Жүрөктүн дүк-дүк согушу төрөлүү менен башталган өлүм кайрыгы.
* * *
Кыяматтын жакындап келатканын баары билет. Бирок, ар бир күн анын бир бөлүгү болуп жатканын канча адам билет болду экен?…
* * *
Жаштар жаштыгынан жана сымбатынан ажырагандан кийин баркы жоголоорун билишсе, эч токтолбой түбөлүк жаштыктын жана сымбаттуулуктун жолун издешмек…
* * *
Адам барктап-баалаган канчалаган нерселер аны менен бирге өлүп кетет. Бирок ал аткарган пайдалуу иш, пайдалуу пикирлер кабырга киргенден кийин да түбөлүктүү жашай берет…









