Мээрим жана ырайым

Мээрим жана ырайым жаратылыштын уюткусу. Ансыз баардык нерсе башаламан. Баардык нерсе ырайым жана мээрим менен жашоосун улантууда.

Көктөн келген ырайымдын негизинде, жер, асман тартипке салынган. Чоң телолордон кичинекей бөлүкчөлөр жана жандыктарга чейинки баардык нерсе, таң калтырган бул айкаштыкка жана укмуштуудай көрүнүшкө мээримдин негизинде жеткен.

Бул кыймыл-аракет жана жаратылышта болуп жаткан кубулуштар түбөлүк жашоонун көнүгүүсү болуп саналат. Ар бир кыймыл-аракетте тартип бар.

Биз дем алып жаткан абада, бурала бийлеген суулардын агышында жана чөйрөбүздөгү ырайым жана мээримди көрбөй коюу мүмкүнбү?

Булут мээрим канаттарын жайып, башыбыздын үстүндө айланып турат. Жамгыр, атчан аскер сыяктуу андан чыгып, бизге жардамга келет. Чагылган жана күндүн күркүрөөлөрү ал купуя мээримден сүйүнүчтүү кабарлар алып келет. Аалам баардык нерсеси менен Мээрими Чексиз Жаратуучуну даңктап ырдайт. Кургактар жана деңиздер, дарактар, чөптөр өздөрүнө таандык тилдери менен мээрим кайрыктарын созолонтушат.

Ушул сойлоп жүргөн сөөлжанды кара! Буттардын астында жана өзү мээримге муктаж; бирок, ошол абалына карабастан көп нерселерге мээрим тартуулоо жолунда чарчап-чаалыкпаган жолоочу. Мээримдүү топурак ага көкүрөгүн ачат. Ал топурактын ичинде миңдеген ийиндерди казат. Топурак бул ийиндердин ортомчулугу менен дем алат. Топурак сөөлжанга, сөөлжан топуракка жардамчы; жер семирткич болот деп чөптөрдү өрттөгөн наадандарга эмне деп айтыш керек! Кайран инсан! Топуракка дагы сөөлжанга дагы мээримсиздик кылып жаткандыгын билеби…!

Миңдеген гүлдөрдү кыдырган аарыны жана буланын ичине өзүн камаган жибек куртту карасаңар! Мээрим кайрыгына кошулуу үчүн кандай кыйынчылыктарга чыдайт. Адам баласына бал жедирүү жана жибек кийгизүү үчүн, бул азаматтардын тартып жаткан кыйынчылыктарын көрмөксөн болуп коюу мүмкүнбү?

Жөжөсүн куткаруу үчүн, башын итке жулдурган тоок, кандай мээримдүүлүк каарманы; ач экендигин унутуп, тапкан жемин баласына жедирген жаныбардын кандай камкор мээримдүү азамат экендигин эч ойлоп көрдүңөрбү…!

Бул ааламда баардык нерсе мээрим жана ырайым тууралуу ойлонот жана мээрим көрсөтүүнү убада кылат. Ошондуктан, жаратылышка мээрим симфониясы катары кароого болот. Түрдүү-түрдүү кайрыктар жана обондор өтө кереметтүү ыргактар менен созолонот жана аны байкабай калуу мүмкүн эмес. Ааламдагы баардык мээрим жана боорукердик сезимдерине өкүм жүргүзүп турган анын артындагы улуу мээримдүүлүктү байкабай калууга болобу?

Ушул нерселерди түшүнө албаган бактысыздарга азап болсун..!

Баардык бул болуп жаткандарга күбө болгон инсан, сезимталдыгы жана эрки менен бул улуу мээримди түшүнө алуу жана ал ыргакка өзүнүн кайрыктарын кошуу жоопкерчилиге алдында.

Ичинде жашап жаткан коомго, жалпы адамзатка, ал гана эмес баардык жан-жаныбарларга, инсандык карызы катары мээрим көрсөтүүгө милдеттүү. Ал бул жолдо мээрим көрсөткөндүгүнө жараша даражасы жогорулайт, башкаларга зыян келтирип, жабыр бергендигине жана зулумдук кылгандыгына жараша даражасы түшөт.

Бир зынаакор аялдын, суусап кыйналган бир байкуш итке суу бергендиги үчүн бейишке кирүү даражасына көтөрүлгөндүгү жана үйүндөгү мышыкты ачка коюп, анын өлүмүно себепчи болгон башка бир адамдын тозокко кулагандыгы тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) баян кылат.

Башкага мээрим кылган адам мээрим көрөт! Жерде мээрим кылган адамга, жогорку ааламдардан миң сүйүнүчтүү кабар келет.

Бул сырды түшүнгөн ата-бабаларыбыз, баардык жерде, мээрим очокторун жагышты. Инсандарды гана эмес, башка жаныбарларды дагы коргоп, камкордук кыла турган уюмдарды түзүштү. Бул саамалык, алардагы мээрим түшүнүгүнүн, алардын табиятына айлангандыгынын белгиси.

Буту сынган куш, канаты жараланган илегилек, кайсыл мээримдүүлүк каарманынын ички дүйнөсун дүйнөсүн дүрбөлөңгө салды экен билбейм, алар, көздөгөн жерлерине жете албай калган куштар үчүн кайрымдууулук үйлөрү сыяктуу айбандарга дагы баш калкалай турган жайларды даярдап беришкен.

Аттиң! Биз алардын айбандарга мээрим көрсөткөнчөлүк, инсандарыбызга мээрим көрсөтө алсак…Өзүбүзгө боорубуз оорубагандай эле, жаш муундарыбызды дагы кайдыгерлик жана мээримсиздик менен жок кылдык. Ооба,ушул коркунучтуу окуялардын жана жан чыдагыс абалга келген коомдук чөйрөнүн негизги себепчиси бизбиз.

Мээримдүүлүк сезиминин, өлчөмсүз ашыкча колдонулуусу жана туура эмес колдонулуусу, ырайымсызчалык, балким, андан дагы жагымсыз жана зыяндуу. Орундуу колдонулган мээрим, жашоо суусундугу болсо, анын туура эмес жана орунсуз жерде колдонулуусу уудай зыяндуу.

Суутек жана кычкылтектин белгилүү өлчөмдө аралашуусу, жашоого эң эле керектүү элементти пайда кылат. Өлчөмү бузулса же экөө өз алдынча болсо, анда күйө турган жана күйгүзө турган өзгөчөлүктөргө ээ болот. Ушул сыяктуу мээримдин дагы өлчөмү жана кимге карата көрсөтүлүшү өтө маанилүү. Чектен чыккан адамга мээрим көрсөтүү башкаларга зулум жана кордук көрсөтүүгө үндөйт. Жыландай ууландыруудан ырахат алган адамга мээрим көрсөтүлбөйт. Ага мээрим көрсөтүү дүйнөнүн өкүмдарлыгын кобраларга таштоо деген мааниге келет…

Колу кандуу канкорлорго мээрим көрсөтүү, баардык кордук көрүп, жабыр тарткан байкуштарга карата мээримсиздик кылуу болуп саналат. Мындай мамиле, карышкырга боор ооруп, козулардын укуктарын тебелөө дегендик. Бул карышкырларды күлдүрсө дагы, бүтүн ааламды ыйлатып, сыздатат.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message