Билим берүүнү колдоо – Гүлен перспективасы

Home » Kыргызча (KG) » Маалымат булактары » Билим берүүнү колдоо – Гүлен перспективасы

Биз проектини ишке ашырууда адам баласынын эркине байланышкан максат коюудан баштап, аны ишке ашыруунун жол-жоболорун, принциптерин тандоо, чыга турган тоскоолдуктарды эске алуу жана жете турган натыйжаны туура анализдөө сыяктуу комплекстүү мамиле керек. Ал эми маанилүү, көлөмдүү иштерди иш жүзүнө ашырууда адамдын ишмердүүлүккө мотивациясы, чебердиги жана сабырдуулугу өтө маанилүү фактор болуп эсептелет.

1991-жылы Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон тартып 20 жылдын ичинде көптөгөн жаңыланууларга жана өзгөрүүлөргө күбө болуп келебиз. Тилекке каршы,ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет демекчи, бир топ маанилүү проекттер, патриот, билимдүү адамдардан билим-илим жаатындагы эң сонун демилгелери, идеялары өлкөбүздүн экономикалык абалынан, айрым субьективдүү себептерден улам ишке ашпай келет. Экономикалык, финансылык көз карандылык коомдун түркүгү болуп эсептелген маданият, билим берүү сыяктуу тармактардын айрыкча кендерин кесүүдө. Экономикалык кризис күчөп, ааламдашуу процессинин арааны жүрүп турган ушул оор шарттарда келечек муундарды тарбиялоодогу улуттук идеологиябызга шайкеш келтирип талдап алуубуз зарыл.

“Бир улуттун келечеги тууралуу сөз айткың келсе, ал улуттун жаштарына берип жаткан таалим-тарбиясын карагыла” – дейт улуу ойчул, аалым, педагог Фетхуллах Гүлен. Билим-тарбия берүүдөгү улуттук идеологиябыздын так эместигинен дагы, билим-берүүгө мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүнбөгөндүгү проблемаларды көбөйтүүдө. Бир жылдын ичиндеги билим берүү тармагына бөлүнгөн акчанын дүйнөлүк деңгээлден, жакынкы жана шериктеш өлкөлөрдөн кыйла төмөн экендиги жашыруун эмес. Билим берүүгө 132 мамлекеттин ичинен Кыргызстан ИДПнын 3,1% бөлүү менен 104 орунда турат. Украина 5,4% 45 орунда, Россия болсо 3,8% 88 орунда. Дүйнөнүн орточо коэфициенти 4,9% түзүп, биздики төмөн экендигин билдирет.

Билим сапаттуулук бир гана материалдык камсыздоого байланыштуу эмес деп, башка болгон факторлорду атаганыбыз менен, бүгүнкү күнү мамлекеттердин билим берүүгө бөлгөн бюджеттери билимдин сапатына түздөн-түз байланыштуу экендигин көрсөтүп жатат. Мисалы дүйнө жүзүндө мамлекеттердин билим деңгээлин аныктоо үчүн ОБСЕ тарабынан курулган PISA сынактары (Programme for International Student Assessment) жалпыга маалым. Программада окуучулардын жалпы окуп-түшүнүү компетенциясын, математикалык билимдерин жана табыгый билимдер боюнча билгичтиктерин аныктоо жүргүзүлөт. Бул программа боюнча 2000-2015-жылдардын аралыгында 3 жылда бир сынак өткөрүү пландалган. PISAга катышуучулар: 2000-жылы 32 мамлекеттен 180 000 окуучу, 2003-жылы 41 мамлекеттен 250 000 окуучу, 2006-жылы 57 мамлекет 400 000 окуучу, 2009-жылы 69 мамлекет 470 000 окуучунун тегерегинде катышкан. Ал эми эң алдыңкы жетишкендиктер төмөндөгүдөй:

Жогорудагы натыйжаларды карап көрсөк Финландия, Түштүк Корея жана Канаданын мыкты көрсөткүчтөрүнө күбө болобуз. Анткени жогорку көрсөткүчтөрдөгү өлкөлөр педагогикалык туура багыттарды тандап алышкан. Буга кошумча бул өлкөлөрдүн билим берүүгө болгон бюджеттери жогору. Мисалы: Канаданын билим берүүгө бөлгөн бюджети (2010-2011-жылдары) 2.4 миллиард АКШ долларын )түзөт. Демек, ийгиликке жетүүдө сөзсүз заманбап жабдыктарга жана материалдык жактан мектептерди, мугалимдерди колдоого алууга көп көңүл буруубуз абзел.

Ал эми тарыхка бир кылчайып сереп салып көрсөк 20-кылымда майда чон жалпысынан 250 согуш катталып,болжол менен 110 миллион адам курман болгон.20- кылымдын башында башталган биринчи дүйнөлүк согушка 20 мамлекет катышып, 10-миллионго жакын адам өлүп, согуш майдандар эле эмес,жалпы граждандык жашоо тилкелерине да зыяны тийген. Тарыхтын эң оор согушу 2-дүйнөлүк согушка 110 миллион адам катышып, 27 миллиону фронттто,граждандык карапайым элден 25 миллиондун тегерегинде адам набыт болгон, Германияда 1,5 миллион үй кыйрап, 7,5 миллион адам үйсүз калса ,СССРде 6 миллион уй кыйрап,1700 шаар жана шаарча ,70 000 айыл- кыштак жапа чеккен. 1990-2000-жылдардын аралыгында дүйнөнүн 44 чекитинде 56 куралдуу кагылыш болуп өткөн.

ХХ кылымдын кандуу жана эбегейсиз кагылышууларынын натыйжасында төмөндөгүдөй материалдык чыгашалар келип чыккан.

1- дүйнөлүк согуш 2 триллион 850 милиард АКШ доллары.
2- дүйнөлүк согуш 4 Триллион АКШ доллары.

Корея согушу 340 миллиард АКШ доллары.
Кувейт согушу 13 миллиард АКШ доллары.
Вьетнам согушу 720 миллиард АКШ доллары
Израил-Араб согушу 21 миллиард АКШ доллар
Афганистан согушу (1979-1989) 116 миллиард АКШ доллары
Иран-Ирак согушу 150 миллиард АКШ доллары

Бул жүз жылдыкта куралданууга жумшалган акча өтө көбөйүп, 2002-жылы дүйнөнүн аскердик бюджети бир триллион долларга жеткен. Ал эми азыркы учурда 1.2 миллиард адам күнүмдүк 1 доллардан төмөн кирешеси бар. 113 миллион баланын мектепке барууга, билим алууга мүмкүнчүлүгү жок. жыл сайын болжол менен 11 миллион өспүрүм балдар начар шарттардын жана жокчулуктун кесепетинен курман болууда. Ушул эле жетишсиздиктин айынан ар бир кырк сегизинчи төрөлгөн наристеден бирөө өлүү төрөлөт.

Жогорудагы кейиштүү факиыларды карап туруп бир жагынан капа болсоң, бир жагынан булардын ичинде Кыргызстандын да үлүшү жок эмес деп ойлойсуң.

Ошол эле 2-дүйнөлүк согуш, Афганистан коогалаңы, күнүмдүк 1 доллардан төмөн киреше, жакырчылыктын айынан билим ала албагандар бизге да таасирин тийгизбей койбойт.

Мындай опурталдуу натыйжаларга барбаш үчүн өлкөбүз билим берүүнүн сапатына өтө басымдуу көңүл бурушу абзел. Менин оюмча, жалпы эле ар тармактын кызматкерлери мамлекеттин капчыгын карап, казынадан бөлүнгөн акчаны карап отура берсек дурус болбос. Ыйлабаган балага эмчек берилбейт демекчи, айрыкча ар бир билим берүү мекемеси кошумча булактарды издөөбүз зарыл. Тилекке каршы, кошумча булак десе эле чет жактан келген долбоорлорду ойлогонубуз күнүмдүктүн оокаты. Баарынан да бул долбоорлордун артында кандай идеологиялар жатканын туура талдаганыбыз дурус. Өткөндө бешинчи каналды көрүп отуруп, йегова өкүлдөрүнүн кээ бир интернаттарды карамагына алып, өз агымын жайылтып жаткандыктары зээнди кейитти. Элет жергесинде жакшы адат бар ашар деген; айылда чоң иш болсо жапа тырмак калайык кол кабыш кылып ынтымак менен бүтүрүп алышат, демек, биз да адам баласына берилген биргелешүү, жардамдашуу сыяктуу жакшы сезимдердин жолун таап, ишмердүүлүктүн жолун издейли. Мисалы менин туулуп өскөн айылым Ат-Башыда бир мектеп салынып, же бир мектеп ремонттолуп, “Дордой” ассоциациясы баланча, “Замандаш” ассоциациясы түкүнчө бериптир десе сүйүнүп калам. Эл ичинде жетим, жесирлер, майыптар, жетишпеген үй-бүлөлөр менен катар колунда барлар. Байлыгын кайда жумшаарын билбеген бай адамдар да көп. Ошондуктан жардам берүү, кам көрүү, элге кызмат кылуу деген көрүнүштү спонтандуу эмес, туруктуу абалга келтирип, жалпы элдин аң-сезимине жеткиргенибизде көп пайдасы болмок эле. Мисалы: И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин алалы. Уландысы келерки санда.

И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Униветситетинин аспиранты, “Саманийолу Анкара” лицейинин окутуучусу Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message