Жакшы иштерди жакшы адамдардын аты менен таанытуу, ата-энеге караганда мугалим жана тарбиячыга тиешелүү нерсе. “Жакшы иштерди жакшы адамдардын аты менен кандай таанытуу үчүн эмне кылышыбыз керек?” деген маселе тууралуу көз караштарыбыз төмөнкүчө:
Ооба, балдар, өспүрүмдөр жакшы иштерди үйрөнүшү керек. Бирок үйрөнүү теориялык гана нерсе болгондуктан бул теориялык иштерди жакшы адамдар менен таанытылышы жана алардын каармандары менен эске салуу өтө маанилүү. Кичинекей кезинде эле ал балдардын кыялын намаз окуган дурус адамдар ээлеши керек. Ушундайча бала өзү жүргөн жол, мурда кээ бир улуу инсандар жүргөн чыйыр экендигин билсин жана ал жолдо болуунун ылаззатын сезсин. Белгилүү бир жашка келгенден кийин, күнүгө бир канча жолу намаз окуган же жылдын көптөгөн күндөрүндө ысык-суук дебестен орозо кармаган адамды сыртынан карап бааласак, Алланын алдында эң улуу инсан болгондугуна ишенсин жана ага окшоого аракет кылсын. Кыскасы, кылган иштеринин баарын ошол идеалдуу адамга окшоо максатында аткарат жана терс көрүнүштөр ага таасирин тийгизе албайт.
Алла Элчиси: “Ушул доордо эки жүздүүлөр кылган иштерин силерден кандай жашырып, уялып жаткан болсо, момундар дагы (ишенимдерин жана жакшы иштерин) жашыра турган күн келет.” деп айткан.
Кээ бир доорлорго таандык бул ооруну, жаш муундарга тээ балалык чагында эле жеңип чыгуу жолдору көрсөтүлүп, кийинки жылдарында мүдүрүлүүсүнө жол бербөө керек. Тактап айтканда аларга дин аны менен сыймыктана турган нерсе экендиги билдирилип, Алланын буйруктарын чын ыкылас менен тутунууга үйрөтүү зарыл.
Мен бир болгон окуя тууралуу айтып берейин. Тарбияга катуу маани берген үй-бүлөнүн кызы өз мугалимине катуу таасир берет. Сүйүктүү эжейи адамзатка тиешелүү сылыктык сапатка ээ болгону менен, динсиздик аны күн өткөн сайын начарлатып баратты. Кичинекей кыз, жан дүйнөсүнөн орун алган дин акыйкатынын таасири менен бир күнү арткы партада отурган жеринде токтоно албай шолоктоп ыйлап кирди. Мээримдүү эжейи дароо кичинекей кыздын жанына келип, “Кызым, эмнеге ыйлап жатасың?” – деп сурайт. Ал: “Эжей, мен сиз үчүн ыйлап жатам,-” деп, сөзүн андан ары улап: “Сен Аллага ишенбегендигиң үчүн Алла сени жазалай тургандыгына кайгырып ыйлап жатам” – деп айтат. Эжейи мукактанып, эч нерсе айта албастан артка чегинет жана бир канча күндөн кийин ыйман нуру менен жүзү нурданган абалда окуучусунун жанына келип, кубанычын бөлүшөт.
Бул кичинекей кызга ыйман менен бирге ыйман менен сыймыктануу сезими берилген эле. Албетте, улуулук Аллага таандык өзгөчөлүк. Ооба,бала жүргөн жолунун сыймыктана турган жол экендигине ынануусу зарыл. Тактап айтканда ал, намаз окууну, орозо кармоону сыймык деп билип, намаз убактысы болгондо тартынбастан намазын окуй алуусу керек.
Курани Карим, биз аткаруубуз керек болгон жана сактануубуз керек болгон маселелер тууралуу күнүнө эң эле аз дегенде кырк жолу: “Раббибиз! Бир гана Сага кулчулук кылабыз жана жалгыз Сенден жардам сурайбыз. Бизге туура жолду көрсөт.” деген сыяктуу аяттары менен дурус, такыба адамдардын жолуна түшүү дуба-тилегин үйрөтүү менен бирге, “(ошол) Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жол” Аамийн. деген баяндары менен маселени ийне-жибине чейин баяндап, жаман нерселерди сүрөттөбөстөн туура эмес нерселерге көңүл бурдурат жана бейиш жолу багытында арзуу-каалоолорубузду сабалатып учуруп, динсиздик жана адашкандык жолдоруна карата кандай мамиледе болуубуз керектигин билдирет.
Бул жол – бизге тарбиялоо жолун дагы көрсөтөт. Биз тарбиялай турган адамдардын көңүлүн Алла Таалага жага турган жолго буруп, алардын жан дүйнөсүндө Аллага жакпаган нерселерге карата жек көрүү сезимин ойготуубуз керек. Негизинде бул нерсе биздин милдетибиз. Алланы тааныбаган, Аны жалгыз Раббиси катары тааныбаган адам жоопкерчилик астында калат. Себеби өз табиятынын милдетин билбеген, жаратылышындагы даанышман сырды жана бул дүйнөгө эмне үчүн жаралгандыгын түшүнө албаган, тактап айтканда бүтүндөй ушул сырдуу пардалардын артында өзүн бизге сездирген Алла Таалага ыйман болбогон адамдын бул дүйнө жана акырет бактылуулугуна жетиши мүмкүн эмес. Алла Таала мындай адамдарды жана ушундай адамдар менен максатташ болгон адамдарды дагы бактылуу кылбайт. Алла Таала: “Ошондуктан зулумдук кылгандарга ыктабагыла. Антчү болсоңор анда, Тозок оту силерге да жетет” деп айтат.









