Жүрөк тили жана кыймыл-аракет баяны

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Жан дүйнө жаңырыктары » Жүрөк тили жана кыймыл-аракет баяны

Баян ачкыч болсо, ал ачкыч менен ачылган нурдуу жарык дүйнөнүн аты көңүл. Ар бир сөздүн баасы анын чын көңүлдөн чыккандыгына байланыштуу болот. Менин оюмча тил менен айтылган сөздөрдү жүрөктөн айтылган сөздөр жүрөк баянынын бир көлөкөсү болуп эсептелет. Албетте, Алланын Сөзүнүн көчүрмөсү болуп саналган жүрөк тилин жүрөктөрү ошого ачык болгон инсандар гана түшүнөт. Ой-жүгүртүү, сөз сүйлөө эрежелерине көңүл буруу сөз берметинин маанилүү элементтеринен. Ооба, сөздү кооздогон метонимия, метафора, тамсил сыяктуу нерселер сөзгө терең маанилерди берет . Ар бири өз алдынча кооздоочу жана сөздү уккулуктуу кылган кыйыр маанилер, цитаталарды колдонуу, аллегория.. сыяктуу эрежелер дагы баянды кооздоору бышык. Эң негизгиси сөздү сөз кылган, анын чын дилден чыгышы.

Сөздөр маанилердин калыптары болгондуктан, белгилүү бир деңгээлге чейин риторика, просодия сыяктуу эрежелердин маанилүү экендигин айтууга болот, бирок, баяндагы чыныгы тереңдик жүрөк жана ички руханий дүйнөнүн түпкүрүнөн оргуштап чыгышы менен байланыштуу. Ыймандын негизинде келип чыккан толкун жүрөк кылдарына тийгенде анын анын кайрыктарын уккан адамда терең таасир калат жана бул таасир сүйүү жана алакага ортомчу болот.

Тескерисинче, көкүрөктөн чыкпаган, көңүл тили менен айтылбаган жана кыймыл-аракет менен кооздолбогон баардык сөз жана баяндар канчалык кооздолгон болсо дагы, адамдардын ички дүйнөсүнө терең таасир калтыра албайт. Адам баласынын ички дүйнөсү ар дайым терең жана таза, жогорудан келген нурларга ачык жана ар дайым Алла менен байланышта болуп, толкуп турса, андан чыккан маани жана мазмундардын чөйрөгө чагылышы дагы терең жана түбөлүктүү болот. Жүрөгүндө сезими жок, руханий дүйнөсү дене кумарынын жана арзууларынын тебелендисинде калган адамдын башкаларга айта ала турган нерсеси жок. Жашоолорунун ар бир көз ирмеминде Алланы көрүп тургандай, Ал тарабынан көзөмөлдөнүп тургандай сезим менен кыймыл-аракет жасаган, Курандын сөзү менен, кайда болсо дагы, Алла көзөмөлдөп тургандыгын сезген жана аны көрсөң Алланы эстеткен нурдуу жүздөр, ар дайым ишенгенине жараша ишендире алышкан. Алар акыйкаттарды жана “Акыйкаттардын Акыйкатын” сезе алгандыктарына жараша чөйрөлөрүнө дагы жар салып жана баардык жүрөктөрдө жаңырып турган үнгө айланышкан.

Ички маңызынын тереңдиктерине карата жат, Алла менен болгон байланышы алсыз инсан булбул сыяктуу сайрап, айлана-чөйрөсүнө дастандашкан нерселерди сунса дагы эч бир убакта башкалардын жүрөгүнөн орун ала албайт, эч бир адамга таасирдүү боло албайт. Ал өтө жакшы сүйлөшү мүмкүн, сүйлөө менен адамдардын көңүлүн өзүнө бурдура алышы дагы мүмкүн, бирок, маектештерине жана аны угуп жаткандарга түбөлүктүү таасир калтыра албайт жана аларды эч качан Аллага бура албайт. Алла Таала өзүнө багыт алдыруунун шифрдүү ачкычын жүрөк жана иш-аракетке сунган. Бүгүнкү күнгө чейин жүрөктөн чыкпаган жана инсандардын жан дүйнөсүнөн орун ала албаган куру маалыматтар, куру сөздөр, дене кумарын козгогон акылды уурдап, баш айландырган оюндар менен иш аткардык деп ойлогондор өздөрүн жооткотуп, башкаларды алдашты бирок, эч бир убакта көкүрөктө узакка жаңырып турган таасир калтыра алышкан жок. Үн-сөз, тил-эрин, калем жана манжалар ички сезимдерга баш ийгенде гана сөз чыныгы баалуулугун табат.

Ыкыластуу инсандар ар дайым сөздү чыныгы баалуугуна жеткирүү аракетинде болушат. Алар ар дайым ички сезимдерин жана жан дүйнөлөрүнөн оргуштаган терең маанилерди кармап калууга аракет кылышат. Жан дүйнөсүнөн жаңырбаган ойлорго маани беришпейт. Жүрөктөрүнөн оргуп чыкпаган үн-сөздөр булбул сайрагандай угулса дагы аны унутта калтырышып, андай ойлорго үнсүздүк менен мамиле кылышат. Жүрөктөрүнөн оргуштап чыкканына анык ишенген жана акыйкат, чындык деп ойлогон түшүнүктөр сыртынан караганда ачуу көрүнсө дагы аны чын жүрөктөн чыкпаган таттуу ойлордон жана кооз сөздөрдөн жогору коюп, баалашат. Себеби, алар напсинин жана дене кумарынын артынан чуркашпайт. Акыйкат жолунда көп нерселерден куру калышса дагы ар дайым жүрөк жебелери көрсөтүп турган багытка жүздөнүшүп, керек болсо өздөрүн унутууга жана инсандар тарабынан унутулууга даяр. Атак-даңк, байлык-бийлик артынан түшүшпөйт. Кылган жакшылык иштери үчүн ар дайым оопасыздык, кайрымсыздык көрүшсө же көп нерседен куру калтырылышса дагы ачууга алдырып, таарынышпайт жана эч кимди күнөөлөшпөйт. Ушундай кыймыл-аракетти ишенимдеринин талабы, жүргөн жолунун өзгөчөлүгү деп эсептешет. Мүшкүлдөргө кабылышса “аттиң ай” деп жолдорун улантып кете беришет пайгамбарлардын артында.

Тарыхтагы баардык Курандын окуучулары ушундай ойдо, ушул жолдо болушкан. Кечээ-бүгүн ал нурдуу жолун жолоочулары ал жолдо болууга ант беришип, ар дайым сүйүү дешип, башкаларга карата сүйүү менен мамиледе болушуп, баарына бир туугандык менен кучак жайышкан. Бадиуззаман баяндагандай, ааламды “бир туугандыктын бешиги” деп билет. Сүйлөгөндө чын дилден сүйлөп, айткандарын жашап көрсөтүшүп, инсандыктын туу чокусуна көтөрүлүшкөн.

Алар чөйрөлөрүндөгү кичинекей бир белгиден дагы жалпы жаратылыштын маани-маңызын сезе алат, сезгендерин жүздөрүндөгү белгилер, көздөрүндөгү маанилер менен көрсөтүшөт. Жаралуудагы терең сырларды ички туюу сезимдери менен сезишет жана жүрөк түпкүрүнө агып кирген маанилерди “асмандан түшүрүлгөн жайыл дасторкон” сыяктуу жолуккан баардык пенделерге таттырууга аракеттенишет. Өрөөн-өрөөн кыдырып, жүрөктөрүндө тамыр жайган жакшылыктарды сунууга инсандарды издейт жана андай инсандарды тапканда кубанышат. Сезимдери таза, жетишкен ийгиликтери менен мактанып, бирөөдөн бир нерсе күтүп, үмүт кылышпайт. Алар ар дайым кубанычтуу жана ар дайым маанайлары жарык.

Күн-түн ар дайым бир сырдын артында.Сырларын бөлүшүү алардын эң чоң үмүтү. Көкүрөктөрүндө сезген акыйкаттары менен жүрөктөрдү толкутуп, ойготууга аракет кылышат. Ышкылуу жүрөктөргө үн-сөзсүз нукура кайрыктарды сунушат. Аткарган иштери менен жүрөктөрү элеп-желеп болуп толкуп турат. Алар үмүтсүздүк, кайгы дегенди билишпейт. Иш-аракеттеринин ылаззаты менен ырахаттанышат бирок, башка руханий нерселерден кабарсыз инсандар сыяктуу башка эч кандай акы талап кылышпайт. Көңүлдөрүндө бапестеп өстүргөн маанини, сүйүүнү адамзатка тартуулашат. Эч ким бул сыйкырдуу үндөрдүн таасиринен кутула албайт. Жүрөктөргө кирип келип инсандын ички дүйнөсүндө жаңырып турган бул руханий маанинин өзүнө тартуучулугунан эч ким кутула албайт…
Жогору жактардан келген маанилерди чагылдырып турга бул таасирдүү баяндарга карата эч ким кайдыгер болуп кала албайт. Биз бул таасирди дароо көрө албасак дагы бул жүрөктөн оргуп чыккан, иш-аракет, жашап көрсөтүү менен өзгөчө баалуулукка ээ болгон баян ээлери бүгүн болбосо дагы келечекте ага карата ачык болгон жүрөктөргө таасири болот жана ички дүйнөдөн орун алган бул нерсе, бир аз түрткү боло калса дароо байкалат жана башка инсандардын жүрөгүнө кирет.

Ооба, бүгүнкү күнүбүздө чын дилден айтылган сөздөр жана кыймыл-аракет менен коштолгон терең маанилер пайдасыз болгон жок. Азырынча зээндер аны жазып алып, акыл, сезимдер талдоо менен өнүктүрүп, жаңы калыптарга жаңы көрүнүштөргө салып, андан кийин аларды белгилүү бир учурга аманат калтырып жатат. Мезгили келгенде жүрөктүн сыйкырдуу баяндары, көңүлдөрдөгү өчпөс издери угуп, көрбөгөндөй жакшылыктарды берет..!

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message