Ислам бүткүл дүйнөлүк мээримдүүлүктүн дини

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Tандалган макалалары » Ислам бүткүл дүйнөлүк мээримдүүлүктүн дини

Бул жашоо Алланын жакшылыгы болгон эң негизги жана таң калычтуу, а чыныгы жана түбөлүктүү жашоо бизди о дүйнөдө күтүп турат. Аллага кызмат кылуу менен биз бул жашоодо татыктуу боло алабыз, анда келечекте Ырайымдуу жана Мээримдүү Алла бизге пайгамбарларды жиберген жана ыйык китептерди ачкан. Ушул себептен адамзатка болгон жакшылыгын Ар-Рахман сүрөсүндө эскертүү менен, Ал: “Мээримдүү. Куранды үйрөтүү. Инсанды жараткан. Ага сүйлөөнү үйрөткөн” (Ыйык Куран 55.1-4). Бул жактагы биздин жашообуз о дүйнөдөгө болгон даярдык жана Алла жараткан ар бир макулуктун аягы ушундай. Ар бир жетишкендикте биз Алланын алаканын көрүүдөбүз, анда анын мээримдүүлүгү көрүнөт. Кээ бир “табигый” окуялар жана коомдук кагылыштар биринчи караганда ылайыксыз көрүнүшү мүмкүн, бирок аларды ырайымдуулук жана мээримдүүлүк менен туура келбейт деп эсептебешибиз керек. Алар бизди чоочутса да кара булут каптапганын же чагылган чартылдаганын эстетип жаан жаадырат. Башкача айтканда ай-аалам
Ырайымдуу жана Мээримдүү Алланы даңктагандай.

Пайгамбар жерге мээримдүүлүк катары келген

Алланын элчисинин мээримдүүлүгү жана айкөлдүгү анын тереңдикте катылган фатанатынын бир тарабын түзөт. Ошол эле убакта анда түшүнүүнүн терең сыры катылган. Биздин пайгамбарыбыз (с.а.в.) ырайымдуулуктун жана мээримдүүлүктүн дал өзү, аларды дайыма көрсөтчү, имши (эликсир) сыяктуу, бардык жүрөктөргө өзүнүн тактысын орнотту. Адам өзүнө жалпы элдердин сүйүүсүн жандандырган мээримдүүлүк, айкөлдүк, аруулуктан мыкты сапаттар жок. Мына Алланын элчиси жасалган руханий чебердиги, кайталангыс өнөрү, көрөгөчтүгү менен өзүнүн жөндөмүнүн ички маңызына кирүү үчүн мээримдүүлүктү жана айкөлдүктү сапаттардын эң жакшы жагы катары пайдаланган. Ушул анын пайгамбардык озуйпасынын далили болуп эсептелет.

Алла аны бул дүйнөгө мээримдүүлүк катары жөнөткөн. Ал Алланын мээримдүүлүгүн бардык кыймылдашында чагылдырат. Ал чөлдөгү булак сыяктуу жана анда өтүп бараткан ар бир адамды толутуруп, тойгуча ичип алышат. Ал мээримдүүлүктүн дал өзү, ким кааласа ичип алса болот.

Ким мээримдүүлүккө муктаж болсо ага аны көрсөттү. Мээримдүүлүгү менен бейишке чакырды. Алланын элчисинин колунда ал алтын ачкычтай болду, анткени ал дат баскан кулпуларды, ачылгыс болгон эшиктерди ачты. Ар бир жерде ишенимдин оту күйдү. Ал алтын ачкыч Мухаммед Мустафа (с.а.в.) деп аталган алтын адамга ыйгарылды. Анткени ал адамдардын арасында эң татыктуусу болду. Ким татыктуу болсо Алла ага ишенет. Элдерге сактоого калтырган жүрөктүн ачкычын Ал башкалардан да эң тактыктуу болгон, эки дүйнөнүн жетекчисине берди.

Алла аны мээримдүүлүк үчүн жиберген, ал эң жакшы ынтаа менен шайкештикте өзү ал мээримдүүлүктү жүзөгө ашырды. Мээримдүүлүктө сезимдин чеги маанилүү.

Алланын элчиси көрсөткөн мээримдүүлүктү ишенгендер колдонот. Анткени ал ага карата “ар-рауф” жана “ар-рахим”[i] – момундук жана мээримдүүлүк. Ал көрсөткөн мээримдүүлүк ишенгендер менен чогуу эле кудайсыздар жана өзүнүн динсиздигин чүмбөттөгөн эки жүздүүлөр колдонушат. Экинчи тараптан жада калса Жараил периштеге өзүнүн үлүшү тиет[ii]. Бул мээримдүүлүк белгилүү адам жана топ менен чектелбейт. Анын улуулугун караңыз, жада калса шайтан да үмүт менен ага карап турган[iii]. Ал аны менен жамандык кылбайт.

Азыркы учурдун айрым диний агымдардын өкүлдөрү адамдарды алдоо үчүн “гуманизм” түшүнүгүн колдонуп жаткандыгы эч кимди шектентпей койбойт. Алардын адамды чагам деген жыландан айырмасы барбы? Алланын элчиси өзүнүн ишке ашырган сүйүүсүн жогоркудагыдай сүйүү менен алмаштырбашыбыз керек. Исламдагы сүйүүнүн түшүнүгү бардык түшүнүктөр сыяктуу жерге жана о дүйнөгө багытталган.

Улуу урматтуу Мухаммед (с.а.в.) Алланын ачылуусу менен бүт дүйнөгө бардык макулуктарга сүйүү алып келди. Бирок биз жогоруда айткандай бул чексиз айкөлдүк жана мээримдүүлүк китеп беттеринде гана калган эмес. Тескерисинче, кыска убакытта айкөлдүк менен мээримдүүлүк бардык жерде иш жүзүнө ашты. Биздин пайгамбарыбыздын иш жүзүндө болбой калган бир да ою болгон эмес. Ал бардык жакта аракетчил адам.

Алланын элчиси бул дүйнөгө кең мээримдүүлүктү жаюу үчү келген. Ал – Манхалуль-азбуль-мавруд, башкача айтканда жандуу суунун булагы. Ким анын суусуна идишин сузса, ал мээримдүүлүккө ала алат. А ким анын колунан жандуу сууну ичкенде, ал руханий өлбөстүккө ээ болот.

Эх, эгер ушул жогорудан түшкөн булактын тегерегинде чогулгандар анын баркын билгенде!

Биз айткандар куру болбош үчүн бир канча мисалдарды келтирейин. Бирок алгач төмөнкүлөргө көңүл буралы: өзүнүн чөйрөсүндө же кесибинде ийгиликке жетишкен адамдар артта калып калгандыгы көрүнүп турат.

Мисалы, бир кол башчы, жоокер эгер аскерий иште чоң ийгиликке жетишсе анда анын өзүндө өзүнүн мээримдүүлүгүн, сезим-туюмдуулугун чабандын деңгээлинде да көргөзө албайт. А кээде андай адамдар өлтүрү жатып, табиятынан мээримдүү боло албай калат. Анткени ал сезимдин белгилүү чегинде туруп калган жана адамдарды өлтүрүү ага кадыресе көрүнүшкө айланат.

Саясатчы саясатта ийгиликке жетишет. Бирок көбүнчө адамдардын укугун урматтабайт. Башкача айтканда бир тараптан жеңип жатса, экинчисинен чындыкты, жакшылыкты жоготуп жатат. Биринде бийиктикке чыгып жатса, экинчисинин түбүнө чөгүп баратат.

Алаканына позитивизмди алган жана бардык тажрыйбаларына ишенүүгө аракет кылган адам руханий жашоодо нөлдөн баштаса да эч нерсе кыла албайт. Анын акылы Эвересттей баркталса да, руханий дүйнөсү Өлүк деңизге окшош.

Бардыгы апасын ээрчишет, бирок көргөнүн кабыл алышат! Ачылыш (Откровения) логикасынын алдында алар акылсыздардын акылсызы. Анткени алардын руханий дүйнөсү өскөн эмес.

Айткандар өзү белгилегендей кээ бир адамдарда шайкештик жок. Айрым сапаттар өнүгүп жатса, аз эместери чөгө берет.

Бирок Алланын элчиси шайкештикке ээ. Ал жоокер, бирок мээримдүү; ал саясатчы, бирок чынчыл жана жакшылык кылуучу; ал тажрыйбалардын маанисин жокко чыгарбайт, бирок ошол эле учурда рухтун туу чокусунда кала берет…

Мекке триумфуна чейин душмандары ага көрсөткөндөй кордук азыр калган эмес. Өзүңүз элестетиңиз сизге бойкот жарыялап, өзүңүздүн жеке үйүңүздөн кууп каңгыраган чөлгө таштап салышты. А анан Каабанын дубалына мындай орой токтомду илип коюшту: “Биз кууган адамдар менен соода кылууга, үй-бүлөө курууга тыюу салынат…” Ушундай шарттар менен сизди чөлдө үч жыл кармашты! Жада калса сиздин жакын адамдарыңыз жардам бере албай жатышат. Сиз ал жердеги жалбырактарды, чөптөрдү жеп жан багууга аракет кылып жатасыз. Балдар жана кары-картаңдар ачкалыктан өлгөнү жатышат, а сиз андан бир тамчы да жакшылык таппай жатасыз…Анан сизди мекениңизден башка жакка куушат, ал жерден да жай таппай, күн сайын коркунучтуу абалдарга кептелесиз. Алар менен Бадр, Ухуд, Хандак согуштарында өлгүчө согушасыз, баарыбир алар сизди жөн коюшпайт. Жада калса сиздин кадимки укугуңуз болгон Каабаны зыярат кылууга тыюу салышты. Оор шарттарды кабыл алуу менен сиз артка кайтасыз, анан Алла сизге мээримдүүлүк көрсөтүп, чоң
армияны жетектеп, Меккени аласыз да башкарып каласыз. Анан ал адамдарга сиздин мамилеңиз кандай болот? Сиз: “Силер бошсуңар кете бергиле, азыр соттолбойсуңар” – деп айта алат белеңиз. Мындайды элестетүү кыйын экени шек туудурбайт. Менимче, бардыгы мага кошулат болуш керек. Бирок Алланын элчиси атты теминип, курал-жарагы менен Каабага кирип барды жана мээримдүүлүктү жүзөгө ашырды. Ал меккеликтерден: “Силер менден эмнени күтүп жатасыңар” – деп сурады. Алар бир добуштан: “Сен ырайымдуусуң, ырайымдуулуктун баласы. Сенден бардык ырайымдуулуктарды күтүүгө болот” – деп жооп беришти.

Жана ал качанкы улуу урматтуу Юсуп (а.с.) сыяктуу өздөрүнүн туугандарына: “Бүгүн силерди эч ким күнөөлөбөйт. Алла-Таала силерди кечирсин. Ал кечиримдүүлөрдүн эң кечиримдүүсү”[iv].

Биз жогоруда айткандай Алланын элчиси ишенгендер да, кудайсыздар да, эки жүздүүлөр да колдонгондой мээримдүүлүктү жүзөгө ашырды. Ишенгендер андан жакшылык алышты, анткени: “Элчи ишенгендерге өздөрүнөн да жакын” – деп айтылат. Куранды түшүндүрүүчүлөр муну мындай деп чечмелешет: “Алланын элчиси ишенгендерге өздөрүнүн жандарынан да өйдө турат”. Бирок чындыгында эки айтым тең бири-бирине жакын турат. Биз аны өзүбүздөн да аябай жакшы көрөбүз, а Алланын элчиси аларга алардын чексиз сүйүүсүндөй эле сүйүү тартуулап жатат. Анткени ал эң ырайымдуу адам.

Бул сүйүү акылга жана логикага сыя турган нерсе. Ал эмоционалдуулукту камтыса да, баарыбир чыныгы илим жана логика анда көп. Эгер бул сүйүүнү таратса адамды өзүнүн тамырына таштап салат да, ана Мажнун[v] Лейланы издегендей Расулуллахты издей баштайт. Анын атын эстөөдө тамагыбыздагы тоголокту (комок), ансыз жашоо кыйынчылыкка тураарын сезебиз.

Ал: “Пайгамбар момундарга өздөрүнөн да артык. Анын жубайлары-алардын энелери” (Ыйык Куран 33.6). Анан өзүнүн сөзү менен: “Ким өлгөндөн кийин бую-тайым таштаса ал туугандарына, ал эми ким карыз таштаса анда ал мага”[vi].

Бул дүйнөдө жана акыретте үммөттөрүмө өздөрүнөн да жакын болот, Алланын элчиси аларга шапаат көрсөтөт. Анын бул сапаты түбөлүк жашайт.

Ал динде эки жүздүүлөргө да шапаатчы. Ушул себептен аларга жер жүзүндө кыйынчылык көрсөтүлгөн эмес. Ал адамдар мечитке келишкен, ишенгендердин арасында болгон, мусулмандар менен бирдей укуктарды пайдаланган. Алланын элчиси аларды саткан эмес. Ал ар кимдин чыныгы жузүн билген. Жада калса ал улуу урматтуу Хузайфага (а.с.) аттарын атаган[vii].

Ошону менен бирге ислам аларды саткан жок. Алар ишенгендердин арасында кала берди, алардын жок дегенде ачык ишенбестиги былкылдады. Ошондуктан дүйнөдөгү кубанычтар көңүл калтырууга айланды. Ишенген адам өлүм менен чогуу жок болуп кетпейт, жашоодон ырахат алышат. Бирок алардын кудайсыздыгы шектендире баштайт. Алар: “Балким, акырет бардыр” – деп айтышат. Ошондо аларга жашоо кыйын болбой калат. Ушул көз караштан алганда Алланын элчиси белгилүү бир ойдо аларга мээримдүүлүк кылды.

Кудайсыз Алланын элчисинин мээримдүлүгүн пайдаланды. Жараткан алардын ишенбестиги, кылган күнөөлөрү үчүн бүтүндөй элге жаза жиберээрде Алланын элчисинин пайгамбарлыгын жөнөтө турганын кабыл алгандыктан аларды кечирген. А бул каапыр үчүн дүйнөдөгү эң жогоркку мээримдүүлүк.

Ошондуктан Алла өзүнүн сүйүктүү пайгамбарына минтип кайрылат: “Бирок Аллах аларды сен алар менен болгон кезде жана алар кечирим сурап жаткан учурда жазалабайт” (Ыйык Куран 8.33).

Өзүнүн элчиси үчүн Алла аларга жок болууну жибербей турду. Улуу урматтуу Иса: “Эгерде Сен аларды азаптасаң, Алар Сенин пенделериң” (Ыйык Куран 5.118). Алла пайгамбарга маанисин белгилеп айтып жатат: “Сен алардын ажнында турганыңда аларга жок болууну жибербейм”.

Сен улуу урматту Мухаммед (с.а.в.)  алардын жүрөгүндө жашап турганыңда Алла аларга кыйынчылыктарды жөнөтпөйм. Сени эстеп турганда, сенин атың тилдерде айтылып жатканда, элдер сенин жолуң түшүп атканда Алла аларды жок кылбайт.

 Каапыр өзү үчүн Алланын элчисинин мээримдүүлүгүн алуусу мүмкүн, анын: “Мен каргыш үчүн эмес, мээримдүүлүк үчүн жиберилгем”[viii] – деген сөзү бар. Ал баарына Алланын мээримдүүлүгү катары жөнөтүлгөн. Мына ошондуктан Алланын элчиси исламдын душмандарына да дайыма куткарылуусун каалап, эбегейсиз шарттарды сунуштап келген.

Алланын элчиси алып келген нур менен жада калса Жабраил да колдонуп калган. Бир күнү пайгамбарыбыз (с.а.в.) андан: “Куранда сага мээримдүүлүк барбы?” – деп сурап калды. Жабраил: “Ооба, о Расулуллах, анткени мен өзүмдүн чыгышыма ишенмек эмесмин да. Бирок мага аят түшкөндө: “Бирок Аллах аларды сен болгон кезде жана алар кечирим сурап жаткан учурда жазалабайт” (Ыйык Куран 8:33)мен өзүмө ишенип жай туруп калдым”деп жооп берди”[ix].

А Алланын элчиси өзүнүн башка хадисинде: “Мен Мухаммед. Мен Ахмед. Мен Мукаффи. (акыркы пайгамбар). Мен Хашир. (менден кийин өлгөндөрдү кайра тирилтет. Менден кийин бир да пайгамбар келбейт. Алла менин алдымда элдерди топтойт.) мен тобо кылдырган жана мээримдүүлүктүн пайгамбарымын”[x].

Кыямат күнүнө чейин тобоо кылуучуларга эшик ачык. Анткени Алланын элчиси пайгамбардын тобо кылуусу, пайгамбарлыгы кыямат күнүнө чейин болот.

Эгер ал ыйлаган баланы көрсө аны менен чогуу отуруп ыйлайт. Онтогон апанын да жанында кайдынер болуп тура албайт. Мына дагы бир хадис, улуу урматтуу Абу Хурайра (р.а.) тарабынан айтылып келген: “Мен намазга туруп, аны көпкө окугум келди. Анан баланын ыйлаганын угуп калдым. Ага апанын болгон сезимин билем. Дароо намазымды батыраак окуп бүттүм”[xi]. Бул анын чексиз мээримдүүлүгүн көргөзгөн бир мисал.

Алланын элчиси көпкө чейин намаз окучу. Кошумча намаздары ушунча созулчу, сахабалары араң көтөрүшчү. Дал ушундай максатта намаздарга турчу, бирок ымыркайдын үнүн укканда намазын батыраак окучу. Анткени ошол учурда Алланын элчисинин артында аялдар да намаз окушчу. Биздин мугалимибиз ымыркайдын апасы мечитте намаз окуп жатат деп ойлоп, намазды эрте бүтүрүү менен аялдарды түйшөлтчү эмес.

Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өзүнүн балдарына мамиле кылууда жүрөгү токтоно алчу эмес. Ибрагимдин эмизген энесинин үйүнө көп келчү. Аны кучагына алып, көпкө чейин кучактап, өөп калчу[xii].

Бир жолу Акра ибн Хабис Алланын элчисин колуна улуу урматтуу Асан менен Кусейинди алып, аларды өөп жатканын көрүп: “Менин он балам бар, мен алардын бирөөсүн да өпкөн эмесмин” – дейт. Анда Алланын элчиси ага: “Мээримдүүлүгү жок адамга мээримдүүлүк болбойт”[xiii] – деп жооп берет.

А мына башка хадис: “Силерге асмандагы мээримдүү болуу үчүн ким жерде болсо ага мээримдүү болгула”[xiv].

Башка жагынан алып караганда ал (с.а.в.): “Эгер Алла сенин жүрөгүңөн мээримдүүлүктү алып салса мен эмне кыла алам”[xv] – деп жооп берет.

Алланын элчиси бир гана өзүнүн туугандарына эмес, досторуна да, жакындарына да жана чоочундарга да мээримдүүлүгү жана сүйүүсү толуп турчу.

Мукаррин уруусунан бирөө кулун уруп коёт. Көзүнө жаш толгон аял Алланын элчисине келет.Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын кожоюнун чакыртып: “Сиз аны уруп коёгонуңуз адилетсиз иш. Же эркиндик бериңиз же коё бериңиз кете берсин”[xvi]. Бул адилетсиздикке болгон жаза кыямат күнүнө жылат. Ал мындан да катуу…

Азирети Айша (р.а.) риваят кылат:

Бир күнү Саад ибн Убада ооруп калат. Алланын элчиси жакын досун зыярат кылууга барат. Аны менен кээ бир сахабалар да болот. Саад ибн Убаданын оор абалы аны ыйлатып жиберет. Аны менен чогуу калгандары да ыйлайт. Бул туура эмес түшүнүп калбасын деп: “Алла көз жаш, жүрөктөгү капачылык үчүн жазалабайт, бирок бул (тилин көргөзүп) үчүн жазалайт”[xvii] – деп айтат.

Башка мээримдүүлүгүн жетимдерге болгон камкордугунан көрсөк болот. Ал: “Мен бейигте жетимдердин камкорумун мына-мындай”[xviii] – деп муштумун түйүп көрсөтүп айтты.

Анын мээримдүүлүгү  жаныбарларга да тараган.

Бир жолу жортуулда тыныгуу учурунда сахабалар куштун уясын көрүп, андагы балапандарды алып черлерин жаза баштайт. Ошол убакта балапандардын апасы келип калып, көрөт да сахабаларды тегеректеп уча баштайт. Алланын элчиси аны көрөөрү менен сахабаларга балапанды уясына кайра коюусун буйруйт[xix]. Ооба, анын мээримдүүлүгү жаныбарларга да жетчү. Алла кумурскалардын айынан бир пайгамбарды жазалайт. Ал пайгамбар өзэрки мененби же жокпу кумурсканын үйүрүн өрттөп салат[xx].

Алланын ырайымына жана мээримине карабастан пайгамбарлыкты аркалап жүргөнгө ушундай иштерди кылуу мүмкүнбү? Кийин анын үммөттөрүнөн “кумурскаларга чабуул койбогон кожоюн” деп атагандар чыгат. Анткени алар буттарына коңгуроо байланган чынжырларды кийип басышат, кичинекей жандыктар коңгуроосун угуп, алардын буттарынын астына калбайлы дешет. Кожоюн! Анын мээримдүүлүгү бардыгын каптаган, өтө терең. Жада калса кумурскалар да анын мээриминен куру калган эмес!

Кумурскаларга чабуул койбогон адамдар элдерге адилеттүү кайрыла алабы? Жок, алар эч кимге зыян алып келбейт!

Бир күнү ал Минде жүргөн учурунда таштардын жылчыгынан жылан чыгып келатты. Куралданган сахабалар ага атырылды эле жылан кеткенге жетишти. Алыстан байкап турган Алланын элчиси: “ал силердин каарыңардан өзүн куткарды, а силер андан өзүңөрдү куткардыңар”[xxi]. Пайгамбар (с.а.в.) тигини да, сахабалардын кыла турган ишин да зулумдук деп санады. Анткени жыландын да бул дүйнөдө орду бар. Ар бир ушундай өлтүрүүлөр экологиялык тең салмактуулукту бузат жана орду толгус жоготууну алып келет. Айдоо аянтындагы чымын-чиркейлерди, курт-кумурсакаларды айыл чарба үчүн өлтүрүү экологиялык тең салмактуулукка каршы кылмыш. Таң калычтуусу мындай көрүнүш илимдин атына жасалууда.

Ибн Аббас (р.а.) риваят кылат: “Биз Алланын элчиси менен бир жерге кетип баратканбыз. Бир адам койду союу үчүн байлап, анын алдында бычакты курчутуп жатат. “Сен аны бир канча жолу өлтүргүң келип жатабы? – деп пайгамбар (с.а.в.) сурады”[xxii]. Чынында бул сөздөрдө адилеттүүлүк айтылып жатабы?

Абдуллах ибн Жаффар (р.а.) риваят кылат: “Бир жолу Алланын элчиси айрым сахабалар менен бакчага кирди. Бурчта арыктаган төө туруптур. Алланын элчиси аны көрө коюп ыйлап кирди. Эки дүйнөнүн жетекчиси анын жанына барып, дароо кожоюнуна жөнөтүп, кожоюнун насаат айтып жана айбанды кароодон мурун аны жазалады”[xxiii].

Биздин замандын гуманисттери айткандай толук кандуу мээримдүүлүк сүйүүгө, боорукердикке карганда алда канча чоң. Алланын элчиси өзүнүн ар тараптуу мээримдүүлүгүн дайыма ар кандай ысырапкорчулуктан сактай билген жана өзүнүн көрөгөчтүгү менен четте калып калчу эмес.

Ал эч качан зулумдукка кошулган жана сабырдуулук деп атап күнөө кылууга жол берген эмес. Ал мээримдүүлүктөн чыккан сабырдуулугун ниети кара кылмышкерге көргөзгөнүн  аябай жакшы түшүнгөн. Муну эч күнөөсү жок миңдеген кишинин укугуна кол салуу деген. Кабатырлануу менен айткым келет, азыркы учурда мындай көрүнүштөр мурунку өтүп кеткен мезгилдерге караганда толтура. Эгер сүйүү менен мээримдүүлүк жакшылыкка жумшалбаса анда жеке инсандын укугун айтуудан кутула албашы мүмкүн. Алланын элчиси тууралуу айтып жатканда бир да мындай нерсени көрсөтпөш керек.

Ал адамдарды өзүн курман кылганга чейин сүйчү. Далил катары Куран аны ортомчулукка чакырганы. Куранда: “Эми алар бул Куранга ишенбесе, аларга абдан кейип, өзүңдү жок кылып жибергиң келет” (Ыйык Куран 18:6). Аны үңкүрдө пайгамбарлыктын атмоферасы курчап калганда ал жашынып калган жокпу? Биринчи ачылыш ага дал ошол жерден келди.

Сабырдуулугу жана акылы жетиштүү болчу. Канчалаган аска-зоолор сабырдуулугунун айынан багындырылды. Көк музга окшогон канчалаган дилдер, муз тоңгон жүрөктөр Сабырдуулук күндүн астында ээрип кетти жана куткарылышты! Анын сабырдуулугу жана чыдамдуулугу болбосо Абу Суфян, Икрима жана башка көптөгөндөр исламды кабыл алмак беле?

Ал бүт ааламга мээримдүүлүк тартуулайт.

Алланын элчисинин (с.а.в.) жашоосун сүрөттөөдө төрт тараптуу сүрөттөлөт. Ал физикалык жактан кандай жаралса руханий жактан да ошончолук күчтүү. Азирети Али (р.а.) Мухаммед пайгамбар жөнүндө: “Алланын элчиси адамдардын эң жоомарты болчу. Дилинде абдан боорукер, сөзүндө абдан чынчыл, ал айтып жатып өзүн туура жана кадимкидей алып жүргөн, жанында отуруп калсаң өзүңдү ыңгайсыз сезбейсиң, досуңдун жанында отургандай болосуң” – деп эскерет. Бирок ал эч ким тең келе албаган деңгээлдеги руханий дүйнөгө ээ эле. Ким жанында отурса ага кайрылчу, эч качан өзү менен жанында отургандарды салыштырган эмес[xxiv]. Аны көргөн адамдардын жүрөктөрү пайгамбарга болгон сүйүүгө толуп калчу.

Ага чейин андан кийин ошол деңгээлдегидей аны сүйгөн бир адамды көргөзө албайсың. Бардык ишенгендер, кимдин жүрөгүндө ал жашаса тынымсыз айтып келишкен жана айта беришет:

Сени жүрөгүм сүйүп калды, эмнеге?

Сенин жүзүң күндүз сыяктуу жаркырайт, эмнеге?

Ооба, ошондой. Анткени ал ааламды жаратканАлланын сүйгөнү.



[i] Ыйык Куран, 9:128

[ii] Кадий Ияз, Аш-шифа,1/17

[iii] Самарканди, Танбихуль-гафилин, 1/94

[iv] Ибн Хишам, Сира, 4/55; Ибн Касир, Аль-Бидая, 4/344

[v] Мажнун – “Фузули” (“Лейла жана Мажнун”) поэмасындагы өзүнүн сүйгөнүнөн ажырап, чөлгө кетип калган каарман, улуу сүйүүнүн белгиси

[vi] Муслим, Фараиз, 14

[vii] Бухари, Фазаилуль-асхаб, 20

[viii] Муслим, Бирр, 87

[ix] Кадий Ияз, Аш-шифа, 1/17

[x] Муснад, 4/395, Муслим, Фазаиль, 126

[xi] Бухари, Азан, 65; Муслим, Салат, 192

[xii] Бухари, Фазаилуль-асхаб, 63

[xiii] Бухари, Адаб, 18

[xiv] Тирмизи, Бирр, 16

[xv] Муслим, Фазаиль, 64

[xvi] Муснад, 3/447

[xvii] Бухари, Жанаиз, 45; Муслим, Жанаиз, 12

[xviii] Бухари, Талак, 25, Адаб, 24; Муслим, Зухд, 42

[xix] Абу Давуд, Адаб, 164, Жихад, 112; Муснад, 1/404

[xx] Бухари, Жихад, 153; Муслим, Салам, 147

[xxi] Насаи, Ажылык, 114; Муснад; 1/385

[xxii] Мустадрак, 4/231,233

[xxiii] Суюты, аль-хасаисуль-кубра, 2/95

[xxiv] Ибн Касир, Шамаиль, 44; Тирмизи, Манакыб, 8

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message