Балдар көрө турган жерде ибадат жана дуба кылуу

Home » Kыргызча (KG) » Чыгармалары » Чырпыктан чынарга же үй-бүлөдөгү таалим-тарбия » Балдар көрө турган жерде ибадат жана дуба кылуу

Үйдө ибадат кылына турган жай жана бөлүнгөн убакыт болушу зарыл. Беш убакыт намазды мүмкүнчүлүк болсо үйдө жамаат менен окуп, же баланын колунан кармап мечитке алып баруу керек. Бул акыркы айтылган нерсе, көбүнчөсү эне намаз окуй албай турган учурларда өтө пайдалуу болушу мүмкүн. Ооба эне кээ бир учурларда намаз окуй албай калган учурларда аны көргөн бала “намаз окубай, дуба кылбай койсо деле боло берет” деген ойго түшүп калбоосу үчүн ал күндөрдө мечитке баруу, маселенин олуттуулугун билдирүүдө чоң рол ойнойт.

Андай маселени төмөндөгүчө жол менен чечүүгө дагы болот: Аял намаз окуй албай турган абалында даарат алып, жайнамазына отуруп, алакан жайып дуба кылат; ал, намаз окугандай сооп алып, бала дагы туура эмес түшүнүктөн сактанган болот. Фыкх китептеринде ушундай дагы ой айтылган. Тарбиялык жагынан мунун дагы мааниси чоң. Ушунун натыйжасында бала ар дайым Аллага кулчулук жана дубага күбө болот. Мына ошондуктан бала аялзатынын өзгөчө абалдары тууралуу түшүнө ала турган жашка келгенге чейин кээде аны колунан кармап, мечитке алып барышыңар туура болот.

Азан айтылганда балдарыңар “Ата, намазга!” деп ойгото турган, силер жумуш менен алек болуп азанды укпай калсаңар, “Намазга” деп чакыра турган күн келет жана белгилүү бир убактарда анын эсине салган нерселериңерди силердин эсиңерге салат.

Ошондой эле күндүн белгилүү бир учурунда Аллага дуба кыла турган атайын убактыңар болушу керек. Абалтадан белгилеп алган учурларда Улуу Жаратуучунун алдында ички сезимдериңерди Ага айтып, жалбарып жалынып кайрыла турган Жалгыз Зат Алла Таала экендигин кыймыл-аракеттериңер менен көрсөтүшүңөр керек. Дубаны жарыя айтуу пайдалуу болот. Алла Элчиси (САВ) кылган дубалардын бир тобун сахабалар Анын өз оозунан угушкан. Бул дубалардын көпчүлүгүн Азирети Аиша (РА) риваят кылган. Азирети Али, Азирети Хасан жана Азирети Хусейиндин (РА) дагы бул тууралуу риваяттары бар.

Демек, силер дагы чөйрөңөрдөгүлөргө угуза дуба кылып, алардын дагы үйрөнүп алышын көздөшүңөр керек. Эгер балдарыңардын сезимтал болуусун, Алла Тааланын аты айтылганда коркуп туруусун кааласаңар оболу өзүңөр ошондой болушуңар шарт.

Өмүрүмдө мен унута албаган окуялар бар, аларды эстеген сайын коркуп кетем. Чоң энемдин Алла Таала менен болгон байланышынын мага чоң таасири бар. Чоң энем дүйнө салганда мен кичинекей бала болчумун, бирок, маркум атам дин тууралуу айтса же Куран окуса чоң энем күңгүрөнүп, термеле баштачу. Анын жанында “Аллах” деп айта турган болсо, жүзү саргарып, күн бою ал сөздүн таасири байкалып турчу. Менин руханий дүйнөмө анын ушул абалынын чоң таасири болгон. Ооба, көп окубаган жана билген нерсесин аткарууга аракет кылган чоң энемдин чын ыкыласы менен кылган кыймыл-аракеттери, ыйлап-сыздаганы мага чоң таасир калтырган. Мен бир топ улуу адамдардын алдында отуруп, алардын күчтүү баяндарын уктум. Бирок, чоң энемдин тарбия берүүчү кыймыл-аракеттеринен алган сабакты алардын эч биринен ала албадым. Мен мусулмандыгымды үйрөнүүдө жалпысынан чоң энеме жана ата-энемин чын ыкыластуу кыймыл-аракеттерине карыздармын деп ойлойм.

Теманын сыртына чыктык, темага кайрылам, ооба, үй-бүлөдө ата-эне өз кыймыл аракеттерин жакшы жөнгө салуусу өтө маанилүү. Жогоруда дагы айтып кеткенибиздей белгилүү бир сааттарда Улуу Жараткандын алдында туруп, жан дүйнөңөрдү Ага ачканыңар, айрыкча балдарыңардын жанында Ага кулчулук, дуба кылышыңар өтө маанилүү. Баланын, эң негизги маселелерибиздин бири болгон акыретибиз үчүн жан үрөп жаткандыгыбызга күбө болушу, акыретти ойлоп, үмүттүү көз жаштарыбызды төккөндүгүбүздү көрүшү эч убакта анын эсинен чыкпайт. Негизинде биз, Улуу Жараткандын алдында Аны көрүп тургандай ибадат кылышыбыз парз. Рүкү, саждабыз Алланы эске салып тургандай көрүнүштө болушу керек. Алланын алдындагы абалыбызды төмөнкүдөй сүрөттөсөк болот: Биз Алла менен бетме-бет келип, Улуу Жаратуучу: “Эй кулум, тур, өмүрүңдүн эсебин бер” деп, биз Улуу Эгебиздин мээриминен үмүт кылып тургандайбыз. Алланын улуулугун жана өзүбүздүн кичиктигибизди толук сезип турушубуз кандай укмуш! Дайиф бир хадисте Алла Элчиси (САВ): “Менин Алла менен (байланышта болгон) бир учурум бар, ал учурда периштелер дагы мага жакындай албайт” – деп айтат. Ооба, Улуу Жараткан менен байланышта болгон бир саатыбыз – жаркын бир учур болушу керек. Бала дагы убагы келгенде ошол күбө болгондорун кулчулугунда аткарат. Ырас ал келечекте, пикир жана кыймыл-аракет жаңылыштыгына түшүү коркунучу менен бетме-бет келип калганда ушул күбө болгон нерселери жардамга келип, аны колдон алат.

Буга таң калбагыла, себеби Куран Юсуф сүрөсүндө, окшотуу туура болсо, бизге ушундай психологиялык ишаара берет. Чындыгында биз, аялга карата Юсуфтун ичинде бир сезим пайда болду деп ойлобойбуз; бирок Курани Карим: “Эгер, Раббиси берген белгини көрбөй калганда!”- деп айтат.(Юсуф,12/24)

Чындыгы талаштуу болсо да, тафсирчилердин көпчүлүгүнүн ою боюнча, Куранда айтылган белги, Азирети Якуб (АС) руханий абалда көрүнүп, “Юсуф” деп үн катуусу, ал аруу инсанды толук моралдык бекемдикке чакырганда Юсуф (АС) “Алладан корком”. (Юсуф, 12/23) дейт.

Мына ушул сыяктуу жаза таюулардан тосуу үчүн силердин чын ыкыластан ыйлап-сыздоолоруңар дагы өтө маанилүү. Булар баланын жан дүйнөсүндө катылган өлбөс өрнөктөр жана балаңар жаман ишке карай кадам таштай турган болуп калганда кыялында силердин: “Балам сен эмне кылып жатасың?” деген сөзүңөрдү уккандай болуп, жаман иштерден артка кайтат.

Share:

More Posts

fethullah gulen 82 0b9 scaled

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.
Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат: “Түркияда башталган аскердик…

fethullah gulen hocaefendiden paris katliamina kinama hayatini kaybedenlere taziye mesaji 081

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.
Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок,…

fethullah gulen 52 b70 scaled

Экстремизм исламдык принципке каршы

Өздөрүн “Ислам мамлекетин куруучулары” катары жарыялашып, дүйнө жүзүнө ИГИЛ же ИШИМ деген ат менен таанылган террордук топ Жакынкы Чыгышта адам канын суудай агызып жаткан учуру. Аныгы бул көрүнүш Ислам динине жат экенин бөлөк дин өкүлдөрүнүн көбү биле бербейт. Дегеним, мындай бузукулуктун кесепети мусулмандар менен бөлөк диндин өкүлдөрүнүн ортосунда ажырымды жаратып, ал тургай Ислам жөнүндөгү тескери…

Bir Nefes Sihhat

Акыйкат жолдо кызмат кылуу

Адамдарга кызмат кылууну көздөбөгөн адамдын жашоосу миң бир түркүн жырткычтыкка даяр айбандардын жашоосунан айырмасы барбы?
* * *
Туура жана жакшы иштерди баалап, алкыштоо – акыйкатты сыйлагандык болуп саналат. Өздөрүнүн жолу гана туура деп эсептегендер, көп өтпөстөн эле элден четтеп калат жана акыйкат жолдо туруктуу боло алышпайт.

14 yolsuzluk anketi

Карама-каршылыктар

Жан дүйнөң тазаланып, адамдык улуу сапаттарга жетүүнү каалайсың, напсиңдин кулчулугунан кутула албагандан кийин бул кантип болсун?!
* * *
Алланын бирдигин бүт көңүлүң менен кабыл алып, руханий ырахатка баткың келет. Бирок, көөдөнүңдү көөдөй ойлор бийлеп, напсиңдин каалоолоруна моюн сунуп турасың!
* * *
Канат кагып, оболоп жогорку ааламдарда кезип жүргүң келет, бирок бала сыяктуу бул дүйнөнүн баткак-балчыгынан чыккың келбейт!
*…

9 cumhurbaskani suleyman demirel icin verdigi taziye mesaji 7f2

Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.
* * *
Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.
* * *
Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу,…

az.fgulen.com erzurumda ikinci gun qorucuq kendi 5

Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.
* * *
Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын…

mehmed kirkinci hocaefendi icin verdigi taziye mesaji 6d6

Таарынбастан чыдоо керек

Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!
* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды… Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.
* * *
Алланын ыраазычылыгын…

angegriffenen rabbiner daniel alter b2d

Максат жана себеп

Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.
* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер…

Her Zaman 1

Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.
* * *
Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу…

Send Us A Message