Кудай баардык нерсени жараткан, ал эми Кудайды ким жаратты?

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Доорубузда пайда болгон суроолор » Кудай баардык нерсени жараткан, ал эми Кудайды ким жаратты?

Бул суроо дагы көп берилген суроолордун бирөөсү.

Биз бул суроону Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) пайгамбарлыгынын далили катары көрүп, Жараткандын билдирүүсү менен келечектен туура кабар берген көрөгөчтүгүнө таазим кылып, «Ашхаду анна Мухаммадаррасулуллах» (Күбөлүк келтиремин, Мухаммед – Кудайдын Элчиси) деп күбөлүк келтиребиз.

Ырас, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) – Кудайдын сыйлуу элчиси. Кыяматка чейин боло турган нерселерди сыналгынын экранынан көрүп тургандай, бардык нерсесин туура айткан. Келечекте боло турган нерселер тууралуу берген кабарлары убактысы келгенде, дал айтканындай болуп жүзөгө ашкан. Мына, бул суроо дагы алардын бири. Ал мындай деген: (Мындай нерсе сахабаларынын оюна да келген эмес) «Бир күн келет, буттарын айкалыштыра отуруп, менменсинип, текеберденүү менен, бардык нерсе бүтүп, ушул эле калгансып «Муну Кудай жаратты, тигини Кудай жаратты, Кудайды ким жаратты?» – дешет».

Мен бул суроо суралганда өзүмчө ойлонуп, «Ашхаду анна Мухаммадаррасулуллах.» – дедим. Кандай гана туура айткансың! Бул менменсинген, себептерди кудай деп тааныган жана бардык нерсени себептердин алкагында чечмелөөгө аракет кылган адамдардын ой-пикиринин тайыздыгын мындан да жакшыраак сүрөттөө мүмкүн эмес.

Негизги маселеге келсек, бул дагы каапырлар ойлоп тапкан суроолордун бири. Көп жолу билими тайыз адамдар ушул түрдүү суроолорго жооп таба албай кыйналышат. Ырас, алар чексиздикти түшүнө алышпайт, себептердин чынжырланып байланышып узарып кете беришин жана мындай алдоо кандайдыр бир нерсеге арзып арзыбасын эч качан талдай алышпайт.

Ошол себептен, шек¬күмөнгө түшүп, минтип ойлошот: Алла да башка себептер сыяктуу бир себеп. Демек, Алланы да пайда кылган бир себеп бар болушу мүмкүн, деп ойлойт. Бул жаңылыш бир пикирдин натыйжасы. Бул ой дагы Жаратканды тааный албагандыктан келип чыгууда. Алла – бардык себептердин жаратуучусу жана Алланын барлыгынын башталгычы жок.

Ушул заманга чейин ыйман тууралуу маселелерди окуп-изилдөөчү аалымдар себептердин мындай чынжырлоо түрдө уланбай турганын белгилүү усулдар менен аныктап, «Себептердин жаратуучусу» болгон Алланын барлыгын далилдөөгө аракет кылып келишкен. Алардын бул темадагы ой¬пикирлеринин мазмунун бир¬эки мисал менен түшүндүрүүнү туура көрдүк.

Ыйман тууралуу маселелерди окуп-изилдөөчү аалымдар мындай дейт: Ким эмнеден жаралган деген бири бирине чынжырдай уланып (тасальсул) кете беришин ойлоо ал себептердин маңызын аңдай албоо Жаратканга кайдыгер болуу дегендик. Ырас, жашоодогу бардык нерсе эзелтеден бери бири бири аркылуу уланып, тиги мындан ал тигиден деп жаратуу деген түшүнүктү Кудайга койбой себеп чынжырынын натыйжасы деп билүү туура эмес. Мындай нерсени мүмкүн деп эсептөө алдануу. Мисалы, жер бетинин жашылдануусу аба, суу жана күнгө; аба, суу, күн кээ бир материянын бөлүкчөлөрүнө: кычкылтек, карбон, азот ж.б. сыяктуу… бул заттар андан кичирээк бөлүкчөлөргө жана алар да алардан кичирээктерге көз каранды болсун дейли. Мунун ушундай узарып кетишине жана ааламдын жаралышын ушул жол аркылуу чечмелесе болот дегенге ишенүү акылсыздык болуп саналат. Бир жерде буга каршы анти¬материя, анти¬атом чыгып, метафизика физиканы жеңсе, алгачкы жана акыркы себептер керемет бир айкаштыкта, бир кызматкер сыяктуу иш аткарса, андан беш бетер болот!

Ырас, «Бул тигинден пайда болгон, тигил аркыдан, аркы башкадан…» деп айтуу тигил, же бул маселени чечүү мындай турсун, тескерисинче, бардык нерсени чиелентип, чаташтырып салат. Анткени, мындай маселени мүмкүн деп эсептөө, «Жумуртка тооктон, тоок жумурткадан» пикиринин чексиздикке уланып кетишине ыктымал берүү сыяктуу абсурдга окшош: тоок, же жумуртканы Кудурети Чексиз Зат жараткан деген ишенимге токтолгонго чейин пикирлердин бардыгы негизсиз болуп табылат. Тескерисинче, булар барлыгы өзүнөн болгон Улук Жаратканга ыйгарылса, маселе дароо такталат. Андан кийин бир клетка катары жумуртканын жаратылышы, же тукумун улантышы үчүн тооктун жаратылышын жана жумуртканын андан чыгышынын ортосунда айырма жок.

Муну минтип кабылдабастан, «Ал андан, ал болсо, тигиден.» деп айтуу менен эч бир нерсе такталбай тургандай эле, жооп берилген ар бир суроо менен бирге бир нече жаңы суроо пайда болот. Мисалы, жаан булутка байланыштуу, булут оң-терс тамчыларга, алар болсо буулануу кубулушуна, ал болсо сууну пайда кылган элементтерге… ушундайча себептер чынжыры, балким, бир нече кадам дагы да илгерилеп, уланышы мүмкүн, бирок токтогон жеринде кайра эле, «Бул мындай да болушу мүмкүн, тигиндей да» деп адам баласы өзүн теориялардын кучагында деп сезет жана ошолор менен канааттангысы келет. Бул болсо, укмуштуудай мыйзам, айкаштыкты, бири¬бири менен байланышта болгон, бир сырдуу кудурет күч астында пайда болгон бардык нерсени жаш баланын кыялдануусу менен чечмелөөгө аракеттенүү жана башка илимдердин максатын, келечегин караңгылатуу болуп саналат. Чындыгында, ар бир натыйжага жетүү үчүн сөзсүз акылга сыя турган бир себеп болушу керек. Акылга сыйбаган жана логикага туура келбеген себептердин биринин артынан экинчисинин уланып кетишин туура көрүү куру бекер алдануу болуп эсептелет.

Эми бир мисал менен бул маселеге жакындан үңүлө карап көрөлү: мисалы, мен арткы буттары болбогон бир отургучтун үстүндө отурам. Отургуч кулабашы үчүн өзүнө окшош үч буттуу бир отургучка таялган, ал башка бир отургучка… Ушинтип уланып кете берет. Бул нерсе чексиз уланып кете берсе да, арткы буттары болгон жана жерге толук отурган бир отургучка таялбаса, ишти чынжырлама түрүндө созо берүү отургучка арткы бут болуп бербейт.

Дагы бир мисал, кагазга нөл жазалы. Бул нөлдүн солуна нөлдөн башка бир сан жазмайынча көптөгөн нөлдөрдүн катар жазылышы эч бир мааниге ээ болбойт. Триллиондогон нөлдөр катар жазылса да, баары бир нөл болуп тура берет. Качан гана солуна бир сан жазылса, ошондо бир мааниге ээ болот.

Мунун мааниси: Бир нерсенин өз алдынча барлыгы болбосо, өзүндөй эле муктаж заттардын аны жаратуулары мүмкүн эмес. Дайыма бир эле нерсеге муктаж жана бирдей эле алсыз болгондордун бир жерге чогулушу муктаждыкты жана алсыздыкты көбөйтүүдөн башка эч нерсеге жарабайт. Мүмкүн болбосо да, мүмкүн деп ойлоп, себептердин кийлигишүүсү кабыл кылынса да, физиканын өзгөрбөс мыйзамдарына шайкеш себеп менен натыйжанын ортосунда акылга сыя турган байланыштын болушу шарт. Бул боюнча, мисалы, жер шарынын жашоого ылайыктуу абалга келгенинен баштап, адамдын ойлонуучу бир «тирүү жандык» болушуна чейинки бардык нерсеге бир себеп табуу, болгондо да акылга сыя турган жана ал натыйжаны берүүгө күчү жете турган бир себеп табуу керек.

Чындыгында, жер шарынын учурдагы абалынан, б.а. ылдамдыгы, Күндөн болгон узактыгы, атмосфера катмары, периодикасы, жашоого ыңгайлуулугу; атмосфераны түзгөн газдардын пайдалары… сыяктуу нерселерден баштап андагы топурак жана өсүмдүккө; деңиздерге жана ал жердеги сырдуу мыйзамдарга, шамалдар жана алардын милдеттерине чейин миңдеген, жүз миңдеген кубулуш ушундай керемет ыргакта жүрүп жаткандыктан, булардын бардыгын сокур, дүлөй себептерге жана кокустуктарга ыйгаруу акылдын өзүн өзү жокко чыгарышы болуп эсептелет.

Бул боюнча ыйман тууралуу маселелерди окуп-изилдөөчү аалымдардын «циркуляция жана тасалсуль бири-бирине уланган түрдө» жолу менен баардык себептерге талдоо жүргүзүп, аягында ошол бардык себептерди жаратуучу Алла экендигин далилдеп, андан кийин бардык нерсеге «болуусу мүмкүн» деп билип, себептердин тизмегинин ээси Улуу Жаратуучу деп таанып, Алланын бар жана бир экендигин көрсөткөн. Бирок алардын көп эмгек сарптоо менен жеткен бул натыйжасына кыска жана оңой жол менен дагы жетүүгө болот. Ырас, Улук Жараткандын ар бир жараткан нерсесинде өзүнө таандык мөөрлөрдүн болушу Анын барлыгына бир эмес, миңдеген далил. Ааламдын сырлары илимий жол менен ачыла баштаган биздин доордо ар бир илим өзүнө таандык тили менен Анын барлыгын жар салууда.

Бул темада көптөгөн адамдар жазган абдан баалуу чыгармаларды жетиштүү деп эсептеп, темага кайтам.

Ооба, бардык нерсе Алла Тааланын кудурети менен кийинчерээк пайда болгон. Жаратуучу Алла Таала өзү болгондуктан ал жаратылган эмес. Жаратылган бардык нерсе макулук жана башканын мээримине муктаж. Ал болсо, барлыгы өзүнөн, эч кимге муктаж болбогон Ганиййун алаль¬Итлак. Бардык нерсе Ага таянат жана бардык караңгылыктар, түшүнүксүз болуп көрүнгөн нерселер Ал аркылуу жарыкка чыгат. Бардык нерсени жараткан жана белгилүү бир максатка карай багыттаган дагы Анын Өзү. Андан улуу эч ким жок.

Муну дагы бир¬эки жөнөкөй мисал менен түшүндүрүүгө аракет кылалы, мисалы, денемди бутум көтөрүп турат, бутум болсо жердин үстүндө. Ушундай туруктуу нерсе турганда, мындан башка себептерди издөөнүн эч кажети жок. Дагы бир мисал: поезддин эң арткы вагонун анын алдындагы вагон тартат, аны болсо, анын алдындагы… ошентип отуруп локомотивге такалат. Аны болсо өзүнө тиешелүү күчү, кубаты, түзүлүшү жана кыймылына карап туруп «өзү кыймылдайт» дейбиз.

Жогорудагы бул мисалдар Алла жараткан нерселерден жана алданган акылдардын жаңы себептер менен локомотивди алмаштыруусу мүмкүн боло турган мисалдардан. Бирок, үзгүлтүксүз локомотив алмаштырса да, токтоп калганда, «Мына себептердин бүтүшү.» деп жүздөрүнө чачабыз. Бул жерде акыл-ойду адаштырган дагы бир маселе чектүү ойлонгон адам баласынын эзелки (башталышы жок) деген түшүнүктү түшүнө албастан, материяны эзелки деп билип, акырында такыр болбой турган кээ бир нерселерди болушу мүмкүн деген ишенимге келип такалышы.

Биринчиден, эзел – өткөн убакыттын башталышы эмес, ал убакыт менен чектелбей турган нерсе. Убакыттар триллион көбөйтүү триллион жыл болсо да, аны эзел менен салыштырганда бир көз ирмемдей дагы болбой калат. Ал эми себептердин чынжырланышына негиз болгон материянын бир башталышынын болушу илимий түрдө аныкталган. Электрондордун кыймылдары, ядролук физиканын сыры, дайыма радиация жайган Күндөгү сырдуу кыймыл жана термодинамикалык мыйзамдуулук, бардык нерсенин соңу келе тургандыгын көрсөткөн далилдердин бири. Соңу болгон бардык нерсенин бир башталышынын болушу талашсыз.

Ошондуктан, бардык нерсе, оболу, пайда болуусу менен Жараткандын барлыгын далилдегендей, өчүп кетүүсү менен Анын башталышынын жана соңунун болбогонун көрсөтөт. Анткени башталышы болгондун бир күнү соңунун келе турганы табигый көрүнүш болгондой эле, башталышы болбогондун соңу да болбой тургандыгы чындык. Ошон үчүн биз материя жана материядан пайда болгон бардык нерсеге, бүгүн бар болсо да, эртең жок болот деген көз караш менен карайбыз.

Бирок ааламдардын акырындап жоголушу, материянын акырындап түгөнүшү көп адамдарды алдай турган көрүнүштө. Бирок акырындык менен болсо да, узун бир өтмүштөн ушул учурга чейин кеңейген дүйнөлөр бир күнү сөзсүз кичирейип, жок болот. Ооба, материя бүгүн бар болсо да, кээ бир позитивдүү натыйжалар аркылуу, өзгөрүп баратканы талашсыз. Эми муну силерге төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрүүгө аракет кылайын:

А чекитинен чыккан бир поезд 50-55 км алыстыктагы Б чекитин көздөй багыт алды дейли. Поезддин ылдамдыгы саатына 55 км. Бул боюнча поезд бул аралыкты бир саатта гана басып өтөт. Бул ылдамдыкта жарым сааттай жүргөн соң, ылдамдыгын жарымына чейин төмөндөтөт. Алдыда дагы 27.5 км’лик жол бар, андыктан ылдамдыгын жартысына азайткан поезд бул 27.5 км аралыктын жартысын гана жарым саатта басып өтө алат. Бул темп менен жүргөн поезд жарым саат өткөн соң, ылдамдыгын дагы жарымына төмөндөттү дейли. Калган аралыктын жартысын жарым саатта басып өтөт. Ушинтип ар бир жарым саатта ылдамдыгын жарымына чейин төмөндөтүп отурган поезд Б чекитине эч качан жете албачудай. Бирок акыры аралык түгөнөт, барылчу пунктка жетет. Бирок бул темп менен жүрө турган болсо, адам баласы ал жакка эч качан жете албайт деп ойлойт.

Ушул сыяктуу эле материя да акырындап эрип, жок болуп жатат. Бир нече миллион жылдан кийин болсо да, бул нерсе аягына чыгат жана барлыгы өзүнөн болгон Алладан башка бардык нерсе жок болот.

Натыйжада, Алла заты менен бар жана Ал бардык нерсенин жаратуучусу. Ага жаратылган деп таануу жаратуучу менен жаратылгандарды ажырата албаган акылдын тайыздыгы. Мындай коркунучтуу ой¬пикирди ойлоп тапкан байкуштар акылдуу болуп көрүнөм деп жатып, акылсыздыкка түшүп кеткенин байкабай калышууда. Ооба, учурда бирөө материяны эзелки деши жана Алланы жокко чыгаруусу негизсиз.

Бирок зат жана кубулуштарды туура түшүнө албаган кээ бир материалисттер материянын түгөнүш себептерин түшүнө алганга чейин пикирлери жаңылыш, сөздөрү жалган болгондугуна карабастан, кээ бир ишенчээк адамдарды алдай беришмекчи.

Иштин аныгын илими бардык нерсени камтыган Улуу Жаратуучу билет.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message