“Жүрөктү ыймандын, акылды илимдин жарыгы жаркытыш керек…”

Home » Kыргызча (KG) » Маалымат булактары » “Жүрөктү ыймандын, акылды илимдин жарыгы жаркытыш керек…”

Улут жана дин аралык диалог, ынтымак маселеси азыркы учурда өзгөчө биздин өлкөдө абдан курч маселелерден болуп турганы анык. Өгүнү Чолпон-Атада өлкө башчысынын катышуусунда улут аралык ынтымак, диалог жана толеранттуулук темасын камтыган диний конфессиялардын, кызматчылардын жана чет өлкөлүктөрдүн катышуусундагы жыйыны ошондон улам өткөн эле. Чынында, мындай улут, дин аралык ынтымак, достук жана өз ара түшүнүүчүлүккө чакырган иш-чаралардын зарылдыгын ар бирибиз туюп келебиз. Ошондуктан, дүйнөнү толеранттуулукка, диалогго чакырган Фетхуллах Гүленди айтпай кете албаспыз.

Адам улутуна, динине жана көз караштары келишпей турганына карабай бири-бирин түшүнүү, урматтоо, тек адамгерчилик принциптеринде гана эмес, дүйнөдөгү көптөгөн дүйнө таанымдарда, көз караштарда жана ишенимдерде кайра-кайра кайталанат.

Биздин өлкөнүн жарандарынын басымдуу бөлүгү ыктаган ислам дининде ишенимдин түрдүүлүгүнө карабай толеранттуулук, гумандуулук негизги функция катары эсептелет. Бул тууралуу ислам дининин негизги таалимин туура түшүнгөн дүйнө ойчулдары, окумуштуулары да какшап айтат. Андай ишмерлерден өзгөчө баса белгилей кетүүчү инсан – Фетхуллах Гүлен. Ал өйдөдө айтылган чыр-чатактын, конфликтин булагы болгон көйгөй: өз ара түшүнбөстүк, ырксыздык, көрө албастык, тигил же бул тараптын жеке кызыкчылыгын гана көздөөчүлүк өңдүү кеселдерди чечүүнүн жолу. Сабатсыздыкты, жакырлыкты жоюу жана жогорку билим, адеп-ахлактуулук экендигин туура баамдаган идеяларын дин баалуулуктары менен илим-билимдин негизинде теориялык да, практикалык да түрдө ишке ашырып келет.

Чынында, адамгерчилик, диалог жана толеранттуулук өңдүү сапаттардан турган идея албетте, Гүлендин жеке ичинен чыккан идея эмес. Ал болгону исламдын көмүскөдө калып бара жаткан түпкү “тынчтык” деген маңызын гана жаңыртып отурат. Гүлен дин аралык диалог жана толеранттуулуктун практиги жана теоретиги катары: “Мен диалог жана адамгерчиликти, сабырдуулукту (башкаларга жол коюучулук) жана толеранттуулукту менин динимдин (исламдын) негизин түзүүчү принциптери катары карайм”, – деп ислам жана башка диндерди тутунуучуларга кол кармаша жашашын эске салат.

Азыркы заманда өздөрүн мусулман атаган жактар бири-бири менен конфликтке кириптер болгон фактылар жашыруун эмес. Бул – Гүлен так баамдагандай, билимдин тайкылыгы, ыймандын алсыздыгы жана амбицияны ооздуктай албастык. Анте турган болсок, илим-билимге сугарылган адамдардын да бүлүк салуучулардан болуп кеткени тарыхта болобу, дегеле табылбай койбойт. Ошондуктан, Гүлен ыйман менен билимдин кошулуусу түшүнүүчүлүктүн түбүн түптөөрүн, ошондой эле өз ара алака жана диалогдун өзгөчө маанисин баса белгилеп: “Эгер сабатсыздык жана экстремизм ар кандай социалдык кеселдердин жана чыр-чатактардын негизи болуп кызмат кылса, анда дүйнөнү билим жана толеранттуулук сактап калат”, – деп ырксыздыкта дагы эле билим менен түшүнүүчүлүк мыкты курал экендигин айгинелейт.

Ошол үчүн Гүлендин билим берүү концепциясынын негизи маданияттар, улуттар аралык диалогдун жана толеранттуулуктун идеясында жатат. Анын айтымында: “Толеранттуулук – башкаларга достугун арноого умтулуу, ар түрдүүлүктү турган абалындай кабылдоо, ар кандай дүйнө таанымды, диний ынанымды жээрибей, ага тоскоолдук кылбоонун өзү калыстык кылуу, башкаларга жол коюуучулук (толеранттуулук)”.

Ушундай улуу, изги иштерде Фетхуллах Гүлен өзүнүн пикирлештери тарабынан ачылган ар кайсы социалдык катмарлардын диний, этникалык жана башка айырмачылыктарына карабай окуп жаткан билим берүү тармактарына чоң үмүт артат. Гүлен билим берүү концепциясын айтып жатып: “Бул бир процесстеги диний жана илимий окутуу билим берүүнүн жаңы формасы. Бул руханийликтин жана моралдын деңгээлин көтөрүп, чыныгы ар жактуу билимдүү адамдарды жаратат, “жүрөктү ыймандын жарыгы, мээни илимдин жарыгы жаркытат”… – деп, таалим берүүнүн ийкемдүү усулун сунуштайт.

Чынында, мындай Гүлендин идеясы менен ачылган мектептер – келечектин мектеби, анын негизги максаты, бир гана жогорку класстагы билим берүү гана эмес, балким көбүнчө дүйнөнүн толеранттуулук жана гумандуулук принциптерин жетекке алган жаңы жарандарынын тайпасы.

Гүлен чатакташуунун натурасын жана анын чыгышын талдап, айрыкча терроризмдин таркалыш себептерине деталдуу токтолгон. Ал көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө орун алган социалдык “оорулар”: “Ал – жакырдык, сабатсыздык, класстык түрдүүлүк жана этникалык дискриминация. Мусулман өлкөлөрүндө мындай адам укуктары, билим алууга, информациялык технологияларга, экономикалык жетишкендик жана кирешелерди адилеттүү жумшабастык өңдүү базалык баалуулуктар туура реализацияланган эмес”- деп, ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун билим берүүдөн көрөт жана аны практикалык түрдө ишке ашырууда. Ошондуктан, жогоруда айтылгандай, Гүлен светтик окуу тармактарынын демилгечиси болгон. Ал башка маданияттарды жана диндерди урматтоо негизинде аракеттенет.

Гүленди айрымдар диний ишмер катары да билет. Бирок, бүгүнкү дүйнөдө анын ролун түшүнүү бул жетишсиздик кылат. Эгер терең үңүлсөк Гүлендин философиясы адамды сүйүүгө такалып; бул татаал жашоодо эң кымбат – бул адам жана анын жашаган жашоосу. Адамзатын сактап калуу үчүн ар кайсы маданият, улут өкүлдөрүнүн ынтымагы, алардын арасындагы чыдамкайлык сый-урмат жана диалогдун өкүм сүрүшү зарыл экендигин көрсөтүүгө умтулат. Мындай маселелерди чечүү инструменттеринин бири ыйманды сыйлаган, илим-билим. Ооба, Гүлен өзүнүн динин жашоосуна терең сиңирүүгө, ошондой эле ар кайсы улут, маданиятты жана диндерди сыйлаган чыныгы мусулман болууга аракеттенет. Ал чыныгы мусулмандын адамгерчилигин түзгөн, адеп-ахлактык түшүнүк, адамдардын өз ара кичи пейилдүүлүгү принциптерин реализациялоо жолдорун изилдейт.

Гүлен айтат: “Ким дүйнөнү өзгөрткүсү келсе, адегенде өзүн өзгөртүшү керек. Башкаларды жакшы жашоого алып баруучу жолго багытташ үчүн, ал өзүнүн ички дүйнөсүн жек көрүүчүлүктөн, көрө албастыктан жана суктануудан тазалаш керек, ошондой эле сырткы дүйнөсүн мүмкүн болгон бардык баалуулуктар менен кооздошу керек. Ким өзүн-өзү кармоодон жана өзүн-өзү тарбиялоодон качса, ким өзүнүн сезимдерин асылдандыра ала албаса, балким алар бир караганда жагымдуу да, көрөгөч да көрүнүшү мүмкүн. Бирок, андайлар көпкө чейин башкаларды шыктандыра албайт, алардын жасалма ыкыластары тез эле кайып болот…

Эгер адам өзү окуп, башкаларды шыктандырып окута алса, анда ал чыныгы адам. Окугусу келбеген жана түркөйлүктө жашаган адамды жетик адам деп айтуу оор. Бирок, билимдүү адам өзүнүн билимин жаңыртпаса, өзүн-өзү оңдоп турбаса жана башкаларга үлгү болуп кызмат кыла албаса, анын инсандыгы да кемел эмес…”.

Асылбек
БЕКТЕНОВ
Көз карандысыз теолог , журналист

СПРАВКА

Фетхуллах Гүлен – азыркы замандын белгилүү дүйнөлүк ислам окумуштуусу, теолог, философ-ойчул. Ал өзүнүн тынчтыкка чакыруу, конфессия аралык диалог жана макулдашуу, толеранттуулук ошондой эле ар түрдүү маданият, коомчулуктун кызматташтыгы үчүн “толеранттуулук идеяларын” пропагандалаганы үчүн Юнесконун сыйлыгына татыган. Анын идеясынын негизинде пикирлештери тарабынан “Журналисттер жана жазуучулар Фонду”, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө билим берүү мекемелери тармагы уюштурулган. Негизги максаты конфессия жана маданияттар аралык диалог болуп эсептелет.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message