептен, башчылар диний жашоону элдин жашоосу деп билип, аны жалпы калктын көкүрөгүнө сиңирүүгө аракет кылышы керек.

* * *

Элди өнүктүрүү, жаштарды өз ишеним жана көз караштарыбыздын чегинде жашап жаткан доорду тааныпбиле турган даражага жеткирүүгө, кедейлик жана муктаждыктарга каршы күрөшүү менен эл аралык ишенимге кирүүгө, өнөрдү жана сооданы илим-билимдин жана чеберчиликтин негизинде алып барууга көз каранды.

* * *

Элдердин жашоосу үчүн үч нерсе өтө зарыл: дин, даанышмандык, курал.

* * *

Бул дүйнө сыноо дүйнөсү. Бул жерде бардык нерсе сыноолордун натыйжасында маани-маңызга жараша бааланат. Бир жагынан, тажрыйбадан өткөн нерселерге маани берип, экинчи жагынан, жаңы тажрыйба жана талдоолордо кемчилик кетирбөө керек. Ошондо билимдин нукуралыгы сакталып, жемиштүү болот.

* * *

Ата-энелерден мээрим, сезиталдык жана жоопкерчилик, акимдерден тартип, тазалык жана чөйрө коопсуздугу, соттордон кара кылды как жарган калыстык талап кылынат.

* * *

Мамлекеттердин жана элдердин бири-бирин көрө албастыгы табигый нерсе. Мына ушул себептен алардын ортосундагы саясат чыныгы достук, же пайданын айланасында жүрүп турат. Башкага зыян келтирбөө жана башкадан зыян тартпоо шарты менен бул эки түрдүү саясатка уруксат берилет. Бирок, биз эч кимди алдабасак да, башкаларга алданып калбаш үчүн сак болушубуз саясаттын бир тарабы болуп саналат.

* * *

Саясатты партия, үгүттөө, шайлоо жана бийлик талашуу таймашы гана деп түшүнгөндөр жаңылышат. Ал – бүгүндү эртең менен, эртеңди кийинки күн менен бирге кароо жана элдин ыраазычылыгын Алланын ыраазычылыгы деп билүү сыяктуу кеңири түшүнүк.

* * *

Тарых – жашоодон алынган сабактарга толгон илим. Бул илимди жакшы окугандар келечекке ийгиликтүү өкүм жүргүзүшөт. Себеби, бүгүн кечээгинин дал өзү, кечээки күн андан мурунку күндүн дал өзү… Болгону анын өңү-түсү гана өзгөрөт.

* * *

Күчтүн өкүмдарлыгы убактылуу. Ал эми акыйкаттыктын жана адилеттүүлүктүн өкүмдарлыгы түбөлүктүү. Булар бүгүн болбосо да, жакынкы замандарда үстөмдүк кылаары шексиз. Ошондуктан, эң улуу саясатты акыйкаттыкты жана адилеттүүлүктү жактоодон издеш керек.

* * *

Биз кабыл алгандай көрүнүштө “Саясатка аралашпайм, саясатка аралашпа!”- деп айтуу – “Мамлекет жана элдин ишине, элдин жашоосуна, келечегине аралашпайм жана аралашпа!”- дегендик.

* * *

Бүгүнкү күнүбүздө элдин басымдуу бөлүгү күнүмдүк саясий оюндарды, элдердин алданышын, бийлик менен пайдага ээ болуу максатындагы күрөштөрдү жана бул багытта бардык туура эмес иштердин туура көрсөтүлүшүн саясат деп түшүнгөндөргө каршы руханий жашоосу, көз караштарынын тууралыгы, Алла менен болгон байланыштары үчүн бардык саясий иштерден оолак болууну зарыл деп санашат. Аттиң ай, адилеттүү жана акыйкаттуу саясат кайда?! Жалган менен алдамчылык кайда жатат?!

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message