Алла Тааланы таануунун жолдору кандай?

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Доорубузда пайда болгон суроолор » Алла Тааланы таануунун жолдору кандай?

Кудай жараткан нерселеринен таптакыр башкача болгон Зат. Адам баласы ушул чектүү ааламда дайыма ой жүгүртүүсү, көрүүсү, угуусу да чектелген. Ырас, адамзат бул ааламда миллиондон беш гана бөлүгүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Миллиондон бешин гана уга алат. Мисалы, адам бир секундда 40 жолу титиреген үндү уга албайт. Миң жолу титиреген үндөрдү уга албайт. Демек, адамдын үндөрдү кабыл кылуусу чектелген. Анын көрүү жана угуу жөндөмү абдан чектелген. Мынчалык чектүү көргөн, уккан, билген адам баласынын «Кудай эмне үчүн көрүнбөйт? Кандай нерсе?» – деп суроосу орунсуз эмеспи? Кудай Таала бардык кемчиликтерден аруу жана Ал сенин кыска акылың менен өлчөнбөй турганчалык Улук Зат. Адам баласы жарыктын ылдымдыгы менен триллион жыл алдыга кетип, триллион жылдык алыстыктагы нерселерди көрсө, бул Анын жанында микроскопчолук бир нерсе да боло албайт. Биз али Антарктика материгин биле элек жатып, бардык ааламды башкарган Кудайдын кандай экенин каяктан билмекчибиз! Биз Ал тууралуу кандай ойлосок да, Кудай биз ойлогондун эч бирөөнө окшобойт!.

Ыйман маселелерин изилдөөчү аалым: «Оюңа эмне келсе да, Алла андан башка.» дейт. Суфист болсо: «Оюңа эмне келсе, Алла анын сыртынын, сыртынын, сыртында. Сен, ар дайым сени курчап турган пардалардын ортосунда, үстү жабык нерсенин ичинде сыяктуусуң…».

Декарт (Descartes) мындай деген: «Адам баласы бардык жагынан чектүү. Чектүү нерсе чексиз нерсе тууралуу ой жүгүртө албайт. Кудай – чексиз, түбөлүктүү. Ошондуктан чектүү ойлонгон адамзаттын ой жүгүртүүсү Анын барлыгын камтый албайт».

Улуу немис акыны Гёте: «Сени миңдеген ысмың менен айтышат, Оо, Бар Экени Көрүнбөгөн Зат! Миң эмес, миңдеген ысым менен айтсам, сени мактаган болуп саналбайм. Анткени сен бардык жакшы сапаттардан жогорку даражадасың.» – деп, бизге Кудай тууралуу айтууда.

Ойчулдар Алланы бар, бирок биз Анын кандай экендигин биле албайбыз деп айтышат. Алла адам баласы түшүнө ала турган, биле ала турган нерселерден эмес. Көз аны көрө албайт, кулак Аны уга албайт. Андай болсо, сен Ал тууралуу бир гана пайгамбарлардын таалимине баш ийип, ошол жол менен ишенүүгө тийишсиң!.

Алла кантип билинмек эле: Ал барлыктын да, илимдин да алгачкы булагы, алгачкы себеби. Бул жашоодо өмүр сүрүшүбүз Анын нурунун чагылышы, акыл–эс, таанып-билүү Анын илиминин шооласы гана. Ырас, белгилүү бир деңгээлде Алланы таанып-билүүнүн жана илим ээси болуунун жолу бар: бирок бул табийгат жана жаратылышты билүүдөн таптакыр башка нерсе… Туура эмес жол аркылуу Аны таанууга аракет кылгандар напсилеринин менменсинген текебердигин жеңе албагандар: «Алланы издедим, бирок таба албадым.» деп дөөрүп, илим-билим жана философиянын атынан ишенбеген кудайсыздыгын билдирет.

Кандай абалда болсок дагы, Алла Таала өзүнүн бар экендигин бизге сездирет. Ошол сезим, ошол учкун Алланы таануунун негизин түзөт. Ага карабастан биз көп жолу Кудай тарабынан жаралганыбызды танып, жана бул ички сезүүдөн качып, ката жана адашкандыка түшөбүз.

Биз көрүп турган аалам Кудайдын бар экендигин эскертип айтып туруучу миңдеген сөз сымал. Куран кереметтүү баяны менен эң чоң эскертүүчү, Пайгамбарыбыз Алла Тааланы бизге кынтыксыз тааныткан Кудайдын Элчиси.

«Жер-асманга сыйбаймын,
Жүрөктөрдөн гана Өзүмө жай табамын» дейт Алла Таала
Ибрахим Хаккы

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message