Илим жана илим изилдөө ышкысы

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Жан дүйнө жаңырыктары » Илим жана илим изилдөө ышкысы

Илим жана изилдөө ышкы деп, Алланын ысымдары жана ал ысымдардын артындагы Затты жакындан таануу, таанып, Ага жакындоо жана жандуу-жансыз баардык нерседе Аны көрүүнү айтабыз. Ал акыйкатка жетүү жана Алланын жардамына ээ болуу үчүн кыйынчылык тартуу керек экендигин түшүнөт. Машакат жана кыйынчылыктардын пайгамбарлардын жолунун азыгы, байлыгы экендигин өтө жакшы билет. Келечекти жана келечек муундарды агартууга аракет кылып жүргөндө, мум сыяктуу эриши керектигине дагы чын жүрөктөн ишенет. Жаратылышты туура талдап, окуу менен өмүрүн өткөрөт жана билимин тереңдетип, жаратылыш сырларын үйрөнөт.

Ал ар дайым жаңы бир деңгээлдерге жетүүнүн артында жүрөт.

Замандаштары баардык нерсени алыстан карап турса, ал ар дайым жаңы-жаңы изилдөөлөрү менен жаратылыштын маңызын билүүгө умтулчу. Бир учурларда ушундай алдыга умтулуп, чуркап жүрүп, эмнеге ордубуздан жыла албай калдык билбейм. Бирок, бүгүнкү күнү бизге калган мурастарга алардын ээ чыккандыгы анык. Ооба, бул заманда биз токтоп, алар алга жүрө баштады жана түбү бизге таандык негиздерди пайдалануу менен канчалаган ачылыштарды жасашты. Баардык нерсенин түбүнө жете алышпаса дагы, заманбап илим жана технология кереметтери аларга таандык экендиги анык.

Биздин өткөн тарыхыбызга карасаң чоң ийгиликтерди көрөсүң, азыркы учурдагы абалыбыз болсо өтө аянычтуу. Ал эми алар караңгы тарыхтарынан өч алып жаткандай, колдорунда илим чырагын көтөрүп алышып, бизден алда канча алдыда жана инсандык баалуулук жагынан болбосо дагы, илим жана изилдөөдө бизден жогорулуктарын көрсөтүүдө. Биз эмнеге мынчалык артта калып кеттик, себебин билбейм. Негизинде өтө мыкты тарыхыбыз, илимди жана изилдөөнү ибадат деп эсептеген динибиз бар эле. Ушул себептен, илимге жана жаратылышка жат эмес элек. Андан кийин кандай болду, сабатсыздыкка, жалкоолукка түшүп калып, кашайгыр тууроочулукка үйрөндүк!..

Биз бир учурларда баардык баалуулуктарыбыз өзүбүзгө тиешелүү болчу, баардык изилдөөлөрүбүз дагы бизге таандык эле. Ой-жүгүртүүнү, изилдөөнү жана үйрөтүүнү ибадат деп эсептечү элек. Эркин көз карашка ээ болгон жана акыйкатка жетүүгө умтулган канчалаган шейиттер өткөн эле. Баардык тармакта алдыда болчубуз. Алланын жаратылыш китебинин сырын чечүү үчүн жарышка түшкөндөй көрүнүштө элек. “Ал өткөн тарыхыбыз азыр жалган түш сыяктуу болуп калды.” (М. Акиф)

Ал күнү баардык илим, илим кабыл алынып, баары бул ышкыдан насибин алчу. Бир жагынан тафсир, хадис, фыкых, хадис негиздери, фыкых негиздери жана дин негиздери сыяктуу илимдер жаңы бир диний системанын, жашоо философиясынын жана бир акырет тууралуу ой-пикирдин тили, катары ортого салынып, башка жагынан математика, геометрия, химия, медицина, астрономия, агрономия сыяктуу көптөгөн илимдерде жаңы-жаңы ачылыштар болуп жаткан эле. Ал доордо, бул илим тармактарынын дээрлик баарында, изилдөөнүн артында жүргөн бир топ ойчул, философ бар болчу: Мухаммед бин Закария ар-Разий, Куфалык Жабир, Фаараби, Ибн Сина, Фазаарий, ал-Баттаний, Газалий, Ибн Рушд жана башка жүздөгөн улуу инсандар. Биздин бул жерде айткандарыбыз химия, математика, геометрия, медицина, астрономия, фыкых, фыкых негиздери, тасаввуф… сыяктуу илим тармактарында системаларды түзгөн илимпоздор, ойчулдар, философтордун бир канчасы гана… Булардын адамзатка арнаган чыгармалары доордон доорго өтө тургандай өзгөчөлүккө жана Батышка жол көрсөтө тургандай деңгээлде. Мунун мындай экендигин ичибиздеги кээ бир адамдар кабыл алышпаса дагы, билим дүйнөсүнүн бул багыттагы көз караштары өзгөргөн.

Эми, Хайдар Баммад, Иосиф Бертранд жана Густав Ле Бон сыяктуу ойчулдардын кээ бир аныктоолору менен маселени дагы бир аз ачыктайлы: Сегизинчи жана тогузунчу кылымдар, түрдүү илим жана искусство өтө өнүккөн жаркын доор болуп эсептелет. Илим тарыхында бул кылымдарда Чыгыш өтө өнүккөндүгүн көрсөтүп турат.

Дүйнөнү сабатсыздыктын кара булуту каптап турган бул учурда Ислам дүйнөсү алтын доорун жашап жаткан эле. Илимпоздор жана изилдөөчүлөр, мамлекет адамдары менен жанаша жүрүп, ар дайым урмат көрүп тураар эле. Аббасий Маъмун доорунда, мамлекет тарабынан жердин шар түрүндө экендигин аныктоо маселеси коюлат. Бул чечим кийин Бани Муса (Мухаммед, Ахмед, Хасан) тарабынан Санжар чөлүндө жүзөгө ашырылууга аракет кылынат. Илим тарыхында көрүнүшү өтө жакшы маалым болгон бул тажрыйба, Куфа чөлүндө дагы бир жолу жүргүзүлөт жана бул тема боюнча бүгүнкү күнүбүздөгү маалыматтарга жакын болгон натыйжалар алынат.

Ал эми ислам дини келүүдөн мурда ошол күндөгү Орто Чыгышта Александрия мектебинин четтетилүүсү менен бир топ илим тармагында токтолуу болгондой эле, астрономия менне байланышкан маалыматтар дагы астрологиялык уламыштарга жеңилип калган болчу. Илимий изилдөөлөр токтоп, инсандарда илимге болгон кызыгуу жоголуп, коом туура ой-пикирден алыстап калган эле. Ал учурларда дүйнөнүн эң күчтүү илим борбору болуп эсептелген Константинияда илим очоктору рухтардын жынысын тактоо менен убараланып жаткан эле; Европанын абалы болсо, өтө аянычтуу болчу.

Мына ушундай доордо илимге кызыккан мусулмандар, мурункулардан мурас калган баардык илимий маалыматтарды кылдаттык менен карап чыгып, алардагы жаңылыштыктарды оңдоп жана келечек муундарды таң калтыра турган жаңы ачылыштарды жасашкан.

Өтө алгачкы учурларда эле тажрыйбадан өткөн практикалык негиздерди коюучулар мусулмандар болгондой эле, Европада бүгүнкү күнүбүзгө чейин колдонулган бир топ аспаптардын жана системалардын ойлоп табылышы мусулмандарга тиешелүү; телескоп илим дүйнөсүнө Мухаммед бин Ибрахим ал-Фаразийдин белеги; “алжабр” (алгебра) Жабирге таандык; илим дүйнөсүндө, Бани Мусадан Мухаммеддин аты экинчи даражадагы теңдемелердин чечилиш усулу менен, Умар бин Ибрахиймдин аты үчүнчү даражадагы теңдемелердин чечилиш усулу менен бирге эскерилүүдө. Ай жана Күндүн тутулууларынын айланууга байланыштуу экендигине эң туура астрономиялык аныктама берген белгилүү Али бин Юнус болгон жана бул инсан ошол эле учурда убакытты өлчөгөн, жылдыздардын жерлерин белгилеген жана сааттардын алдында илинип, тербелип туруучу механизмди ойлоп тапкан миңинчи жылдардын эң белгилүү астроному эле.

Азыркы учурларда, бул илим жана изилдөөгө кызыккан инсандар биздин дүйнөбүздө көп белгилүү болбосо дагы Батышта өтө баалоо менен эскерилет жана илимде жол көрсөтүүчүлөр катары билинет. Илимпоздор Лабластын, Ибн Юнус жана Баттанийдин изилдөөлөрүнөн пайдалангандыктарын айтышат. Албетте, Батыш дүйнөсү кылымдар бою Ибн Юнус жана Баттанийдин системаларын колдонуп, университеттеринде студенттерине Ибн Рушддун философиясын, Ибн Сина жана Разийдин медицинасын окутуп, Захравийдин операция жасоодо колдонгон аспаптарын жана усулдарын колдонуп келишет. Көз анатомиясы менен байланышкан эски көз караштарды жокко чыгарып, алардын ордуна, бүгүнкү күнүбүздөгү маалыматтарга өтө жакын болгон ачылыштарды жасаган ал-Хаазинди билим дүйнөсүндө билбеген жоктур…

Мусулмандардын илим жана изилдөөгө кызыгуусу, жогоруда айтылгандар жана ушул сыяктуулар менен гана чектелип калбайт. Алар адабият жана исскуство, агрономия, сугат каналдарын куруу, мөмөлүү дарактарды кыйыштыруу сыяктуу ал доордо дүйнөнүн кабары жок болгон бир топ маселеде жол көрсөтүүчүлүк кылышкан. Дүйнө, Грек мифологиялары менен мактанып турган учурда Чыгыш, ал маалыматтарга бай илим дүйнөсү менен Батышты арбап алган. Бактарды-бакчаларды кооздоо, кооз пейзаж биздин дүйнөбүздүн Батышка тартуусу болуп саналат. Орто Чыгыш жана башка ысык өлкөлөрдүн көп түрдүү мөмөлөрүн Европа мамлекеттерине Андалус мусулмандары тааныткан. Айбанат бакчалары, балык көлмөлөрү дагы ушул инсандардын адамзатка тартуусу болуп эсептелет. Ал учурда Андалус мусулмандары табиятты өзгөртүу укугун колдонуу менен өтө кооз бакчаларды курган. Ал бакчаларда жапайы айбанаттардын эң сейрек кездешүүчү түрлөрүн көрүү демейдеги нерсе болчу. Бул кең мейкиндиктердин өтө кооз түзүлүшү жана байлыгы, шаркыратмалардын өзүнө тартып турган көрүнүштөрүн көргөн адамдар өздөрүн жоготуп коюшчу.

Алгачкы мусулмандардын илимий ой жүгүртүүлөрү, акыйкатка жетүү аракети жана изилдөөгө болгон кызыгуулары менен жаратылышты терең изилдеп, көптөгөн доорлордо маалымат булагы катары баары кайрылып тура турган өтө маанилүү ачылыштарды жасап, басып өткөн баардык жерлеринде жаңы көрүнүштөрдү пайда кылып, бейиштердин коридорлоруна айлантышкан. Баардык инсандар аларга жана алардын дүйнөлөрүнө суктануу мене карап, көңүлдөрүндө душмандык болбогондор өз каалоолору менен аларга кошулууга чуркашкан.

Бүгүнкү күнүбүзгө келгенге чейин акырындык менен ал кызыгуу тарай баштады. Ал ой жүгүртүүлөр токтоду жана баардык нерсе алмашты жана бул коомду өлтүргөн чарчоо басты. Өткөн доорлордо сабатсыз жана түркөй, биздин көзүбүздү карап жашаган элдер илимий деңгээлдери, изилдөө, материалдык өнүгүү жана технологиялык жактан жогору туруулары менен бизди өз дүйнөлөрүнө тарта баштады. Алар ушул учурдагы деңгээлдерине кантип келишти экен?. Бүтүндөй дүйнө жүзү менен ойной турган мындай күчкө кантип ээ болушту?!.

Ушул себептен, бизге жана баардык эл агартуучуларга бир гана милдет, инсандарыбыздын көкүрөгүндө дагы бир жолу өткөн тарыхыбыздагы илим жана изилдөө кызыгуусун козгоо болуп эсептелет. Албетте, бул кең өлкөбүздө мындай зор милдетти ишке ашырууда акыйкатты издеген жүрөктөргө, башка эч бир нерсе аларды алаксыта албай турган азаматтарга муктаждык бар экендиги чындык. Жеке, үй-бүлөлүк, саясий жана экономикалык эч бир пайда көздөбөгөн азаматтарга муктаждык бар…

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message