Бир табигый апаатта өлгөндөрдүн бардыгынын ажалы бир учурда келгенби?

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Доорубузда пайда болгон суроолор » Бир табигый апаатта өлгөндөрдүн бардыгынын ажалы бир учурда келгенби?

Ажал бир макулуктун жашоо мөөнөттүн соңу. Кийинчерээк бар болгон бардык нерсе негизинен мындай «соң» жана «бүтүш» жазуусу менен дүйнөгө келет.

Барлыктын агымы ичинде башталыш менен бүтүштү бирибиринен ажыратуу мүмкүн эмес. Бардык нерсе бир тамчы сыяктуу акыры то­пурактын ичине түшүп, өзөн сыңары агып, акыр түбү бир деңизге куят.

Бул дээрлик бардык барлыктардын ортоктош тагдыры. Ушул таг­дырында ар бир барлык бул дүйнөгө келип, кайра эле ушул жазуу ме­нен келген сыңары кайра кетет.

Башталган нерсе аяктайт, кийинчерээк пайда болгондордун соңу бар. Башталышы болбогондун соңу да болбойт. Эзелий болгон гана түбөлүктүү боло алат.

Кийинчерээк пайда болгон бардык макулуктардын барлыгына өкүм жүргүзгөн, аны белгилүү бир программа менен бул ааламга жөнөтүп, бардык нерсесин көрүп, көзөмөлдөгөн Улуу Жаратуучу бар. Ал баар­дык бул өзгөрүп тургандардын сыртында. Болгон жана боло турган баардык нерселерди Ал Өзү жөнгө салып турат.

Ушул себептен, бул дүйнөгө келүүнү жана бул дүйнөдөн кетүүнү «табигый» деп айтуу туура болбогондой эле, апааттар жана аларга байланыштуу окуяларды да «табигый» деп айтуу туура эмес. Маку­луктардын жаралышы сырткы буйрук жана каалоолордун алкагында ишке ашууда.

Адам, айбанат, өсүмдүк жана башка бүткүл макулуктар аларга өкүм кылган бир кудурет менен жарыкка чыгып, Жаратуучуларын чагыл­дыруу милдетин аткарат, анан орундарын башкаларга бошотуп берип кетишет.

Эми бул кичине даярдыктан кийин, темабыздын «Бир убакта өл­гөндөрдүн бардыгынын ажалы бир келгенби?» деген негизди карай­лы:

Ооба, бардыгынын ажалы бир келген жана мындай болушу үчүн олуттуу эч кандай тоскоол жок. Барлыкты бүтүндөй колунда кармап турган Улук Зат атомдордон системаларга чейин бардык нерсени жа­на бардыгын өз тагдыры ичинде бир убакта жараткан сыңары эле, бир убакта өлтүрө алат. Башка башка жерлерде болуулары, сыпат жана абал айырмачылыктары буга эч тоскоол боло албайт.

Кудурети Соңсуздун тасарруфун көрсөтүү үчүн, ошол кудурет­ти толугу менен чагылдыра турган мисалды таба албоо менен бир­ге, кайра эле, Ага күзгү боло турган, бир пикир бере турган көптөгөн нерсе тууралуу айтса болот.

Кыскасы, күнгө багытталган түрдүү сыпат жана абалдагы бар­лыктар эч бир башаламандыкка жол бербестен, ага карай жашоосун улантат, анын нуру астында түстөн түскө кирет, ал аркылуу эң түстүү абалга келет жана анын туулушу, батышы менен сенектешет, эскирет, акыры өчүп тынат. Дал ушул сыяктуу, бардык нерсе ошол эле жаздын кучагында төлдөйт: ошол эле жазда өөрчүпөсөт жана ошол эле күз­дө саргаят, бирок баарынын тагдыры ар башкача. Баары ошол кенен илимдин план жана программасы менен ошол соңсуз ирада жана ме­шиеттин багыттоосу аркылуу… ооба, туш келди жана өз каалоолору­на карай эмес, ошол керемет мешиет жана ираданын каалоосуна ка­рай өмүр сүрөт. «Ал жерде жана деңизде болгон бардык нерсени би­лет. Түшкөн бир жалбырак жана караңгылыктардын ичине көмүлгөн эч бир дан жок апачык бир китепте болбогон.»

Дарактардын, чөптөрдүн, үрөндөрдүн, дандардын жашоо жана өлүмдөрү, өнүгүү жана мөмөлөрү мынчалык олуттуу каралып, адам­дай эң кынтыксыз бир барлык ээн калтырылабы? Бир нерсени кө­рүүсү башка нерсени көрүүсүнө, бир нерсени угуусу башка нерсе­ни угуусуна тоскоол болбогон ааламдын Улук Ээси, албетте, эң азиз макулугу, эң баалуу чеберчилиги болгон адам баласынын ар абалы­на маани берип, анын бир мүчөсүнө эле башка жалпы макулуктар ээ болгон нерселерди берип, ааламдын мазмуну болгон адамды жекече түрдө карайт, жекече сыйына ээ кылат.

Бул чакыруу менен багыттоо кээде төшөктө, кээде согуш майда­нында, кээде бир апааткырсык аркылуу болушу мүмкүн. Атүгүл бө­лөк бөлөк жерлерде, жалпы түрдө, же жекече пайда болушу мүмкүн. Жараткандын адамга карашы өңүтүнөн караганда, булар натыйжага эч качан таасир тийгизе албайт. Ар адамдын эркин колуна берген, ар жандууну каалашынча жашоодо кармап, андан кийин жанын алган чексиз илим жана кудурет ээси нездиндеги китепке карай белгилүү кишилердин жана коомдун рухтарын алышы жеңил жана акылга сы­йымдуу. Мурда да айтылгандай, бул мурдатан бошотулуусу аныкталган бир аскердик бөлүктүн убактысы келгенде, эң чоң колбашчы та­рабынан бошотулуу иштеринин аткарылышы сыяктуу бир нерсе…

Мисалы, шаарларды астынүстүн кылып жиберген күчтүү жер ти­тирөөдө миңдеген кишинин кылынган бардык аракеттерге карабас­тан куткарылбайт, бирок ошол эле жер титирөөдөн көп күн өткөндөн кийин өзүн коргой албаган жүздөгөн алсыз балдар эч кандай зыянга учурабастан табылуулары… ары каналга кулап кеткен бир машина­нын ичиндеги бардык жумушчулар сууга тумчугуп өлсө, башка жер­де суунун үстүндө эч кандай зыянга учурабастан бир бешиктин ичин­де бир баланын болушу, ары бир самолет кырсыгында эң тажрый­балуу кишилердин кача албастан, өрттөнүп кетүүлөрүнүн жанында учактын кулап түшүүсү менен бирге эки жүз метр алыстыкка ыргы­ган бир ымыркайдын эч бир зыянга учурабастан кутулуусу сыяктуу… жүздөгөн окуя муну далилдөөдө: жашоо да, өлүм да өзүнөн өзү бол­бостон, тескерисинче, билген, көргөн жана башкарган Бирөөнүн пла­ны менен пайда болууда.

Жашоого бир бирден, же жалпы түрдө келген ар барлык каттоо ки­тептериндеги милдеттин бүтүшү жана ажалдарына чейин жараты­лыштын кылдат сырларын түшүнүү, табияттын артындагы жашы­руундуктарды ачуу, бизди жана аларды жөнөткөн Затка күзгү жана тилмеч болуу жоопкерчиликтери менен өмүрлөрүн толтурат, бир бир­ден, же чогуу терхис кылынат (бошотулат).

Бул билүү аныктоо жана андан кийин өлтүрүү, б.а. бир убакта эле ажалдарын алпкелүү жана иштерин бүтүрүү бардык нерсени баштан аяк эң сонун түрдө билген Алла Таала үчүн абдан оңой. Ар бир ки­шинин айланасында көптөгөн периштелердин болорун жана мындан башка көптөгөн жан алуучу периштелердин да болорун жашыруун ачык бардык нерсени Билүүчүдөн билебиз.

Бул темада, мындан тышкары төмөнкүдөй кичине бир каршы чы­гуу болушу мүмкүн: Мындай кырсыктарда мустахак болгондор ме­нен бирге бир кыйла күнөөсүздөр өлүүдө. Бул тууралуу бир нерсе ай­та аласызбы?

Дароо эле айтып коеюн, бул истифхам да кайра эле акыйда жана ойпикирдеги бир катачылыктан улам болууда. Эгер жашоо бир га­на дүйнөлүк жашоодон турганда жана адамдын абалкыакыркы жери ушул жер болгондо, балким бул каршы чыгуунун акылга сыйымдуу бир жагы болмок. А чынында адам баласы үчүн бул жер бир эгүү же­ри, аракеттенүү жери жана күтүү салону болсо, тигил дүйнө кырман жана түшүм жыйноо жери жана акыры бүткүл проблемалардан кутулуп, бактытаалайга жетүү жери. Бул себептен улам, бул жерде жак­шынын жаман менен, күнөөкөрдүн күнөөсүз менен бирге өлүүсүндө табигыйлыкка карамакаршы келген эч нерсе жок. Тескерисинче, иш­тин ушундай уланышы акылга сыйымдуу жана эң логикалуу болго­ну. Анткени экинчи тирилиште ар ким ниети менен кылган иштерине карай жекече бир ьарлыкка ээ болот, ошого карай мамиле көрөт жана ошого карай же жазаландырылат, же сыйлык алат.

Кыскасы, өлүм менен ажал бул дүйнөдө болуу жана кызмат кылуу мөөнөтүнүн бүтүшүнөн турат. Мындай мөөнөт адамдын ирадасын жокко чыгарбоо алкагында мурдатан даярдалып, каттоожон өткөрү­лүп, тиркелген бир план абалында болуп, бардык нерсени көрүүчү заттын буйруктары менен мезгили келгенде ишке ашуусунан башка эч нерсе эмес. Мунун жалпылай болушу, жекече болушунун ортосун­да логикалык эч бир айырма жок.

Менин оюмча, көптөгөн маселелерде болгондой эле, бул жерде да Улук Жараткандын чексиз илим, кудурет жана ирадасын биле албоо нхирафтын башкы себептеринин бири. Дагы бир себеп заттар жа­на кубулуштарга көз караш өңүтүнүн жаңылыштыгы. Болуп жаткан нерселерде башыбызды каталуу табият жана кокустук түшүнүгүнөн арылта албай, жандүйнөлөрдө жалгыздыкка жете албаган болсок, ичибиз алсыз акыйдалар менен бирге шайтандык шеккүмөндөрдүн мухараба майданына айланат.

Мындан башка, жандүйнөбүздүн жардылыгы жана жетиштүү түр­дө азыктанбоонун жанында күнүгө кесе кесе шеккүмөндөрдүн ичи­рилиши ушундай коркунучтуу балээ болгондуктан, муундардын туу­ра багытынын бузулушуна эмес, дагы эле болсо, туура багытын сак­тоода ийгиликтүү болууларына таң калуу керек.

Маанисиз болуп көрүнгөн мындай маселелерде чектен тышкары тахшидат кылынды десе болот. Бирок ыйманга байланыштуу негиз­дердин эч биринде биз мындай пикирге кошула албайбыз. Назары­бызда итикатка байланыштуу эң кичинекей бир маселе тоолордой би­йиктикке ээ жана ааламдай баага татыктуу. Бул себептен улам, ага канчалык кылдат токтолсо да, туура.

Бул негизди караган курбуларыбыз тажабастан, бизди кечирер де­ген үмүттөбүз.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message