Доорубузда пайда болнон суроолор тууралуу

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Доорубузда пайда болгон суроолор » Доорубузда пайда болнон суроолор тууралуу

Кылымдар бою чогулган шеккүмөндүү ойлор жан дүйнөнү кый­нап, инсандардын ишенимдерин кыйроого учуратты. Бул күмөндүү ойлор учурубузда атеисттик көз карашка айланды. Христиан дүйнөсү бул шеккүмөндөргө туруштук бере алган жок. Бизде да алгачкы учур­ларда ишенимде ой-кыйыштар болду. Атүгүл бул кылымдын башын­да ыйманынан ажыраган кээ бир жаштар акыркы жазган каттарын­да ыймансыз жашоонун маанисиздигин баса белгилеп, өз жандарын кыйышкан. Миң жылдан бери ойлоп чыгарылган кыйратуучу курал­дар элдин жүрөгүнүн үшүн алып, карапайым калктын таянычы бол­гон исламдык негиздер, исламдык ишаракеттер, исламдык символ­дор талкаланып, анын натыйжасында инсандардын жандүйнөсү бу­зула баштаган. Бул коркунучтуу жаралар Курандын жана ыймандын дарылары менен айыктырылууга тийиш болчу.

Аалымдарыбыз муну билишчү… Маркум Умар Насухи да мындай деген эле: «Кылымыбыздын ислам аалымдары бул заманда аңсезим­дерди адаштырган кээ бир жаңы философиялык теорияларды сын­га алып, диндин негиздерин тереңдетип изилдеп-талдоолору зарыл.» (Муваззах илми келам) Кылымыбызда жашаган руханияттын мык­ты дарыгеринин диагнозу менен айтканда: «Материализм рухий чу­ма сыяктуу сындоо жөндөмү өнүккөн сайын жайылуу мүмкүнчүлүгү артууда. Илимбилимден телкин, маданияттан таклид (тууроо) алган… Буга туура эмес түшүнүлгөн эркиндик менен менменсинүүчүлүк ко­шулса, андан бетер кеңири жайылууда.» Бул оору кээ бир атактуу жа­зуучулардын романдары сунулуусу менен, чумадан да күчтүү түрдө жайыла баштады. Жаш жана алсыз зээндерде, жүрөктөрдө өсүпөөр­чүдү. Айылда, шаарда бул шеккүмөндөр тууралуу сөз кылына турган болду. Мектептерде, атүгүл кафелерде дин, ыйман тууралуу сөз бо­луп калганда, сөзсүз булардан кеп козголчу.

Кээ бир адамдар бул нерселерди укпагандай, шеккүмөндөрдү жү­рөгүндөгү ыймандын күчү менен талкалап, жан дүйнө жана зээнде­ринде даярдаган зындандарга ыргытышты; жоопторун таба алышпа­са да ыймандарынын күчү, ибадаттан алган рухий ылаззаттар ал шек­күмөндөрдү унуттура алган.

Кээ бирлери бул каршы чыгууларды айткандардын ниеттерине ка­рабастан, аларды жокко чыгарууга аракет кылышты. Мындай куру­лай каршылык көрсөтүүлөр болсо, гангренанын тереңдеп жайылы­шына себепкер болду. Жакшы ниет менен жооп издөө үчүн сураш­тыргандар болсо, ынандырарлык жооп таба албай калганда, корку­нучтуу шеккүмөндөргө дуушар болушту. Бул убакта атеизмдин ай­лампасына кабылып, түпсүз туңгуюктарга кулагандар дагы болду.

Мындай абал болсо, материалисттик көз карашка ээ жана бул тү­шүнүктөрүн идеологиялык согушка айланткандар үчүн абдан ыңгай­луу болчу. Көбүн ушулар аркылуу сулатышты. Жок эле дегенде жа­ралашты.

Мурда ыймансыздык караңгылыктан улам болчу, ошон үчүн аларга акыйкат түшүндүрүлгөндө, түркөйлүк, сабатсыздыктар жоюлуп, на­тыйжада чындыкка жетип, бейпилдикке бөлөнчү. Азыр болсо, илим­билим жана философия тармагында бул каапырдык бороончапкын болуп улупуңшуп жатат. Анан калса, мындай түшүнүккө ээ болгон кишилер өздөрүн билебиз деп ойлогондору үчүн, илимий деп кабыл кылган бул пикирлеринен башка эч нерсени кабыл кылгылары кел­ген эмес. Ошентип, чындыкты изилдөө жөндөмдөрү мокоп калган. Ошон үчүн мурда булардын миңден бири гана туура жолго келчү. Ал кезде инсандардын көпчүлүгү ыймандуу болгондуктан, булардын ан­ча зыяны жок болчу. Ал эми биз жашаган доордо болсо таслимият (исламдын шарттарына кың дебестен моюн сунуу) кыйрагандыктан, көп кишинин ыйманына доо кеткен абалда турат… Ошон үчүн каа­пырдыктын жайылышы менен баардык жерде шеккүмөндүү ойлор­дун ичинде кайсалаган, атүгүл бардык нерсесинен ажырагандарды көрчү болдук.

Мына, ушул абалга келгенден кийин, бул жаранын дарылоо уба­гы келип, өтүп баратканын сезген кадырлуу жазуучубуз чоң бир мук­таждыкты жоюу максаты менен бул китепти даярдады. Мазмуну жа­гынан алганда кыйла кенен жана терең маселелерге анализ жүргүзү­лүшү, кудай буюрса, көкүрөктөгү жана зээндердеги күдүк ойлордун жоюлушуна себепкер болот.

Сафвет Сених

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message