Өлүмдүн экинчи жүзү

Көпчүлүк адамдар өлүмдү баардык нерсенин аякташы, жок болуу, кыйроо жана топуракка айлануу деп билишет жана эч качан ага жолугууну каалашпайт. Оору, карылык, согуш, жол кырсыктары жана жер титирөө сыяктуу өлүмгө себеп боло турган окуялар болгондо катуу коркуп, кабырдын жалгыздык жана ээндигин ойлоп коркот жана жашоосун жан чыдагыс азапка айлантат. Ооба, мындай адамдардын ою боюнча, адам баласы өлгөндө баары бүтөт. Дене топуракка айлануу менен түбөлүк уйкуга кетет. Баардык нерсе жана баардык жер жоктуктун караңгылыгына көмүлөт; акын айткандай: “Эми күндү көрө албайсың, керилип жатып уктайсың.” Түбөлүк үчүн жаратылган, түбөлүк жашоону каалаган инсандын мындай бир ой менен канчалык кыйналып, азап тартаары белгилүү.

Чындыгында өлүм, жок болуу, бүтүп-түгөнүү болбогондой эле, кабыр дагы топуракка айлануу чуңкуру, жалгыздыкта боло турган жана ээн бөлмө эмес. Өлүм – жаратылганда белгилүү бир максат менен жаратылган адам баласынын дагы бир белгилүү план жана программага байланыштуу бир ааламдан башка бир ааламга көчүшү, абалынын өзгөрүшү, жасаган иштерине жараша өзгөчө бир этапты жашап, аягында чыныгы өлкөсүнө кайтуу менен Жаратуучусуна жолугуу үчүн сапар тартуусу жана Жаратуучунун тартууларына ыраазы болуусу. О.э. кабыр дагы көпчүлүгү ойлогондой караңгы чукур, ээн бөлмө эмес, тескерисинче, жарыктыкка ачылган бир эшик, адам баласын нурдуу ааламдарга алып бара турган коридор жана рухтарды жогоруга көтөрө турган жардамчы нерсе.

Ооба өлүм, биз үчүн ар дайым рух кезип жүргөн бир жайга жана убакытка кулдук милдетинен бошотулуп, Улуу Жаратуучунун “Кел эми, Мага кел!”деп айтуусу. Аны таанып, чын көңүлү менен сүйгөндөр үчүн бул “Кел!” деген сөз өтө терең маанидеги чакырык болуп эсептелет. “Эй, жайбаракат-бейпил жан. Сен (Алла тартуу эткен жыргалчылыктардан) ыраазы болгон (жана Алла Таала тарабынан сенин иштериңден) ыраазы болунган абалда Раббиң алдына кайткын!. Анан, (саалих-жакшы) пенделерим катарына киргин. Жана Менин бейишиме киргин!” деген чакырыкты уккан инсан бул жерде токтоп тургусу келбейт. Себеби бул чакырыктын мааниси бул дүйнөнүн кыйноо салган чөйрөсүнөн кутул! Жоготкон бейишиңе жана рухтун чыныгы журтуна кайт, дегендик. Өлүмдү бул маанидеги бир чакырык катары кабыл алгандар, бул дүйнөгө келүүнү аскерге кабыл алуу, андан кайтууну аскердик милдетинен кайтуу, экинчи жолу төрөлүү жана түбөлүк жашоого жетүү маанисинде түшүнөт жана кабырды көздөй кылчактабастан кадам ташташат. Азраилге жолдош болууну, Исрафийлге дос болуудай кабыл алышат, Алланын алдына баруу учурунун ар бир көз ирмемин Жабраилдин коштоосунда миражга көтөрүлүп жаткандай сезет. Негизинде момун адам, өлүп, мазарга көмүлүүнү, өнүп чыгуусу үчүн топурактын астына ташталган урук жана инсан болуу сапарына чыккан бир уруктук сыяктуу кабыл алат.

Кайсыл урук топуракка ташталып, өнүп чыккан жок! Кайсыл уруктук эне жатынынын ичине түшүп, ал жерде жок болуп кетти эле! Дене чирип жок болсо дагы рух Алланын көлөкөсүндө түбөлүк жашай бермекчи. Чындыгында жанды, жандын Ээси алгандыгын билгендер үчүн өлүм бал сыяктуу таттуу. Алар үчүн өлүм жана мазар парда. Бул дүйнөдө жашап жаткандарында эле алар, ыймандары, ишенимдери жана Алланы тааныгандыктарына жараша, ички дүйнөсүндө Наийм Бейиштеринин төрүндө отургандай сезимде. Алардын айланасында колдоруна каусар куюлган идиштерин кармап жаштар жүрөт. Алардын баштары дагы оорубайт, мас дагы болушпайт жана баштарынын үстүндө шактарда түрдүү мөмөлөр болот, алар каалаганын тандап жешет. Түрдүү куштардын даамдуу эттери, седеп ичиндеги маржандар сыяктуу кара көздүү үр кыздары, шиңгил-шиңгил банандар, көлөкөлүү салкын жайлар, шарылдап аккан суулар, чексиз, ченемсиз мөмөлөр… (Бул жакындаштырылган маанилер, Вакия сүрөсүнөн)

Ар дайым жакшылыкты гана ойлогон бул инсандар, “Күндүн ысыгы жана катуу суук тийбеген орун жайларга отурушат. Бейиш дарактары баардык жактарынан көлөкө кылып турат жана мөмөлөрү үзүлүүгө даяр болупл, аларга жакын турат” (Инсан сүрөсүнүн маанисинен)

“Ал күнү бактылуу жадыраган жүздөр бар, алар кылган эмгектери үчүн сыйлангандыктары үчүн ал бийик бейиште кубанычтуу жана алар турган жерде бекер маанисиз сөздөрдү угушпайт… Ал жерде оргуштап турган булактар, (отурууга ыңгайлуу жана жайлуу) бийик отургучтар, ичүүгө даярдалган (толо) кеселер, сүйөнүлө турган жаздыктар жана кооз төшөнчүлөр бар.” (Гашия сүрөсүнүн маанисинен)

“Алардын Жараткан даргөйүндөгү сыйлыктары астынан дарыялар агып турган түбөлүк бейиштер. Алар ошол жайда түбөлүккө калуучулар. Алла алардан ыраазы болду, алар (Алладан) ыраазы болушту. Бул (сыйлык) Раббисинен корккон киши үчүн” (Баййина сүрөөсүнүн меалынан).

Ооба, “Алардын алтын билериктер жана шуру-мончоктор менен жасанып түбөлүк (тура турган) бейиштерге киришет. Ал жайда алардын кийимдери жибектен болот. Алар (бейишке кирген учурда) айтышты: “Бизден кам-кайгыны кетирген Зат-Аллага алкоо-мактоо болсун.Чындыгында, Жаратуучубуз Кечиримдүү жана өтө шүгүр кылуучу.” (Фатир сүрөсүнүн маанисинен)

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message