Алла Таала биздин бул дүйнөдө эмне кыла тургандыбызды билет. Буйруктарына баш ийип же ийбей тургандыбызды дагы билет. Анда эмне үчүн бизди сынап, бул дүйнөгө жиберди?

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Доорубузда пайда болгон суроолор » Алла Таала биздин бул дүйнөдө эмне кыла тургандыбызды билет. Буйруктарына баш ийип же ийбей тургандыбызды дагы билет. Анда эмне үчүн бизди сынап, бул дүйнөгө жиберди?

Ырас, Алла Таала биздин эмне кыла тургандыгыбызды билет, му­ну менен бирге бизди сыноо үчүн, б.а. бизге жүктөлгөн милдеттерге болгон жөндөмдөрүбүздү өркүндөтүшүбүз үчүн бул дүйнөгө жибер­ген. Ооба, ал бизди жаратаарда кен байлык сыяктуу жараткан: көмүр кени, темир кени, алтын кени, күмүш кени сыяктуу.

Ал муну баардык нерсени жаратып, өнүктүргөн Раббибиз катары жараткан.Чыгармачыл адам кандайча өз жөндөмүн, талантын көрсө­түү аркылуу билинип таанылгысы келсе, так ошондойчо, Алла Таа­ла дагы көптөгөн ысымдары жана алар чагылып турган чыгармалары (жараткан нерселери) менен таанылгысы келет. Өзүнүн түрдүү чы­гармаларын адамзатка көрсөтүү үчүн бул дүйнө деп аталган көргөз­мөнү ачып, купуя кооздуктарын ачыкка чыгарган.

Дагы тагыраак айтканда, көмүр кенинде Алланын ысымдары кан­дайча чагылып көрүнүүдө, темирде, алтында, күмүштө кандайча өзүн көрсөтүүдө, анан адам баласынын кийлигишүүсү аркылуу иштетил­ген алтында, күмүштө жана темирде кандай чагылууда.. Дагы бир аз иштетилүү менен көмүр алмазга айланганда Жаратуучунун ысымы­нын чагылганын көрөбүз, мына ошого көңүл бурдуруу үчүн түрдүү даражаларда жана этаптарда ысымдарынын чагылууларын көрсөтүп, өзүн даана таанышыбыз үчүн мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ырас, бардык нерсени жараткан – Ал Өзү. Ал баардык нерсени жаратып, аларды миңдеген түрдүү жемиш бердирет.

Жаратуучунун ушул сыноосунун арты менен инсандар тазарып, бе­йишке ылайык абалга келет. Тактап айтканда, кендер алтынга, алмаз­га жана күмүшкө айланат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) хадисинде мындай деген: «Адамдар кен сыяктуу. Жахилийада (Исламдан мурунку учур) кайырдуу болгон, Исламда да кайырдуу.»

Тагыраак айтсак, жахилийада намыстуу болгон Умар исламда да  улук, токтоо, салабаттуу, күчтүү. Жахилийат доорунда катаал, каала­ганын жасаткан, исламда болсо ушунчалык кичипейил, бирок каа­пырларга, бузукуларга карата катаал жана жаалдуу Умар! Жахили­йада кен катары кандай болсо, исламда да ошондой. Ошондуктан ор­дунда жөн турбаган, жандуу, алдуу-күчтүү кишилерди көргөнүбүздө ичибизден мусулман болушун тилешибиз керек… Анткени жахили­йада намыстуу болгон исламда да намыстуу болот.

Ислам дини инсанды кен сыяктуу ийлейт, сом алтынга айландырат. Сахабалар ушундай сом алтынга айланышкан. Кийинкилердин сапа­ты түшө баштаган. Жыйырманчы кылымда эң төмөн даражага чейин түшүп кеткен.

Демек, биз дүйнөдө тазарышыбыз үчүн сыналуудабыз. Кудай биз­дин кандай жол аркылуу тазарышыбызды билгендиги үчүн, бизди сыноодо. Кудай сактасын, Ал билбеген нерсесин бизден билүү үчүн эмес. Тагыраак айтсак, биз өзүбүзчө сыналуудабыз.

Ырас, биз темир болсок темир болуу, алтын болсок алтын болуу жолундабыз, биз бул үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз, ушун­дайча Кудайдын эзелде билген нерсесинин жүзөгө ашышына себеп болобуз. Биз өзүбүздү өзүбүз сынап, Анын алдына өз турпатыбыз ме­нен келебиз. Куран айткандай, «Ошол күнү алардын колдору, бутта­ры, – буга кошсок – көздөрү, тилдери аларга каршы күбөлүк берет.» Сен да муну билсең, өзүң менен өзүң сыналып жатканыңды түшү­нөсүң. Кудай сенин абалыңды билиш үчүн сынап жаткан жери жок. Тескерисинче, сени сага көрсөтүүдө жана сени өзүң менен сыноодо.

Бардык нерсенин эң туурасын Алла Таала гана билет.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message