Кайдасың, көп жылдар бою бизди кусадар кылган азамат? Кайдасың, кыялдарыбызды ээлеген каарман? Кайдасың, кайрадан тирилүүнүн сүйүнүчтүү кабарынын кабарчысы? Азаптуу күндөрдө, уйкусуз түндөрдө сенин жолуңду карап күттүк. Алыстан көрүнгөн ар бир караанды сен окшойт деп салтанат менен жол тосуп чыктык. Күн батаарга чейин зарыга күтүп, кайгылуу үйүбүзгө кайтканда таттуу кыялдарыбыз менен гана өзүбүздү сооротобуз.

Ар бир күн кайгы-капа менен башталып, ички дүйнөбүздү эзип, душмандарыбыз эсирип, чөйрөгө ызы-чуу салып жатышты.

Кайдасың, качан келесиң даңазалуу азамат. Жүрөктөр өлүм алдында турат. Эгер тирүүлүк тартуулаган демиң менен жардамга келбесең, какыраган чөлдөрүбүздө, суусу кургап калган көлдөрүбүздө жалбырагы төгүлбөгөн гүлдөр калбай калат. Багбан келип, бакчалар бузулгандан бери кылымдар карыды. Биз учу-кыйыры билинбеген бул чөлдө жолуккан ар бир кербенден, Юсуфтун көйнөгүн сурагандай, сенин дайын-дарегиңди сурадык жана сабыр менен жаңыдан таңдын атышын күтүп жаттык. Жымжырттык өкүм сүргөн бул ээн талаа, эрме чөлдөрдө чымындарды бүркүт деп мактадык. Биз артынан чуркабаган кербен калбады. Бирок, сен эч биринде жок элең. Биз жолуккан дөө-шаалар кымындай ой-пикирге ээ эмес эле. Руханий дүйнөсү кыйрап, пикирлери урандыга айланган, ойлору кыска, баяндары болушунча уятсыз эле. Аларда биз күткөн каармандын белгилери жок эле.

Убакыт биз үчүн ар дайым мухаррам айы, жер Кербела болду. Көкүрөгүбүз Хусеиндин онтоолору менен сыздайт. Көздөрүбүз караңгылыкта айды издегендей, сенин жолуңду карап, сени кыялданып, сени көргүбүз келди. Сени сагынып, кусалыктын сары оорусуна чалдыктык.

Сени оопалуу, сезимтал, боорукер, жөндөмдүү деп тааныдык. Сенин чөйрөңө кирген кем болбоду.Сени сүйгөндөр ыйласа, ыйлап, күлсө, күлдүң. Алар үчүн кайгырып, алар үчүн кубандың. Ыйык жүрөгүңө, обологон рухуңа материалдык жана дүйнөлүк нерселер сага тузак боло алган жок. Оопалуу, кайрымдуу жана ыкыластуу элең..!

Тоодой оор жүктү мойнуңа алып жатканда, кандай жоопкерчиликтүү экендигиңди сезип турдуң, бирок, чечкиндүү элең. Ошондуктан, жолдордун тик болушу жана башка тоскоолдуктар сенин эркиңди майтара албады. Бирөөгө ашык болгон адамдай түшкөн бул жолуңда “Түштүк ашыктык жолуна, бизге текебердик керек эмес.” дедиң..!

Бир жолу, Досуңдун бутуна тикен кириши менен сенин өмүрүңдүн кыйылышын салыштырышканда, ачуудан тутугуп, миң жаның болсо да, Досуңдун бир тал чачы үчүн курмандыкка чалбай коюуну оопасыздык деп эсептээриңди айткан элең! Кайдасың Хубайб!

Сенин колдоруңду кесип, буталган дарактай жерге сулатышкан эле. Сенин ийниңде башың гана калган болчу. Сен бейиш үрлөрү ашык боло турган ал улуу башыңды коргогуң келди жана эсиңде болсо, мындай деп айтып жаттың: “Бул баш ийинде турганда, Ага келип тие турган нерселерди төшүм менен тоспосом, оопасыздык кылган болом” Кайдасың Мусъаб!

Эсиңде болсо, бир жолу кол курап, алыскы жортуулага чыккан элең. Жалындуу элең. Жер жүзүн бир чабуул менен багындырып, улуу башчынын өкүмдарлыгы алдына киргизип берүүнү каалагансың. Аскерлериң менен бир демде отпарастардын өлкөсүнө кирип бардың жана аларга чаң тополоң салдың. Кисранын жерлери чаң топуракка көмүлүп жатып калды. Андан кийин Византияны багынттың. Көптөгөн кылымдардан кийин келе турган, жаш түрк аскербашчысына жолбашчылык кылдың жана Константинияга бара турган жолду ачтың. Кызыр белең, Ильяс белең? Сен басып өткөн жерлерге гүл бүтүп, сен кадам таштаган жердеги урандылар шаарларга айланды. Дос, душман сенин кылычың көктөн түшкөн деп ишенип, аскерлериң сени адамдарды тарбиялоо үчүн жиберилген периште деп таанышчу. Ийгиликтериң биринин артынан экинчиси жаралып жаткан учурда, сен мактоо күткөн ооздон сенин кол башчылыктан бошотулгандыгыңды уктуң. Бир күнөөкөр сыяктуу ал Улуу Заттын алдында турганыңда Ал: “Эл ийгилик, жеңиштин баарын жеке сен жасап жаткандыгыңа ишенип алышты, чындыгында..” деп айтканын укканыңда, Анын сөзүн туура таап, сен тууралуу чыгарылган өкүмгө баш ийгендигиңди билдирдиң. Андан кийин ошол убакытка чейин сенин кол алдыңда жүргөн бир адамдын буйругу алдына кирип, улуу ой-максатың үчүн күрөшүүнү уланттың. Алла үчүн айтчы, булардын баарына кантип чыдадың? Кайдасың, Халид…!

Бир жолу сени ошол күнгө чейин эч жанынан ажырабаган бир тууганың менен сүйлөшүүдөн тыйып коюшкан эле. Согуш майдандарында жанаша, дасторкон үстүндө жанаша отуруп жүргөн бир тууганың менен сүйлөшпөшүң шарт коюлган. Буйрук жогору жактан келгендиктен, сен бул буйрукка баш ийүүгө чечкиндүү элең. Жаныңдан артык көргөн ошол Улуу Заттын урматы үчүн айтчы мага! Сен ага “билбейм” дегенден башка сөз айттыңбы? Айтпасаң, бул кандай чынчылдык, бул кандай оопалуулук, бул кандай эрк! Кайдасың, Абу Катаада!

Дагы бир жолу сен мугалимиңин алдында бара жаткан элең. Атыр суу менен жуулган чапаныңа анын атынын туягынан ыргыган ылай чачыраган эле. Сен ошол күнү бир өкүмдар болчусуң. Дүйнөнүн өкүмдары элең, Ирандык сага көз каранды, Мамлуктар сенин кулуң болчу, “Арстандар сенин каарыңды көргөндө титиреп турган” учуруң эле. Сен ошол ылай болгон чапандын каза болгонуңда табытыңа оролушун осуят кылдың. Сен эмнесин? Суфийсиңби? Дербишсиңби? Жерде жүргөн бир периштесиңби? Кайдасың ..!

Жолуңду карап, сенин келишиңди самап, тилимде сени күтүп созолонткон кусалык кайрыктарын ырдап жатканда, жүрөгүмдүн кылдарын чертким келди. Аттиң ай! Бул татаал баяндын бир кичинекей бөлүмүн дагы жеткире айта албадым. “Мен ал кайрыктан катуу толкундап, аны айтып бере албадым.” Көздөрүбүздү сен биринчи жолу келген жолдон айрый албай калдык. Узак жылдар бою келечекке болгон үмүтүбүздү көкүрөгүбүздө сактап келдик. Кыялдар менен жетиндик. Ушул үмүт менен, ушул эрк менне түбөлүк, ар бир таңда сени издеп, ар бир кербенден сени сурайбыз. Биздин жалгыздыгыбыз, душмандарыбыздын чектен чыгып, кутуруулары бизди сенин жолуңдун мажнундары болуудан баш тарттыра албайт…!

Бул жолдо балким, миң жолу алданабыз, миң жолу жылдыз курттарды карай чуркайбыз; бирок сенин жолуңда жалган нерселерге дагы жүрөгүбүздү чыгарып тартуулоодон баш тартпайбыз…

Эй, таттуу түштөрдүн каарманы! Эл көрсүндүктүн, атак-даңктын, бийлик-мансаптын жаркын үмүттөрүбүздү булгоого аракет кылып жаткан ушул күндөрдө, сага муктаж болгон жүрөктөрдү дагы көпкө күттүрбө..!

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message