Пайгамбарлык

Алла Таала ааламды жаратуу менен Өзүн таанытууну каалагандай эле, вахийдин тили менен таквиний (жаратуу, жоктон бар кылуу) жана танзилий (түшүрүү, м:вахий менен Куранды түшүрүү) Алланын мыйзамдарынын бирге талданышы. Көз көрүп, жүрөктөн орун алган маанилердин, кулак угуп, жан дүйнөнү кучагына алган демдер менен колдоого алынышын; зат, сыпат жана ысымдары менен “Андан, Алладан” деген түшүнүктүн жайылышы жана албетте, пенделердин буга карата жоопкерчиликтерин, ал жоопкерчиликтерди кандай орундата тургандыктарын, жүрө турган жолдорунун адеп жана эрежелерин, көздөлгөн максаттын пайдалары жана натыйжасы тууралуу баяндоону каалаган. Ооба, гайб-у мутлак (кайып) менен байланыштуу темалардын туура билиниши вахийди талап кылгандай эле вахий дагы зарылдык катары пайгамбарлыкты талап кылып келген. Бул зарылдык үчүн, Алла Таала баардык доорлорду, жана кээ бир доорлордо ар бир аймакты ар башка пайгамбарды жиберүү менен улуу кылган жана Бадиуззаман баяндагандай: Кумурсканы, аарыны башчысыз калтырбаган Кудуреттүү Зат, адамзатты дагы эч бир убакта пайгамбарсыз калтырган эмес.

Алла, бул ааламды Өз каалоосу менен жаратты жана белгилүү көрүнүшкө келтирди. Бул жаратылган жандуу, жансыз, көрүнгөн, көрүнбөгөн, асмандагы, жердеги баардык макулуктар түрдүү сырлар, пайдалар жана максаттар үчүн жаратылды. Айрыкча, Алла Өзүн таанытуу, өзгөчө сезим ээлери болгондорго эмне үчүн жаратылгандыктарын, жашоолорунун максатын, жоопкерчиликтери эмне экендигин билдирүү милдети менен, Жаратуучунун сырлары жана Ага кулчулук кылуу жолдорун үйрөтүүчү катары өзгөчө жөндөмдүү кээ бир инсандарды элчи кылып жиберди. Бизге жаратылыштагы даанышмандыкты, сулуулукту, кооздукту, айкаштыкты түшүндүргөндөй эле, бул өзгөчө инсандарынын тили менен жогорудан келген кабарларды, жалпы адамзаттын кабыл алуу сезимине жараша, Алланын сырларын, жаратылыштын максатын, адам баласынын жер жүзүндөгү ордун, бара жете турган акыркы деңгээл чегин билдирүүнү каалаган.

Албетте, Алла Тааланын баардык иште көп даанышман сырлары бар жана дааира-и рубубиятында (Улуу Жаратуучунун, ар дайым, ар жерде, ар бир макулукка муктаж болгон нерселерди берүүсү) дагы көптөгөн даанышман сырларды жана пайдаларды камтып турат. Бул танзилий жана ташриъий буйруктарда жалпы адамзат менен түздөн-түз сүйлөшпөстөн, бул маанилүү маселелерде өзгөчө жөндөм берилген инсандарды тандап алып, алар менен сүйлөшүп, алар аркылуу жалпы адамзатка жаратылыштын максатын, сырын, дүйнө жана андагылардын маанисин, акыреттин маңызын акыретте инсандарды түбөлүктүү бактылуулукка жеткире турган бейиш жолдорун, кээде жүрөктөргө коркуу салып, кээде тиги дүйнөгө болгон арзууну күчөтүп, дүйнө жүзүн Өзүнүн Жамалын чагылдырышы жана түбөлүктүү дүйнөнүн эгин талаасы экендигин сездирип, инсандарды жалгыздыктан, максатсыздыктан куткарып, аларга бул дүйнөнүн тигил дүйнөгө кетүү үчүн күтүү залы экендигин түшүндүргөн жана ылайыктуу жана татыктуу инсандарга акыретте Өз жамалын көрсөтүү кубанычы менен сүйүнчүлөгөн.

Алла, бүтүндөй бул улуу максаттарды, пайгамбарлардын ортомчулугу менен жүзөгө ашырган жана аларды, жаратылыш сырларынын баяндоочусу, чечмелөөчүсү, ибадат, туура жол, ыкылас менен акырет бактылуулугуна жетүүгө жол башчы кылган. Мына ушул улуу инсандар, өз доорлорунда, өздөрүнүн жоопкерчилигинин чегинде акыйкатты жар салып, анын талаптарын жалпы адамзатка жеткирүү менен өз жоопкерчилигиндеги адамга жол көрсөтүшкөн.

Пайгамбарлардын баары ортолорундагы деңгээл өзгөчөлүгү менен бирге жакшы табият өрнөгү, улуу адеп-ахлак мисалы, моралдык аруулук жана намыстуулуктун каарманы болуп саналышат.Алар улуу адеп-ахлактары, салабаттуу жүрүм-турумдары, ишеничтүү көрүнүштөрү, туура багыттары, периштелердей оопалуулуктары, кайрымдары, тоодой бекем туруктуулуктары жана терең кулдук сезимдери менен ар дайым өрнөк болуп келишкен. Бул инсандар ошол эле учурда кемчиликсиз көрүнүштөрү менен аларды көргөн баардык инсандарга Алланы эстетип турган кыймыл-аракеттерге, ар дайым улуулуктарга умтулган жашоолору менен; дуушар болгон жеке, коомдук, экономикалык, саясий, маданий мүшкүлдөрдү бир демде чече ала турган улуу жөндөмгө, чөйрөлөрүндө катуу таасирге, өзгөчө сөз сүйлөө жөндөмдүүлүктөргө ээ.

Ооба, ар бир пайгамбар, инсандарды дүйнө жана акырет бактылуулугуна жеткире турган жолдордо ишеничтүү жол башчы, жүрөктөрдү Алладан келген жакшы нерселерге ойготууда жакшы бир насаатчы,маектешинин көңүлүн алып, тарбиялап жаткан адамдарын жаратылуусуна жараша багытка багыттоодо аларды тааный билген көрөгөчтүгү менен, жаман адат, кирдеген табияттарын жоюп, алардын ордуна улуу инсандык баалуулуктарды коюуда эң жакшы тарбиячы болуп эсептелет. Алар ыймандары күчтүү, Аллага ишенимдери бекем, сунган кабарларынын акыйкат экендигине толук ишенишкен, ар дайым чечкиндүү сөз сүйлөгөн, өтө коркунучтуу окуяларга кабылганда дагы үмүтсүздүккө түшпөгөн, коркуп, кетенчиктебеген, кыраакылык жана көрөгөчтүк менен иш алып барган инсандар. Аларды ээрчигендерди эч качан жаңылтып, алдабайт жана аларды ээрчигендер эч качан өкүнүшкөн эмес. Себеби алар сезим жана ой-жүгүртүүлөрүбүздөн жогору турган, туура маалыматтардын казыначысы, ыйман, Алланы таануу, Алланы сүйүү жана руханий ылаззаттарга жетүү жолунун эң ишенимдүү жол көрсөтүүчүлөрү болуп саналат. Акыйкатты тааныгандар, алардын үнү менен ойгонуп, Улуу Жаратуучуну таанытууну каалагандар алар сунган каусар суусу менен тилге кирип сүйлөй башташкан, Алла ыраазычылыгын издегендер, издегендерин алардын чөйрөсүнөн табышкан, жаратылыш китебининн сырларына кызыккандар, алар алып келген бул сырдуу китепти туура окуй алышкан.

Пайгамбарлар материалдык-руханий жогорулоонун пирлери, акыл жана ички дүйнө тереңдик жолунун жол башчылары, диний жашоодой эле дүйнөлүк баардык түзүмдөрдүн куруучулары жана мугалимдери. Алардын ортомчулугу менен адам баласы биологиялык бир жандуунун деңгээлинен чыныгы инсан болуунун башка бир аталышы болгон “Ахсанут-таквим” (эң жакшы түзүлүш) мартабасына көтөрүлгөн. Алардын ортомчулугун менен өздүк маңызын тааный билип, жаратылыштагы өз ордун түшүнгөн. Алардын жол башчылыгы астында олуялар, асфия, абраар, мукаррабийн сыяктуу инсандар жашоодогу улуулукту сезе алган жана алардын таалим-тарбия, туура жолго баштоолору жана түшүндүрүүлөрү менен дүйнөнүн чыныгы жүзүн таанып, талдай алган. Ооба, Бадиуззаман дагы баяндагандай Алла Таала пайгамбарларды (а.с.) буйруу менен инсандарды, алардын руханий байлыгы менен тааныштырып, бул берекелүү булактан пайдалана алуу мүмкүнчүлүктөрүн берген. Ошону менен бирге пайгамбарлыктарынын белгилери болуп келген кереметтеринин түрдүү көрүнүштөрү менен адам баласынан материалдык жактан өсүүнүн жолдорун көрсөткөн жана сезимтал инсандардын кыялдарында жана ой жүгүртүүлорүндө технологиялык өнүгүүгө жол ачкан.

Азирети Нухтун пайгамбарлык устаканасында курган кереметтүү кемеси.. Азирети Ибрахимдин, жогорку ысыктыкка туруштук бере ала турган, Алланын “тигүү цехинде” даярдалган отко күйбөс көйнөгү, Азирети Юсуфтун кереметтүү сааты, Азирети Мусанын заманбап бургулоочу аспаптарды элестеткен кереметтүү таягы, Азирети Дауттун темир, болот иштетүү өнөр жайын элестеткен, темирди эритип, калыпка куйган кереметтери (муъжизалары)…

Азирети Сулаймандын, Балкийстин тактысын сүрөтү, көрүнүшү, үн, балким бүтүндөй өзгөчөлүгү менен алып берген жана учурдагы сыналгы, интернет жана башка укмуш кереметтерди элестеткен муъжизалары жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) эки айлык алыстыкты бир күндө басып өтүшү мене бүгүнкү күнүбүздөгү учак технологиясын элестеткен адаттан тышкаркы саякаты, о.э. анын, метафизикалык ааламдарга кийлигишүүнү көрсөткөн, жин-шайтандарды баш ийдирүү окуясы менен учурубуздагы рухтар менен байланыштуу болгон изилдөөлөрдүн акыркы чектерине ачылыш жасап жана метафизикалык изилдөөлөрү… Айрыкча, куштардын, курт –кумурска ж.б. айбанаттардын тилдерин же түшүнүшүү ишаараттарын үйрөнүү жолун көрсөткөн, ал гана эмес ага үндөгөн..

Азирети Исанын жансыз денелерге жан киргизүү, тубаса сокурлардын көзүн ачуу, пес ооруларын айыктыруучу кереметтери менен заманбап медицина жана гендерди изилдөө илими учурубуздагы деңгээлинен өтө жогорку деңгээлде адам баласын ойлондура турган укмуштуудай дарылоо ыкмалары жана Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) бүтүндөй буларга тең келе турган муъжизалары бул өзгөчө инсандардын түрдүү тармактардагы өзгөчөлүктөрүнүн пайдаланылышына чакыруу болуп саналат.

Пайгамбарды Алла жибергендиктен, зарыл болгон маалыматтарды толук түшүнүп, кабыл алып, андан кийин ага, анын маани-маңызына терс болгон эч нерсе аралаштырбастан башкаларга жеткире ала турган жөндөмдүү адамдар болуп саналышат. Ооба, алар Алладан келген кабарларды табияттарынын бир тарабы сыяктуу сезет жана жаратылыштарынын талабы катары карап, жеткирилүүсү керек болгон инсандарга жеткирип берет жана токтолбостон ар дайым буйрулгандарындай иш жүргүзүшөт. Иш-аракеттеринде жаратылыштарынын муктаждыктарын аткарып жаткандай эч бир нерсе күтүшпөйт.

Пайгамбарлардын (а.с.) Алла тарабынан тандалып алынышы, аларга милдет жүктөлүшү жана алардын аткарган кызматтары жана кыймыл-аракеттеринин, ал таза жүрөктөргө таандык зарыл иш-аракеттер деп аныктама берүү көпчүлүк адамдардын көз карашы. Бул жагынан караганда пайгамбарлыкка, катардагы инсандардын акылы менен түшүнө албай турган нерселерди түшүнө билүү, кемчилдике учуратпастан маектештериине жеткирүү деген аныктама дагы берилген. Мына ушул жагынан ал, башталыш жана аягынын бириккен чекити болуп эсептелет. Б.а. Алла Таала, каалаган адамдарды Куранда: “Ал каалаганына хикмат берет, кимге хикмат берген болсо, ага көп жакшылыктар берилген болот” (Бакара сүрөсү-269) деп айтылгандай бир топ зор мүмкүнчүлүктөрдү насип кылган. Андан кийин бул өзгөчө инсандардын ортомчулугу менен Алланын сырларын башка инсандарга жеткирген жан алардын көкүрөктөрүн жана ой-пикирлерин жаркыраткан…

Алла Тааланын өзгөчө инсандарды адамзатка жиберүүсү, адашып, жолдо калып, жок болуу абалында болгон бизге, жаратылып, дүйнөгө келүү неъматынчалык, балким андан дагы маанилүү тартуу болуп саналат. Ооба, жаралуу бир тартуу, жаралгандан кийин жаратылыштын бир элчинин ортомчулугу менен ачыкталышы, жоромолдонушу, жоромолдонуу менен акыреттин жана Алланын кээ бир сырларынын чечилиши дагы өзүнчө бир тартуу болуп саналат. Булганбаган, таза баардык инсан табияты жана сокурлашпаган жүрөктөр, бирдей деңгээлде болбосо дагы бул ачыктоо жана баяндоолорду пайдалануу менен периштелерди суктандыраарлык деңгээлге жете алышат жана жетишкен. Тескерисинче, текебердик, зулум, адашуу жана бирөөнү тууроо менен гана жашагандар болсо, жаратылуу неъматын сезе алышпагандай эле, Алланын тартуулары жана жакшылыктары туурасында дагы өздөрүнүн сезим сокурлуктары себептүү “Ага (пайгамбарды тастыктай турган) бирди-жарым периште түшүрүлүп, аны менен бирге коркутуучу болгондо” деп, кежирлик кылышып, акыйкаттарды кабыл алышкан эмес.

Пайгамбар жиберүү жана жибериле турган инсанды тандоо Аллага таандык улуу иштерден. Ошондуктан, Ага таандык баардык иштер “Баардык иште хикматы бар, бекер нерсе жасабайт Алла” (Ибрахим Хаккы) деген ойдо болуп, акылдын жетишинче Анын даанышман сырларын талдоого аракет кылуу керек. Негизинде, жибериле турган элчинин бизден бир инсан болуусу биз жашообузда сезген нерсени сезе билиши, бизге жаккан нерселерден ырахат алуу, ар кандай кайгы жана кубанычтарды бөлүшө алуусу, биз муктаж болгон нерселерге анын дагы муктаждыгы, маектештери болгон жалпы адамзаттын баш ийүүсү жана аткарышы милдет болгон жоопкерчиликтердин ага дагы жүктөлүшү, Анын жолунда бара тургандар туурай ала турган, тактап айтканда, ээрчий ала тургандай жол болуусу. Бирок биз, “ Бул иштин ички сырын Алла билет” деген акыйкат сөзгө баш ийүү менен “Баардык нерсени Билүүчү жана Даанышман” Заттын алдында унчукпоону эң чоң акылдуулук деп билип, тилибизди жүрөгүбүзгө көз каранды кылып, үнсүздүктү тандайбыз.

Бирок, баардык бул өзгөчөлүктөрүнө карабастан эске тутулуусу зарыл болгон нерсе, пайгамбарлардын дагы биз сыяктуу адам баласы экендиги. Ооба алар дагы биз сыяктуу адам баласы; эң улуу сыпаттары ыйман жана кулдук; тандалгандыктарына негиз түзгөн милдеттери, ишеним жана ибадат түшүнүктөрүн башкаларга дагы жеткирип, алар менен Улуу Жаратуучунун ортосундагы тоскоолдуктарды алып салуу. Тоо-таштарды алтынга айландыруу, өзөндөрдүн агымын өзгөртүү, какыраган чөлдөрдү жашыл бакчаларга айлантуу, дарыяларды жарып өтүү жана көктөн тамак тушүрүү пайгамбарлардын милдеттери эмес. Чындыгында, бул улуу инсандардын пайгамбарлык милдети менен байланышкан жана алардын колу менен жаралган ушул жана ушуга окшогон көптөгөн жаратылыш муъжизаларынын бар экендигин Курани Карим баяндайт. Бирок, баардык бул кереметтер, ал өзгөчө инсандардын таза кулчулуктары, милдеттери, Алланын алдындагы жүрүм-турумдары үчүн алдын ала берилген акы жана өзгөчө белек; бир жагынан, үммөттөрүнүн аларга ишенимдеринин бекем болушу үчүн Алланын тартуусу болуп эсептелет.

Ооба, пайгамбарлык милдетин колдоочу катары, Алла Таала алардын колу менен таш-топуракты алтынга, көмүрдү алмазга айлантып жана алардын демдери менен өлүктөргө жан киргизүү менен булардын эч бири, Улуу Жаратуучунун өзгөчө атайын жардамы менен ыймансыз инсандарга ыйман акыйкаттарын жеткирүүсүнө динсиздик, каапырдыкка чөмүлүп калган жүрөктөрдү жибитүү менен Өзүн аларга сездирүүсүнөн жана өлүк жүрөктөрдү тирилтүүсүнөн дагы укмуш боло албайт. Алардын пайгамбарлыктарынын кабылданышындагы бир тартуусу, үмүттөрүн жүзөгө ашыруудагы бир неъматы. Б.а. Алланын жаратуусу менен жүзөгө ашырылган бул кереметтүү окуялар толугу менен пайгамбарды колдоо жана жооткотуу, маектештерин баш ийдирүү жана кабыл алдыруусуна байланыштуу пайгамбарлыктын негизги чыйыры эмес башка окуялардан болуп саналат.

Дагы бир ирет эске сала кетүүнү туура көрдүк: Пайгамбарлардын негизги милдеттери, инсандардын Алла ыраазычылыгына жетүүлөрүнө тоскоол жана андан алыстоолоруна себепчи болгон текебердик, зулум, адашкандык, ата-бабаларды тууроо, напсинин жана дене арзууларынын таасири астында калуу сыяктуу жаман мүнөз жана сапаттардан арылууларына шарт түзүп; кичи пейилдик, эби-ченин билүү, туура ой жүгүртүү, акыйкатты колдоо, руханий дүйнөнү тереңдетүү сыяктуу жакшы мүнөз жана сапаттарга чакыруу, аларды эскертип, өз орундарын жана жоопкерчиликтерин эстетүү, Жараткан менен болгон байланыштарында адептүү, жаратылгандарга карата мээримдүү болууну үйрөтүү, түбөлүктүүлүк үчүн жаратылган жана түбөлүктүүлүктөн башка эч бир нерсе менен канааттанбаган инсандардын жүрөктөрүн чексиздиктин кооздуктарына буруу, туура-жаңылыш, пайдалуу-зыяндуу, жакшы-жаман, чындык-жалган, түбөлүктүү-убактылуу жалпы инсандарга тиешелүү болгон нерселерди адамдар түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү менен алардын жаңылууларын алдын алуу; туура жол жана адашууну, Алланын алдындагы ордун тактап, Алла ыраазычылыгына жетүүнүн чексиз жакшылыктарын, адашуунун коркунучтуу жамандыктарын инсандарга сездирүү; напсинин каалоолоруна карата эмес, Алла Таала ыраазы боло турган багытта улухият жана рубубият акыйдасын үйрөтүү; ар бир ишти Алланын ыраазычылыгына карай багыттап жана ошол деңгээлге чыгарган жолдорду көрсөтүү; акыретте мункирлердин жазаландырыла тургандыгын жана момундардын бейиш менен сыйлана тургандыгын кабар берүүсыяктуу жалпы нерселер.

Пайгамбарлардан, алардын милдеттеринен тышкары бир нерселерди күтүү, пайгамбарлыкты билбөө жана пайгамбарларга карата урматсыздык болуп эсептелет. Пайгамбарлардан, алардын милдеттеринен сырткары нерселерди күтүү, аларга карата Курандын жообу өтө ачык-айкын айтылган: “Айткын: Мен силерге Алланын казыналары менин жанымда (мен аларга ээмин) дебеймин. Негизинде мен кайыпты дагы билбеймин; (о.э.) силерге “мен периштемин дагы дебеймин. Мен мага вахий кылынгандарды гана ээрчиймин” (Анъам-50). Ооба, пайгамбарлар (а.с.) бир гана Алланын вахийин ээрчишет жана болгон күч-аракети менен аны эң жакшы көрүнүштө ачыктоого жана аткарууга аракет кылышат. Билгендерин, айткандарын, аткаргандарын жана аткарууну каалагандарынын баарын Алийм жана Хакийм өзгөчө бир жол менен аларга билдирген. Б.а. алар, Алла тарабынан келген кабарларды бөлүштүрүп берүүчү кызматкер сыяктуу. Вахийдеги өкүмдөрдү камтыган аяттарга ылайык кээ бир учурда өз алдыларынча изденишсе дагы баардык нерсени Алланын илимине жараша баяндоого аракет кылышат жана ар дайым Алланын ыраазычылыгын көздөшөт.

Алар, жашоолорун ар дайым вахийдин көлөкөсүндө улантат; баардык иш-аракеттеринде бир гана Алланын ыраазычылыгын издейт; ар дайым Алла көрсөткөн жолдо жүрөт; иш-аракеттеринин натыйжасын Алладан күтөт жана жакшы иштеринин мөмөсүн тигил дүйнөгө калтырат. Аларды чын көңүлдөн ээрчигендер, эч качан дүйнөнү сүйүүгө, бийлик-мансап арзуусуна алдырышпайт; ар бир кыймыл-аракетин такыбалык менен аткарат; вахийге моюн сунууну туура жолдун өзү деп билет. Акыл, рух, жүрөк жана сезимдери менен бул жарык нурга жүздөнүп, ал жолдо жүрүүнү тозок отунан кутулуунун жана башкаларды куткаруунун кепилдиги деп тааныйт жана жашоолорун ушуга карай жөнгө салышат.

Негизинде, инсандын акылы, ой-жүгүртүүсү жана талдоосу булардын баарын жалгыз нерсе деп кабыл алуусу мүмкүн пайгамбарлык жана анын жеткирген маалыматтарын кабылдап, бул берекеттүү булактан толук пайдалана алып турган учурда, бир тараптан өз мүмкүнчүлүгүнүн туу чокусуна көтөрүлсө, бир тараптан башкаларды алдоодон алыс болот. Баарынан мурда, мындай мамиледе, бүтүндөй жаратылышка өкүм жүргүзгөн чексиз кудурет жан баардык нерселерди өз ичине алып турган илимге моюн сунуу негизги маселе. Негизинде акылды жараткан дагы Алла, ага вахий менен руханий жактан тереңдөө жолун көрсөткөн дагы Алла… Алла Таала акыл менен инсандын көзүн ачкан, вахийдин ортомчулугу менен акылдын туура көрүп, туура өкүм берүүсүнө өбөлгө түзүп, ага дагы кененирээк ой жүгүртүү чөйрөсү даярдаган.

Мына ошондуктан, ар бир өз доорунда чынчыл, тажрыйбалуу жана жүргөн жолдорун түрдүү өзгөчөлүктөрү менен билген пайгамбарларыбызды (а.с.) ээрчибестен, коопсуз жолдо жүрүү мүмкүн болбогондой эле, өтө башаламан көрүнгөн бул жашоону катасыз жашоо дагы мүмкүн эместигине ишенебиз. Ошондой эле вахийдин адам баласынын акылын түрдүү адашуулардан сактаган дары жана пайгамбарлар бул даарыны керектүү жерлерге колдонгон чебер дарыгер экендигине ишенебиз. Ооба, бул тандалган инсандар, адамдардын акылдарын түрдүү адашуулардан сактап, ага улуу материалдык нерселерди максат кылуудан жогору турган руханий бийиктиктерге үндөгөн улуу жол башчылар болуп саналат. Бул жол башчылардын жол башчылыгын кабыл алган акыл, ой жүгүртүү максаттарынын эң жогорку чегине жете алат. Биз, пайгамбарлык жана вахийге ишенгендер, акыл, ой жүгүртүү жана булардын жемиштерин баалоо менен кабыл алсак дагы, алардын эч качан вахийдин ордун толтура албай тургандыктарына жана алардын чынчыл жана кемчиликсиз жеткирүүчүлөрүнүн ордун баса албай тургандыктарына толук ишенебиз.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message