Диний тарбияда так илимдерден пайдалануу

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Чырпыктан чынарга же үй-бүлөдөгү таалим-тарбия » Диний тарбияда так илимдерден пайдалануу

Жаштар физика, химия, астрономия сыяктуу так илимдерди үйрөнүп жатканда алардын бул деңгээлдеги маданиятына катарлаш ислам, ыйман, ишеним тууралуу дагы түшүндүрүү зарыл. Материалисттердин материяны негиз тутуп, баардык нерсени ошого байланыштырганына каршы, момун-мусулман дагы материяны, Алла Тааланы таануу, акыретке жана Куранга ыйман келтирүү жолунда орду менен колдонушу керек. Ооба, тарыхтагы баардык материалисттер батып калган материалисттик баткакка, момун-мусулмандар гүл өстүрө алышы керек жана баардык нерселерди жана кубулуштарды Алланын барлыгын көрсөткөн далил катары кабыл алуусу зарыл.

Жаштар ар күнү мектеп, университеттерде алган так илимине катарлаш, үй-бүлөсүндө диний илим албаса, анын жаза таюусу, адашуусу анык. Алардын окуу жайларда жана чөйрөдө үйрөнүп жаткан нерселери такталып, жаңылыш пикирлери болсо убагында чара көрүлбөсө, окуп үйрөнгөндөрү динсиздикке түртүшү ыктымал.

Ооба, жаштар философия окуп, кээ бир шек-күмөндөргө түртүлүшүнө каршы, акыл, ой жүгүртүү жана илимдерди оң мааниде талдоо менен колго алынбаса, кийинки учурларында олуттуу шек-күмөндөрдүн тузагына түшүп калышы мүмкүн. Мына ошондуктан, анын ой-жүгүртүүгө тиешелүү берген маалыматтары, акыл, ой жүгүртүү жана логикалык далилдер менен тастыкталышы зарыл. Материалисттер жаратылыштагы тартип жана мыйзамды табияттын өзү курат деп айтууларына жана бул жаатта бир топ философиялык теорияларды чыгаруусуна каршы биз дагы жаратылышта болуп жаткан кубулуштарды жана андагы мыйзам Алланын буйругу менен болуп жаткандыгын жаш муундарга жакшылап түшүндүрүүбүз керек. Мына ушул жол менен гана ар түрдүү теориялар анын зээнинде пайда кылуусу мүмкүн болгон шек-күмөндөрдүн алдын ала алабыз.

Ооба, ойго келбеген адаштыруулар менен анын зээнин булгаган жаңылыш маалыматтарга каршы ага туура маалыматтарды беришибиз зарыл. Негизинде баардык нерсе илимге байланыштуу. Сабатсыздык, диндин жана дин тутунуунун душманы. Демек, түркөйлөрдүн ойго келбеген айла-амалдар менен жаш муундарды бузуусуна каршы, момундар элим-жерим, диним деген жана так илимдерди үйрөнүүгө ышкыбоз адамдарды тарбиялоосу зарыл.

3. Жакшы чөйрө даярдоо

Заманбап дүйнөдө балдар үчүн мектепке жакын жерлерде же башка ылайыктуу жерлерде балдар ойноочу жайлардын болушуна катуу маани берилет. Анын материалдык дүйнөсү таза, бейпил болушу, үй-бүлөнү убара кылбоосу үчүн өтө маанилүү.

Булар пландалып, ар кандай пайда зыянына көңүл буруу менен курулган. Албетте, балага ушундай материалдык чөйрө сыяктуу, руханий жактан тарбиялана турган, ал гана эмес Улуу Жаратуучусу менен руханий байланыш жүргүзө ала турган чөйрөнүн болушу зарыл. “Баланын чөйрөсү” дегенде ушул нерселерге көңүл бурулушу керек. Эми ушул тууралуу аткарылышы керектүү болгон нерселерди сунууга аракет кылабыз.

а) Дос тандоо

Балага, теңтуштары арасынан динге, ыйманга маани берген достор табышына өбөлгө түзүү өтө маанилүү. Ата-эне балага жакшы дос табуу менен бирге, бул ишти көзөмөлгө алуусу керек. Анын эли-жерине, динине, улуттук баалуулуктарын сыйлай тургандай болуп тарбиялоо үчүн, баланы мажбурлабастан, ага туура багыт берүү абзел жана аны баалуу нерсебиз катары көрүнгөндүн эле колуна тапшыра бербөө керек. Албетте адам баласы тааныбаган адамга арзан буюмун дагы аманатка калтыра албайт. Мисалы бир адам силерге келип, “Досум, капчыгыңды уурдатып жиберишиң мүмкүн, өлкөбүздө көптөгөн уурулар бар, капчыгыңды мага бер, сактап коёюн!” десе, ага ишенип бересиңерби? Жок! Тааныбаган адамыңарга капчыгыңарды аманат кылып бере албайсыңар. Андай болсо, көчөдөгү, базардагы бейтааныш бир адамга балдарыңарды аманат кылып бере аласыңар?. Менимче мындай кылуу туура эмес.

Ооба, жакшы дос тандоо дагы ата-эненин милдети. Саъди Ширазинин “Гүлистан” аттуу китебинде айтылгандай, жаман жолдош кара жыландан, кобрадан дагы жаман. Ооба анын колуна түшсөңөр же уулантат же керексиз нерселер менен убара кылат. Жакшы дос периштеден дагы жакшы. Аны менен бирге болсоңор ар дайым жакшы жолдо жүрөсүңөр.

“Инсан жакшы көргөнү менен бирге болот” деген сөз, Пайгамбардын хадиси. Демек, ата-эненин баласына дос таап бериши зарыл. Баланын көз карашынын калыптанышында дос чөйрөсү кайдыгер калтырылбашы керек. Эгер бала, жаман чөйрөдө болсо, аны дароо ал жерден алып, ишенген башка жерге беришиңер керек. Ал гана эмес, өсүп-чоңойгон жеринде чөйрөсүн жаман жолдоштор курчап алган болсо, алардан бөлүүнүн жолун издешиңер шарт. Эгерде бул ишти аткара албасаңар, аны ал окуу жайынан алып, башка аймакка жибергиле. Бирок барган жеринде дагы аны менен алгачкы тааныштыра турган жолдоштору динди жакшы тутунган, намыстуу болушуна көңүл бурууңар керек.

Бала кайсыл жерде болсо дагы жаңыдан аралашкан чөйрөдө диний жашоого күбө болуп, башкалар менен дагы маанилүүрөөк ойлорду бөлүшүүсү абзел. Ата-эне материалдык жана моралдык баардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен перзентин тарбиялоого жана бүгүнкү жана келечек жашоосунда чектен чыккан бейбаш баланын ата-энеси болуп калбоого тырышат. Кээде бала, сабак окуу үчүн же үй тапшырмасын аткаруу үчүн бирөөнүн үйүнө барышы мүмкүн, мындай учурда дагы аны жакшылап көзөмөлдөөбүз зарыл.

Ооба, бала дос, жоро-жолдошторунун үйүнө барса болот, бирок ал барган үй-бүлө дагы диндин буйруктарын жашаган дурус үй-бүлө болушу керек. Баланын мына ушундай үй-бүлөлөрдөгү балдар менен достошуусуна жана ушундай үй-бүлөдөгү балдар менен бирге үй тапшырмасын аткаруусуна тоскоол болбостон, ага үндөө зарыл. Тескерисинче, ал барып-келип жүргөн үй, напсинин каалоолорун козгогон, күнөөгө жакын үй-бүлө болсо, анда балаңар жаман жолго түшүп кетет.

б) Чыныгы диний жашоону көрсөтүү жана эл көрсүндүктөн алыс кармоо

Балдарыңарды диний мааракелерге, мечитке алып баруу менен бирге, жакшы диний жөрөлгөлөр, “Мавлид набавия” (Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө карата даярдалган программ) болгон жерлерге алып барууңар керек. Ушундайча аны диний жашоо менен толук тааныштырган болосуңар. Ал табияттын талабы катары ушундай нерселер менен көкүрөгүн толтуруп, башка изденүүлөргө барбашы керек.

Бирок, дагы айта кетилчү нерсе, “Мавлид” жана Куран окуган адамдар ыкылассыз окушса, алардын ыкылассыздыгы баланын диний сезимдерине терс таасирин тийгизе турган болсо, баланын мындай маарекелерден алыс болушу пайдалуу. Диний ырлар, мавлид жан дүйнөнүн тазарта турган нерселер. Бирок, көзүнөн бир тамчы жаш акпаган бир адамдын: “Сени эстегенде көз жашым көл болот” – деп айтуусу, Аллага карата айтылган жалган болуп эсептелет. Мындай жалганды ал баланын угушу, анын аруу сезимдерине карата сыйсыз мамиле болуп калат.

Мен балалык кезимде, “Оо, Жараткан Алла, Сени эстеген сайын коркуп кетем” деген маанидеги арапча сөздү жазып жаткан учурда коркуп кетип, калемди коё салган элем. Дагы эле ошол жазууну эстелик катары дептеримде сактап келем. Алладан коркпогонума карабастан мен кантип “Оо, Жараткан Алла, Сени эстеген сайын коркуп кетем” деп айтам, деп уялып кеткемин. Ооба, айткан сөздөрү өзүнө дагы таасир болбогон, көздөрү жашылданбаган, бирок алакан жайып, “Көз жаштарыбыз менен алдыңа келдик” деп айткан адамды ал баланын көрүшү дагы, баланын башында ар кандай ойлор пайда кылышы мүмкүн.

Бул биздин диний түшүнүгүбүздүн талабы жана сахабалардын жашоосунда дагы ошол эле нерселерди көрүүгө болот. Негизинде бул кыймыл-аракет,Алла Элчиси (САВ) жактырган кыймыл-аракет болуп саналат. Ошондуктан сахабалардын башкача болушу дагы мүмкүн эмес эле. Ушул принципти кабыл алсак, диндин бир негизин кабыл алган болуп эсептелебиз.

в) Байланыш кура турган адамдарды жана жайды тандап алуу

Үй-бүлөнүн таза болушу тууралуу мурдагы бөлүмдөрдө айтып кеткен элек. Негизинде, ата-эне жакшы көзөмөлгө алган жана туура булактардан маалымат алган бала сырткы терс таасирлерден дээрлик корголгон болуп эсептелет. Бирок, ошондой болсо дагы жакшылап көзөмөлдөө абдан зарыл. Ал гана эмес бала, дептер, калем сыяктуу нерселерди алуу үчүн дагы жаман сөздөр сүйлөнбөгөн, жаман кыймыл-аракеттер жасалбаган жерлерге барышы керек. Ооба ал, дурус эмес китептер сатылган жерлерге барбашы абзел. Баланын ою ошончолук дагы бузулбашы шарт. Ал барган жерлеринде Аллага, динине, улутуна таандык баалуулуктарга күбө болушу керек. Дептер, калем, китеп ала турган жайлар дагы ата-эне тарабынан тандалышы зарыл экендигин дагы бир жолу кайталап, эсиңиздерге сала кетмекчимин.

Бала, бир кийим тиктирүү үчүн тигүүчү дүкөнүнө барса, ал жерден дагы өз динине жана маданиятына таандык нерселерге күбө болушу абзел. Тигүүчү колуна ийне алып, иш кылып жатканда дагы, бир тараптан жанына келгендерге өз динибиздин жана маданиятыбызды сүйдүрүүгө аракет кылуусу зарыл.

Ушунчалык кылдаттык аны коомчулуктан бөлүп коюу деген мааниде түшүнүлбөсүн. Тескерисинче, балабыздын туура тарбияланышы үчүн этияттык талап кылынат. Теманы дагы бир аз кененирээк ачыктай турган болсок, баланын чачын кыскартуу үчүн дагы колундагы аспап менен “Биссмилла” деп ишти баштай турган чачтарачты тандап алуу абзел.

Ушуга байланыштуу маанилүү бир нерсеге көңүлүңөрдү бургум келет. Үйлөнүү тоюна баруу диний бир милдет жана жоопкерчилик. Алла Элчиси: “Силерди үйлөнүү тоюна, нике мааракесине чакырышса, баргыла” – деп айткан. Пайгамбарыбыздын бул буйругуна каршы чыгуу туура болбостугу анык. Мындай буйрукка ар бир момун баш иет. Бирок, диндин дагы бир принциби катары, керексиз нерселер сүйлөнгөн, күнөө жана жаман иштер жасалган үйлөнүү тоюна барбоо керек. Баланы моралдык жактан буза турган нерселер жасала турган болсо, албетте анын мындай тойго баруусуна эч ким жол бере албайт.

г) Бала сыналгыдан көрө турган программаларды тандап берүү зарыл

Үйүндө телевизору бар момун-мусулман, балдарына көрсөтө турган программаларды тандоосу керек. Телевизор көрүү күнөө деп айтып жаткан жерибиз жок. Болгону, сыналгынын каналдарын жана программаларын тандоо дагы тарбияда зарыл экендигин эскерте кетмекчибиз. Чындыгында кээ бир массалык маалыматтар, жаштардын адеп-ахлагын жана ишенимин бузуп, руханий дүйнөсүн караңгылатып, моралдык бузуктукту өнүктүрүүдө. Мына ошондуктан, кээ бир телеканалдар адеп-ахлагыңарды бузгандыгына карабастан көрүлүп жаткан болсо, эң башта балдар жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн адеп-ахлагынын бузулушу анык.

Жогоруда айткандарыбызды эч бир убакта илимге, техникага каршы деген мааниге бурбоо керек. Биз, технология, адамзаттын бактылуулугуна өбөлгө катары колдонулушу тууралуу көз карашка кошулабыз. Алла Тааланын бизге берген тартууларын маданият, өндүрүш, медицина … сыяктуу нерселер үчүн колдонушубуз керек. Мындай көз караш эскичилик эмес. Эскичилик – кээ бир сыналгы каналдарынын уятсыз, адеп-ахлактуулукка жатпаган баардык нерселерди көрсөтүп жаткандыгына жана жаштардын бузулуусуна кайдыгер кароо.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message