Беш убак намаз парз. Уюлдарда болсо, кээде алты ай түн, алты ай күндүз болот. Мындай жерде намаз кантип оку­лат?

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Доорубузда пайда болгон суроолор » Беш убак намаз парз. Уюлдарда болсо, кээде алты ай түн, алты ай күндүз болот. Мындай жерде намаз кантип оку­лат?

Бул суроону сурагандар чын дилден сурап жатабы, билбейбиз. Ант­кени ушул учурга чейин бул суроо дайыма исламдын бүткүл дүйнө­лүк дин экенин жокко чыгарууга аракет кылган динсиздер тарабынан суралып келген. Бул суроо аркылуу алар мындай дегилери келишкен: Силер исламды бүткүл дүйнөлүк деп эсептейсиңер, бирок алты ай түн жана алты ай күндүз болгон кээ бир жерлерде намаз окуп, орозо кармап, жашоо кантип мүмкүн болот?

Дароо айтып коюшум керек: Дүйнөдө эч бир система, атүгүл бул система экономикалык система болсо да, эч качан ислам жеткен дең­гээлге жете албайт. Мына учурдагы миң кемчиликтүү системаларды алалы, аларды система деп айтуудан уяласың. Атүгүл алардын ичин­де али ал системанын негиздөөчүсү тирүү кезде бир нече жолу кайра­дан түзүлүп чыккандары бар… Мисалы, Маркстын экономика систе­масы Энгельс менен бирге бир нече ирет каралып, түзөтүлгөнүнө ка­рабастан, бирибиринин артынан келген интернационалдарда кээ бир жерлери өзгөртүлүп, түрдүү формаларга салынган.

Бул негиз учурдагы ар экономика системасында ушундай болгон­дой эле, бардык убактарда жана түрдүү системаларда көбүрөөк бай­калган табигый кемчилик болуп саналат.

Муну да дароо кошумчалай кетейин, менин мындай салыштыруу менен ишти чампалап бүтүрө салуу ниетим жок. А бирок душманда­рыбыздын кесиби диалектика болгондуктан, биз да убактылуу төмөн түшүп, жаш баладай сүйлөөгө мажбур болуудабыз…

Экинчиден, бүткүл дүйнөлүк динди сынга алгыдай дүйнө эли­нин канча пайызы мындай жерлерде жашайт болду экен? Ооба, муз­дуу жерлерде жашагандар адамзаттын канча пайызын түзөт? Бал­ким миллиондон бири да болбойт. Андай болсо, жер шарынын бар­дык жагын жана бүткүл адамзатты көңүлгө албастан, бирэки мада­ниятсыздардын абалына карап, шеккүмөн пайда кылууга аракеттенүү кантип чын жүрөктөн болушу мүмкүн?!

Үчүнчүдөн, мусулмандардын намаз маселеси суралгыдай уюлдарда мусулмандар жашайбы? Эгер бир күнү адамдар уюлдарга жайгаш­кан соң, кээ бир кишилер ибадат тууралуу суроо берсе, ошондо гана мындай суроо кандайдыр бир мааниге ээ болот. Болбосо азырынча мындай суроону бир гана таза жүрөктөргө шеккүмөн салуу үчүн ата­йын ойлоп табылган деп эсептейбиз.!

Эми болсо, ислам бул темада эмне айтканы тууралуу баяндайлы. Калетсиз, эч бир теманы кур калтырбаган ислам муну да унут кал­тырган эмес. Ооба, бул негиз бир окуя себептүү тээ алгачкы кылым­да эле такталган. Имам Бухаринин Сахихи менен Ахмад бин Ханбал­дын Муснадында Пайгамбарыбыз менен сахабаларынын ортосунда төмөнкүдөй бир диалогдун болуп өткөнүн көрөбүз: Пайгамбарыбыз: «(Көпчүлүк инсандар) динден кайтканда, Дажжал чыгат.» Дагы бир риваятта: «Ал чыгыштан пайда болуп, кырк күндө жерди баштанаяк кыдырат. Анын бир күнү силердин бир жылыңар. Бир күнү бар си­лердин бир айыңар. Жана дагы бир күнү бар силердин бир аптаңар, калган күндөрү силердин күндөрүңөрдөй.» деген. Сахабалар сурайт: «Өлчөмү бир жыл болгон ошол күндө бир күндүк намаз жетеби?» Ал жооп берет: «Жок, эсептейсиңер.» Башкача айтканда, жалаң түн жана күндүз болгон айларды, апталарды жыйырма төрт сааттык күндөргө бөлүп, ибадаттарыңарды ошого карай кыласыңар.

Маселе факихтердин колуна өткөндө, туура эмес түшүнүккө жол бербей турган таризде Имам Шаафиинин «АльУмм» китебинен маз­хабындагы «Манхажга» чейин жана ханафийлердин эски китептери­нен «Тахтави» түшүндүрмөсүнө чейин токтолуп, иштелип отуруп, бардыгы биле турган бир маселеге айланган.

Бул тема убакыттардын намазга себеп болуусунда каралып, түшүн­дүрүлөт. Биз бул темада бир гана маселебизге байланыштуу бөлүгү­нө токтолобуз.

Убакыттар намаздардын парз болушунун шарттары. Убакыт бол­босо, намаз парз болбойт. Мисалы, бир жерде куптандын убактысы кирбесе, куптан намазы парз болбойт. Бирок бул күндүн бир убакты­сы болбогон жерлер үчүн, болбосо дажжал хадисинде айтылгандай, жылдын көбү түн, же күндүз болгон жерлерде ошол узун күн, же түн­дү биздин күндөрүбүздүн жана түндөрүбүздүн өлчөмүнө карай, эсеп­теп, ибадаттарыбызды аткарабыз. Башкача айтканда, ошол чөлкөм­гө эң жакын болгон жердин намаз убакыттарын колдонуп, түн менен күндү белгилүү бөлүмдөргө бөлүп, түнкүсүн түндө кылынган иба­даттарды, күндүзү күндүз кылынган ибадаттарды аткарабыз. Бул та­мактануу, жатыптуруу ишин табигый түрдө бөлүштүргөнүбүзгө окшош…

Ооба, айлар бою күн батпаган жана күн чыкпаган жерлерде жара­тылыш мыйзамдарына кандай баш ийсек, орозо, намаз жана ажы­лык сыяктуу ибадаттарда да биз жашаган жашоого ыңгайлаштырууга мажбурбуз.

Сөздүн кыскасы, ислам бул негизди да эч качан көз жаздымда кал­тырган эмес: уюлдарга эң жакын жерлерден беш убакыт болгон жер­ге таандык намаз убакыттарын колдонуу керектигин маалымдаган.

Бул жерде дагы бир маселени кароо керек. Бул убакыт болбогон жерде намаздын кылынбай турганы. Ырас, чынында убакыттар на­мазга себеп катары көрсөтүлсө да, намаздын чыныгы себеби Алла­нын буйругу. Ошондуктан, убакыт кирбеген жерлерде окулган намаз­дын казасын башка учурларда окуу этиятка ылайык болот.

Иштин аныгын Алла билет.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message